Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 11-августу № 93
Банктар жана банк иштери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 22-июлундагы № 132, 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 28-майындагы № 107 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам банктык ишти жүзөгө ашыруу маселелерин, банктарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартибин, банктык сырды түзгөн маалыматты колдонуу тартибин жөнгө салат.
11. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттарына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.
2. Банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын иши, эгерде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөндөлөт.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 , 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары - Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму.
2. Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери банктык укуктук мамилелерге карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин ортосунда коллизия болгон учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда коллизия болгон учурда банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
4. Банктык укуктук мамилелерди козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.
3-берене. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мыйзамдуулук, чынчылдык, ак ниеттүүлүк, айкындуулук, акыл ченемдүүлүк, адилеттүүлүк, социалдык жоопкерчиликтүүлүк;
2) банктык иштин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу;
3) банктык иштин жана каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерин пайдалануу;
4) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында жана эл аралык банк стандарттарында каралган жалпы кабыл алынган негиз болуучу башка принциптер.
4-берене. Банктык ишин жана каржылоонун ислам принциптери
1. Кыргыз Республикасында салттуу банктык иш жана кредиттөө менен бир катарда банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери да колдонулат.
2. Банктык ишин жана каржылоонун ислам принциптери - банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү шариат стандарттарына ылайык жүзөгө ашыруунун принциптери жана эрежелери.
Шариат стандарттары деп исламдык банктык ишти жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү зарыл.
3. Өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
5-берене. Банктык терминология Эгерде ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка банктык мыйзамдарында башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык тажрыйбада жалпы кабыл алынган мааниде түшүнүү зарыл.
2-глава
Банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүгө, маалыматтарды ачууга карата негизги талаптар. Кардарлардын укуктары жана кызыкчылыктары
6-берене. Банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн негиздери
1. Банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу юридикалык жактарды, жеке адамдарды, жеке ишкерлерди түшүнүүгө болот.
2. Кардарлар финансы-кредит уюмун жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо эркиндигине ээ. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын талабы боюнча уюштуруу, уруксат документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
Ушул главанын жоболору банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга, анын ичинде өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучуларга банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.
7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачуу
1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.
2. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүлгөнгө чейин кардарга көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтардын толук ачылышы камсыз кылынууга тийиш.
Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти толук түшүнгөнүнө ынанууга милдеттүү.
4. Пайыздык ставкалар жана валюталардын алмашуу курсу жөнүндө маалыматты кошпогондо, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн жалпы шарттарынын өзгөрүүсү жалпыга маалымдоо каражаттарында же расмий интернет-сайттарда, алар күчүнө киргенге чейин кеминде он жумуш күнү мурда жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында туруктуу негизде жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык ставкалардын жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат токтоосуз жарыяланат.
5. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарга ылайык ачып көрсөтөт.
8-берене. Келишимдерге карата талаптар
1. Кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Кардарлар менен банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлүүчү келишимдер ошондой эле шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Келишимдердин тексттери бирдей өлчөмдөгү ариптер менен жазылышы, кардардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн абдан түшүнүктүү жана жеткиликтүү баяндалууга тийиш. Келишимдин тексти мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге которулушу мүмкүн. Зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банк эсептеринде турган акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кодекстеринде жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча аларды кайтарып берүүгө милдеттүү.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган алдамчылык аракеттерине шектенүүлөр болгондо банктык эсеп боюнча чыгаша операцияларын 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен кардарга эсеп боюнча операциялар токтотулгандыгы жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз.
3. Банктык эсептер жана аманаттар менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Жоопкерчиликтүү кредиттөө
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттөө ишин (каражаттарды жайгаштыруу) жоопкерчиликтүү кредиттөө: ак ниеттүүлүк, айкындуулук, аныктык, зайымчыларга карата өнөктөштүк принциптерин сактоо, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүүгө милдеттүү.
Зайымчылар кредиттөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө кайрылууда терең ойлонулган жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар зайымчыларды кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү:
1) кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставка кредит берүү датасына карата декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставкадан ашпоого тийиш;
2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, кредиттик продукттун толук наркы тууралуу маалыматты кошуп алганда, кардарларга (мүмкүн болуучу зайымчыларга) кредит берүү шарттары жөнүндө толук маалыматтарды толугу менен ачып берүү камсыз кылынууга тийиш. Улуттук банк маалыматтарды ачып берүүгө карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу;
3) зайымчыга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарбаганын же талаптагыдай эмес аткарганынын кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;
4) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин зайымчынын айкын төлөө жөндөмдүүлүгү Улуттук банктын талаптарына ылайык кылдат изилденүүсү керек. Зайымчыга - жеке адамга карата анын инсандыгы, жумуш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, чыгашаларынын өлчөмү, багуусунда тургандардын саны жана башка көрсөткүчтөрү кылдат иликтенүүгө тийиш;
5) кредиттик келишимдин шарттарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле зайымчы менен макулдашылганына карабастан, акы төлөнүүчү негизде башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга тыюу салынат;
6) кредиттик келишимде кардардын келишим түзгөндөн кийин акча каражаттарын алганга чейинки мезгил аралыгында же болбосо лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөгө чейин, акысыз негизде кредит алуудан баш тартуу укугу каралууга тийиш;
7) кредиттик келишимде кардардын каалаган убакта эч кандай комиссиясыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредитти (лизингди) мөөнөтүнөн мурда жабуу укугу каралууга тийиш;
8) кайрылганда зайымчыларга кредит боюнча иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө толук маалымат, ошондой эле кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен өзгөртүлгөн төлөө графиги берилүүгө тийиш;
9) эгерде бул зайымчынын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок;
10) мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк белгилеген мааниден ашпоого тийиш;
11) эгерде күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү процессинде тараптардын келишиминде сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жай түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.
2-1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кредиттик келишимди же акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүүнү караган башка келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзгөнгө чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эгерде тыюу салуу мындай келишимге жайылтылса, кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролордон сурап алууга. Банктык кызмат көрсөтүүчү адамдарга мындай маалыматты берүү кредиттик бюролор тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Мында кредиттик бюролор Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу бар экендиги/жоктугу (алынгандыгы) тууралуу маалыматты өз убагында бербегендиги, актуалдуу эмес, жалган маалымат бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат;
2) кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга.
Банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан ушул бөлүктүн талаптарын сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.
3. Улуттук банк кредиттер жана башка операциялар боюнча күрөөлүк камсыз кылуунун минималдуу чегин, кредит боюнча төлөм өлчөмүнүн зайымчынын кирешесине карата максималдуу катышын жана жеке адамдарды кредиттөөгө карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Комиссиялык сый акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар
1. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача каралбаса, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча белгиленет.
Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банк операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттарын өз алдынча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгилөөгө укуктуу. Улуттук банк банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана тарифтердин өлчөмүнө карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды колдонууга укуктуу, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө кошумча талаптарды, анын ичинде пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин экономикалык негиздүүлүгүнө карата талаптарды белгилейт.
2. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмү жана банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.
3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматты жарнамада, жарыялоодо көрсөтүүдө жана жайылтууда берилүүчү кредиттер боюнча номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жана комиссиялык сый акы жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл.
4. Номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде салыштырылып эсептөөдө көрсөтүлүшү керек.
5. Кредиттик келишимди түзгөнгө чейин банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалардын өлчөмү жөнүндө маалымат менен бир катарда, кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кардарга кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча кредиттин негизги суммасынын азайган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продукттарды пайдаланууга жол берилбейт.
7. Эгерде бул кардардын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, мөөнөттүү аманаттар жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугун банк бир тарап-туу тартипте өзгөртүшү мүмкүн эмес.
(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Кайрылууларды кароо. Талаш-тартыштар
1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банктык мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароо тартибин жөндөөчү документтерге ээ болууга милдеттүү. Кардарлардын кайрылуулары отуз календардык күндөн кечиктирбестен, жазуу жүзүндө жооп берүү менен каралууга тийиш.
2. Кардарлардын каралган кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте үч жылдан кем эмес сакталышы керек.
3. Келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштар, эгерде алар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилүүгө тийиш.
13-берене. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын жоопкерчилиги Ушул главанын талаптарын бузгандыгы үчүн банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактарга карата Улуттук банк ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
II БӨЛҮМ. БАНКТАР
3-глава. Банктын укуктук абалы. Банктарды уюштурууга карата негизги талаптар
14-берене. Банк
1. Уюштуруу-укуктук формадагы акционердик коом (жабык же ачык) түрүндө түзүлгөн жана ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү тиешелүү лицензиянын негизинде банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу юридикалык жак банк болуп саналат.
Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, банк деп чет өлкөлүк банктардын филиалдарын да түшүнүү зарыл. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын ишине өзүнчө ченемдерди жана талаптарды белгилөөгө укуктуу.
2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. Банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо үчүн Улуттук банк тарабынан берилген банкты уюштуруу жөнүндө уруксаты көрсөтүлөт.
3. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банктын өзүнүн фирмалык аталышы, капиталы жана башкаруу органдары болот.
4. Банк Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
5. Ислам банкы же "ислам терезеси" бар банк өз ишин Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын негизинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырат.
6. Мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана кийлигишүүнү эске албаганда, банктардын мыйзамдуу ишине кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат.
7. Банк мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Мамлекет мындай милдеттенмелерди өзүнө алган учурларды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралган учурларды кошпогондо, мамлекет банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Банк Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
15-берене. Банктын фирмалык аталышы
1. Банк өзүнүн толук жана (же) кыскартылган расмий фирмалык аталышына ээ болот. Банктын фирмалык аталышы анын уставында көрсөтүлөт. Банктын фирмалык аталышында анын уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү (банк) камтылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Банкка өзүнүн фирмалык аталышында же символикасында кайсыл тилде, кандай болбосун сөз айкалышында, толук же кыскартылган түрдө "мамлекеттик", "государственный", "Кыргызстан", "Кыргыз", "Кыргызский", "Улуттук", "Национальный", "Борбордук", "Центральный", "Кыргыз Банкы", "Банк Кыргызстана" деген сөздөрдү, "НБКР", "ЦБКР", "КРУБ", "КРББ" деген аббревиатураларды колдонуусуна тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүүчү банктардын фирмалык аталыштарында чаташтыруу деңгээлине чейин окшош же окшошуп кеткен белгилөөлөрдү фирмалык аталыш катары пайдаланууга жол берилбейт.
4. Банкка расмий аталышынан башка фирмалык аталышты пайдалануусуна тыюу салынат. Банктын өзгөрүлгөн фирмалык аталышы, мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып он жумуш күнү ичинде банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
5. Башка юридикалык жактарга өз аталыштарында "банк" деген сөздү жана андан келип чыккан туунду сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.
6. Өз ишин тиешелүү лицензиянын негизинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктар гана банктын фирмалык аталышында "исламдык" деген сөздү пайдаланууга укугу бар.
7. Банктын фирмалык аталышы Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, Улуттук банк ага макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу.
16-берене. Банкты уюштуруу
1. Банк ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштурулат.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген жеке адамдар жана/же юридикалык жактар банктын уюштуруучулары боло алышат.
3. Төмөнкүлөр банктын уюштуруучулары боло алышпайт:
1) оффшордук чөлкөмдөрдүн аймагында жашаган жана/же катталган, же катышуучу катары оффшордук чөлкөмдөрдө каттоодон өткөн аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар, алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Төмөнкүлөр аффилирленген жактар катары таанылат:
- юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;
- бир эле ошол юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;
2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар белгиленген мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке жана юридикалык жактар;
3) иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошуп алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошуп алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды беришкен, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн ырастай албаган жеке жана юридикалык жактар;
4) Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте банктын акцияларын сатып алууга багытталган каражаттардын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун ырастай албаган жеке жана юридикалык жактар;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөрү бар жеке жана юридикалык жактар.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар тарабынан банктардын акцияларын сатып алууга байланыштуу бүтүмдөрү жараксыз бүтүмдөр болуп саналат.
5. Банктык жана/же финансылык иш менен алектенбеген уюштуруучулар - юридикалык жактар, кандай болбосун добуш берүүчү акциялардын жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кыла албайт же башкара албайт же банкты контролдой албайт. Финансылык иштин жана банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштин түрлөрү жана критерийлери Улуттук банк тарабынан аныкталат.
6. Банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу боюнча банктын уюштуруучуларына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулат.
7. Банктын уюштуруучулары үчүн белгиленген чектөөлөр банктын акционерлерине, ошондой эле банктын капиталына чектүү катышууга ээ жактарга да жайылтылат.
Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн чектөөлөр банктын миң минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерине жайылтылбайт.
8. Эгерде алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптар уюштуруучуларга, акционерлерге, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын катышуучуларына жайылтылат.
17-берене. Банктын уюштуруу документтери
1. Банкты уюштуруу жана уюштуруучулардын өз милдеттенмелерин аткарганга чейинки мезгилде банктын негиздөөчү документтери катары уюштуруу келишими жана устав, ал эми андан кийин устав саналат.
2. Банктын уставында, мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) уюштуруу же жалпы чогулуштун уставды бекитүү тууралуу чечими жөнүндө маалымат;
2) мамлекеттик жана расмий тилдерде банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
3) банктын юридикалык дареги (жайгашкан жери);
4) банктын башкаруу органдары тууралуу жобо;
5) банктын башкаруу органдарынын чечим кабыл алуу тартиби;
6) чет өлкөлүк банктын филиалы же өкүлчүлүгү ачылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талап-тарын аткаруу жөнүндө жобо.
3. Банктын фирмалык аталышы, башкаруу органдары, уставдык капиталы өзгөргөнүнө, ошондой эле банкты башкарууга таасир этүүчү башка өзгөртүүлөргө байланыштуу банктын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.
4. Банктын капиталынын өлчөмүнө жана түзүмүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү кошпогондо, банктын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу банктын документтери жана тиешелүү өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жана макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болбогондо берилет. Банктын капиталына байланыштуу өзгөртүүлөр 3 айдын ичинде макулдашылат.
5. Банктын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби жана жол-жобосу Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) көрсөтүлгөн документтер коюлган талаптарга ылайык келбегенде же анык эмес документтер жана маалыматтар берилгенде;
2) эгерде акционерлердин жалпы чогулушунун чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынса;
3) эгерде уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген минималдуу өлчөмдөн аз болсо;
4) эгерде мурунку эмиссия боюнча акцияларга жазылуулар жүргүзүлбөсө, алардын толук наркы аныкталган мөөнөттөрүндө төлөнбөсө, же болбосо акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылса жана төлөнсө, же акцияларды сатып алууга багытталуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу ырасталбаса;
5) ушул Мыйзамга ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктын уруксаты болбогондо;
6) эгерде бул банктын ишинин туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирсе.
7. Банктын уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өтүүнүн жыйынтыктары жөнүндө банк мамлекеттик кайра каттоо тууралуу күбөлүктү алган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.
8. Уставдык капиталдын өлчөмү өзгөргөн учурда банк баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, бир айдын ичинде банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясын акыркы каттоонун жыйынтыгы тууралуу Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.
18-берене. Банкты уюштурууга уруксат берүү
1. Банктын уюштуруучулары банкты уюштурууга уруксат алуу тууралуу өтүнмө менен (мындан ары - уруксат) Улуттук банкка кайрылышат.
2. Уруксат алуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмекке, талаптарга жана тартипке ылайык документтер Улуттук банкка берилет.
3. Уруксат берүү өтүнмө жана бардык канааттандырарлык документтер келип түшкөн күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Уруксат берүү жөнүндө өтүнмөнү кароодо Улуттук банк маалыматтарды сурап алууга жана ыйгарым укуктуу органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен консультация жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде документтер Улуттук банктын талаптарына ылайык келбеген учурда, кароо мөөнөтүн эсептөө канааттандырарлык документтер алынган күндөн тартып башталат. Уруксат берүү мөөнөтү Улуттук банктын Башкармасынын чечими менен алты айга узартылышы мүмкүн.
4. Уруксат берүү жөнүндө өтүнмөнү кароонун жыйынтыктары боюнча Улуттук банк уруксат берүү же болбосо андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Уруксаттын колдонуу мөөнөтү - алты ай. Ушул мөөнөттүн ичинде уюштуруучулар өздөрү уюштурган банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана Улуттук банкка лицензия берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
5. Уруксат берилгенден кийинки жана лицензия алууга чейинки мезгилде банк жана анын уюштуруучулары уруксат берүүгө негиз болгон маалыматтарга кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө, өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.
6. Кайсы болбосун төмөнкү негиздер боюнча уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:
1) уюштуруу документтери жана башка документтер коюлган талаптарга ылайык келбесе же болбосо анык эмес документтер жана маалыматтар берилсе;
2) банктык топтун катышуучулары тууралуу маалыматтар жана документтер берилбесе же толук эмес көлөмдө берилсе, же болбосо банктык топко же банктык топтун катышуучулары менен байланыштуу жактарды натыйжалуу банктык көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес болсо;
3) акча каражаттарын алуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтар жана документтер берилбесе же толук эмес берилсе же болбосо акча каражаттарынын келип чыгышынын легитимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес болсо;
4) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) уюштуруучулар ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
6) банкта кызмат орундарын ээлөөгө талапкер жактар (кызмат адамдары) ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
7) чет өлкөлүк банк же финансы-кредит уюму тарабынан туунду банкты ачууда чет өлкөлүк көзөмөл органынын расмий макулдугу көрсөтүлбөсө же болбосо мындай макулдук уюштуруучунун өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай турганын ырастоо берилбесе;
8) Улуттук банктын баалоосу боюнча чет өлкөлүк уюштуруучуга - банкка же финансы-кредит уюмуна карата, ошондой эле катталган жери боюнча банктык топтун катышуучусун көзөмөлдөө, анын ичинде консолидацияланган негизде жетишсиз деңгээлде жүргүзүлсө.
7. Улуттук банк мурда берилген уруксатты төмөнкү учурларда жокко чыгарууга укуктуу:
1) алардын негизинде уруксат берилген анык эмес маалыматтар жана документтер табылганда;
2) эгерде уюштуруучулардын финансылык абалы начарласа же алардын негизинде уруксат берүүдөн баш тартууга мүмкүн болгон фактылар аныкталса;
3) Улуттук банктын макулдугусуз уюштуруучулардын курамында, уюштуруучу жана башка документтерде өзгөрүүлөр болгондо;
4) эгерде банктын уюштуруучулары уюштуруудан баш тартса же банкты уюштуруу боюнча кийинки аракеттерди жасабаса.
8. Уруксат жокко чыгарылган учурда Улуттук банк бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
9. Уруксат алуу тууралуу өтүнмө чакыртылып алынганда, ошондой эле уруксат берүүдөн баш тартканда же жокко чыгарылганда берилген документтер кайтарылбайт.
10. Улуттук банк берилген уруксаттар жөнүндө, уруксат берүүдөн баш тартылганы же берилген уруксаттын жокко чыгарылганы тууралуу маалыматтарды жарыялайт.
19-берене. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү
1. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн (мындан ары - лицензия) банктын уюштуруучулары уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Улуттук банкка лицензия берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Арызга документтер жана төмөнкү талаптардын аткарылганы жөнүндө маалыматтар тиркелет:
1) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн болгону;
2) минималдуу уставдык капитал толук төлөнгөнү жөнүндө ырастоо;
3) банктын орун жайларынын жана жабдууларынын Улуттук банк тарабынан белгилеген коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу;
4) алдыда турган финансылык жылга көз карандысыз тышкы аудиторду тандоо;
5) Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу органдарынын жана персоналынын (кызмат адамдарынын) болгону;
6) банктын бизнес-планынын, бардык негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болгону;
7) өз ишин жүзөгө ашыра баштагандан кийин капитал боюнча Улуттук банктын бардык ченемдерин жана талаптарын сактаганы тууралуу маалыматтарды берүү;
8) мүлктү коргоону, камсыздандырууну ички контролдоо тутумунун, техникалык, маалыматтык, технологиялык чараларынын болгону;
9) банктык ишти жүзөгө ашыруу үчүн маалымат тутумдарын жана коопсуздук тутумдарын ийгиликтүү тестирлөө;
10) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөө;
11) Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төгүмүн төлөө.
2. Улуттук банк лицензия берүү жөнүндө арызды 6 айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Улуттук банк баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен, төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) лицензия берүү жөнүндө арыз уруксатты колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
2) берилген документтер жана маалыматтар ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
3) эгерде ушул Мыйзамга ылайык уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкса.
4. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда берилген документтер кайтарылбайт.
5. Лицензия Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет. Лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси тиркелет.
6. Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу тартиби, ислам банктарынын жана "ислам терезесине" ээ банктардын статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.
7. Лицензия Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат, чектелбеген колдонуу мөөнөтүнө ээ, жеке таандык (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Банктык операцияларды лицензиясыз жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган банктык операцияларды жана банк иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияны албастан жүзөгө ашырууга укуктуу.
8. Улуттук банк лицензиясы бар банктардын реестрин жүргүзөт. Банктардын реестринен маалыматтар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат.
(КР 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Лицензияны кайтарып алуу
1. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алууга милдеттүү:
1) эгерде лицензия көз көрүнөө жалган документтердин негизинде, ошондой эле алдоо же башка мыйзамсыз жол менен алынган болсо;
2) эгерде банктык мыйзамдарда тыюу салынган кандай болбосун иштер менен алектенсе;
3) чет өлкө банктын филиалынан - чет өлкөлүк башкы банктын лицензиясы кайтарылып алынган учурда;
4) Улуттук банк ушул Мыйзамга ылайык банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүн белгилеген учурда.
2. Улуттук банк лицензияларды төмөнкү учурларда кайтарып алышы мүмкүн, эгерде:
1) лицензия алгандан кийин банк 12 айдын ичинде банктык ишти жүзөгө ашырууну баштабаса, же болбосо 6 айдан ашык банктык ишти токтотсо;
2) банк Депозиттерди коргоо фондуна милдеттүү төгүмдөрдү төлөбөсө;
3) банк өзүнүн бекемдигине жана туруктуулугуна таасир тийгизүүчү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын бузса;
4) банк мыйзамдуу негиздерсиз кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса;
5) банк Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка милдеттүү талаптарын аткарбаса, алардын аткарылбай калуусу кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарына айкын коркунуч жаратса;
6) банк башкаруу, ички контролдоо, банктын финансылык отчеттуулук менен байланыштуу маалыматтарды системалуу түрдө белгиленген мөөнөттө берип турбаса, же болбосо анык эмес маалыматтарды берсе;
7) банк кооптуу, ишенимсиз жана алгылыксыз банктык иштерди жүзөгө ашырса;
8) банк көз көрүнөө анык эмес маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыяласа же башка ыкмалар менен кардарларды өз иши жөнүндө адаштырууга алып келсе;
9) банк өз иш-аракеттери же аракетсиздиги менен инспектордук текшерүүлөрдү, түздөн-түз банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө, убактылуу администрациянын ишине тоскоолдук кылса;
10) банк ушул Мыйзамга ылайык тышкы аудитти жүргүзүүгө карата талаптарды бузса;
11) кайра уюштуруу жол-жобосунан улам банк өз ишин токтотсо;
12) банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөлдү жүзөгө ашырууда тоскоолдуктар келип чыкса;
13) банкты ыктыярдуу жоюу жөнүндө банктын өтүнмөсү канааттандырылса;
14) банк Улуттук банктын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча талаптарын аткарбаса;
15) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.
3. Лицензия кайтарылып алынган учурдан тартып, Улуттук банктын чечими боюнча кредиторлор менен эсептешүүлөрдү бүткөрүү учурларын кошпогондо, бардык банктык операциялар жана банктын башка иштери токтотулат. Лицензиянын кайтарылып алынышы ушул Мыйзамга ылайык банктын ишин токтотууга жана анын жоюлушуна алып келет.
4. Улуттук банк лицензияны кайтарып алуу тууралуу маалыматты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
21-берене. Банктын капиталы жана акциялары
1. Банктын капиталы пайда алуу жана банктын туруктуу өнүгүшүн, банк ишине мүнөздүү потенциалдуу жоготууларды жабууну камсыз кылуу үчүн кызмат кылат, кардарлардын банкка карата ишениминин кепили болуп саналат жана банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары аракеттенет.
2. Улуттук банк көзөмөлгө алуунун максаттары үчүн банктын капиталынын өлчөмүн, анын түзүмүн аныктайт, ошондой эле ага карата экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.
3. Банктын капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банктын капиталынын курамына акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча банктын милдеттенмелери болбогон жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келген уставдык капитал гана кирет.
Карыздык каражаттардын эсебинен уставдык капиталды түзүүгө, банктын акцияларын сатып алууга, ошондой эле банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга тыюу салынат.
4. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана акционерлердин (уюштуруучулардын) акча каражаттарынын эсебинен гана накталай эмес формада түзүлөт. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
5. Банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акциялардын эмиссиясын жүзөгө ашырат.
7. Банктын уставдык капиталын түзүүдө же өлчөмүн көбөйтүүдө акциялар үчүн төлөө, ушул Мыйзамда каралган банкты кайра түзүмдөштүрүү же кайра уюштуруу, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн пайданы банктын уставдык капиталын топтоо үчүн багыттоо учурларын кошпогондо, акча каражаттары менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Банктын уставдык капиталынын өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер менен түзүүгө же көбөйтүүгө жол берилбейт.
8. Банк жеке таандык гана акцияларды чыгара алат. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Артыкчылыктуу акциялардын көлөмү банктын уставдык капиталынын жыйырма беш пайызынан ашышы мүмкүн эмес.
9. Банк өз акцияларын күрөөгө алууга жана сатып алууга укугу жок.
10. Лицензия алганга чейин банк Улуттук банкта ачылган эсепке минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө каражат салууга милдеттүү.
11. Банкка акционерлерге жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддердин төлөнөрүнө кепилдик берүүгө тыюу салынат.
12. Улуттук банк дивиденддерди төлөөгө тыюу салууга же болбосо чектөөгө төмөнкү учурларда укуктуу:
1) эгерде бул банктын экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү бузуусуна алып келсе;
2) эгерде банктын капиталынын адекваттуулук коэффициенти Улуттук банк белгилеген минималдуу чектен төмөн болсо;
3) эгерде потенциалдуу жоготууларды жана чыгымдарды жабууга резервдер Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө;
4) эгерде банктын өткөн жылдар жана/же отчеттук жыл үчүн жабылбаган чыгымдары бар болсо;
5) эгерде банктын финансылык абалы начарласа;
6) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
22-берене. Банктын капиталына чектүү катышуу
1. Банктын капиталына чектүү катышуу - жеке өзү же башка жактар менен биргеликте банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп, жыйырма жана андан көп, отуз үч жана андан көп, элүү жана андан көп, алтымыш жети жана андан көп пайызына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу (чектер).
2. Жеке өзү же башка жактар менен биргеликте акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына көз карандысыз, мурастоону же менчик укугун калыбына келтирүүнү кошуп алганда, олуттуу катышууну жана контролдоону, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу жолу менен банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга ниеттенген кандай болбосун жеке же юридикалык жак Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу, ошондой эле бир же бир нече бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында олуттуу катышуучу болуп калган же мурда банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктын уруксатын алган жакты контролдоону жүзөгө ашыруучу жакка да талап кылынат. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жактардын олуттуу акционерлеринин (катышуучуларынын) курамына өзгөртүүлөр, ушул жактар ушул Мыйзамдын 16- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген чектөөлөргө туш келбеген шарттарда, Улуттук банктын уруксатын алуу талап кылынбайт. Мында банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон жак Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык мындай жактар жөнүндө документтерди жана маалыматтарды Улуттук банкка көрсөтүшү керек.
3. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон, жеке өзү же башка жактар менен биргеликте менчиктен ажыратып алуу ыкмасына көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир этүүчү сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай болбосун жеке же юридикалык жак бүтүм жасалганга чейин бир ай мурда бул тууралуу алдын ала Улуттук банкка кабарлоого, ошондой эле мүмкүн болуучу сатып алуучуга ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктан алдын ала уруксат алуунун зарылдыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
4. Олуттуу катышуу - жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргеликте, акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп пайызына же болбосо акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он жана андан көп пайызына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу.
5. Контроль - жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргеликте:
1) акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын элүү пайызынан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу; же
2) юридикалык жактын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кеминде жарымын шайлоо мүмкүнчүлүгү; же
3) юридикалык жактын капиталына катышууга көз карандысыз, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоочу таасир этүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү.
6. Кыйыр ээлик кылуу - банктын башкаруу органдарынын же анын олуттуу катышуучуларынын же болбосо банкка же банктык топтордун катышуучуларына контролду жүзөгө ашыруучу жактардын чечим кабыл алуусуна үчүнчү жак аркылуу олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү.
7. Ушул Мыйзамдын максатында жактар төмөнкү учурларда банктын акцияларына биргелешкен ээлик кылуучу катары таанылат, эгерде алар:
1) жакын туугандары болуп саналышса (жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелери);
2) банктын кызмат адамдары - акционерлери болуп саналышса;
3) өз-өзүнчө же биргелешкен олуттуу катышуучулар болуп саналышса;
4) келишимдин күчүнөн же башкача акцияларга биргелешип ээлик кылышса:
а) банкты башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө;
б) акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө;
в) акциялар боюнча добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндө;
г) акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башка негизде башкаруу укугу менен депонирлөө жөнүндө;
д) акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынганда;
е) ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүлчүлүктө;
ж) жалпы кызыкчылыктар болгондо.
8. Төмөнкү шарттардын бири болгон учурда, эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактар ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар деп таанылат, эгерде:
1) бир юридикалык же жеке жак башка юридикалык же жеке жакты контролдосо;
2) ошол жактар банк менен байланышкан жактар болуп саналса;
3) ошол жактардын бири башка жактын көз каранды компаниясы болуп саналса.
23-берене. Иштеп жаткан банктын капиталында чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу тартиби
1. Банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат алуунун тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
2. Уруксат алуу үчүн кызыкдар жак тиешелүү документтер жана маалыматтар тиркелген арыз менен Улуттук банкка кайрылат. Улуттук банктын талаптарын канааттандырбаган документтер кароосуз кайтарылып берилет.
3. Улуттук банк келип түшкөн арыз боюнча чечимди арыз кабыл алынганы жөнүндө арыз ээсине билдирген күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Улуттук банк арызды кароонун мөөнөтүн отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. Улуттук банк өз чечимин - макулдугун же баш тартууну арыз ээсине жазуу жүзүндө маалымдайт. Баш тартуу жүйөлөнгөн болушу керек.
4. Улуттук банк арызды канааттандыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) арызды канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумунда монополияга алып келиши мүмкүн болсо;
2) арыз ээсинин финансылык абалы канааттандырарлык эмес болсо. Канааттандырарлык эмес финансылык абалдын критерийлери Улуттук банк тарабынан белгиленет;
3) арыз ээсинин, анын бенефициардык менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын (эгерде арыз ээси - юридикалык жак болсо) ишкердик аброю кынтыксыз эмес экенин күбөлөгөн фактылар болсо;
4) арыз ээси бурмаланган же анык эмес (жалган) маалыматтарды берсе;
5) арыз ээсинин мыйзамсыз финансылык же башка иштерге катышканы же катышып жатканы жөнүндө ишенимдүү маалыматтар болсо;
6) арыз ээсинин буга чейинки иши банкроттук менен аяктаса же кайсы бир юридикалык жактын банкроттугуна же олуттуу финансылык чыгымга учуроосуна өбөлгө түзсө;
7) арыз ээсинин - юридикалык жактын банктын контролдоочу адамдарынан болууга ниеттенген кызмат адамдары банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
8) банк аманатчыларынын кызыкчылыктарына зыян келтирилиши мүмкүн болсо же банктын жана арыз ээсинин жана/же банк менен байланыштуу жактардын жана/же арыз ээсинин жалпы кызыкчылыктары бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин кесепетинен банкты натыйжалуу көзөмөлдөө мүмкүн болбосо;
9) арыз ээсинин бенефициардык менчик ээлерин идентификациялоого же болбосо каражаттардын келип чыгуу булагын белгилөө жана алардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун бышыктоо мүмкүн болбосо;
10) арыз ээси анын финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же банк аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүчү банк саясатын олуттуу өзгөртүүнү болжоп жатса;
11) арыз ээси анын чыккан (катталган) өлкөнүн көзөмөлдөө органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон чет өлкөлүк юридикалык жак болсо, жана эгерде:
а) өзү чыккан (катталган) өлкөдө натыйжалуу, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөлдөө жүзөгө ашырылганы жөнүндө бышыктаган маалымат Улуттук банкка бербесе;
б) Улуттук банктын баасы боюнча арыз ээсин натыйжалуу көзөмөлдөө, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөлдөө жүзөгө ашырылбаса;
в) арыз ээси чыккан (катталган) мамлекеттин көзөмөлдөө органы менен кызматташуу мүмкүн болбосо.
5. Улуттук банк банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочу жагы болуп калуусу мүмкүн болгон же банкка инвестиция жумшап, анын натыйжасында банк ошол жактын компаниясына көз каранды болушу мүмкүн болгон, ошол жак контролдогон юридикалык жактардан бардык кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
6. Улуттук банк банктын капиталында чектүү катышууга ээ акционерлер тарабынан берилген бардык маалыматтардын жана документтердин аныктыгын, ошондой эле банктын капиталында катышууга (акцияларды сатып алууга) багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын жана мыйзамдуулугун текшерет.
7. Эгерде экинчилик рынокто банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу боюнча бүтүм ушул Мыйзамдын 22-беренесинин колдонулушуна туура келген учурда, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, мындай бүтүм жасоого Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын талап кылууга, ал эми кандай болбосун жеке же юридикалык жак ага аны көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Эгерде жак анык эмес (жалган) маалыматтардын негизинде алынган Улуттук банктан уруксатынын негизинде банктын капиталына чектүү катышууну сатып алса, же болбосо ал уюштуруучуларга карата ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык келбей калса, Улуттук банк ушул беренеге ылайык арыз ээсине акцияларды сатып алууга мурун берген уруксатын кайра чакырып алат жана ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгат.
9. Эгерде жеке же юридикалык жак Улуттук банктын уруксаты жок банктын капиталына чектүү катышуу сатып алынган болсо, мындай бузуу аныкталган күндөн тартып бир ай ичинде Улуттук банк ошол жакка бузууну четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап жөнөтөт, ал тууралуу капиталына чектүү катышуу сатылып алынган банкка, банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон юридикалык жакка, ошондой эле көрсөтүлгөн банктын көз карандысыз реестр кармоочусуна жана/же банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон юридикалык жактын реестр кармоочусуна маалымдайт.
Улуттук банктын талабын алган жак аны алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде Улуттук банкка талапты алганы жана талапты аткаруу ниети же болбосо аткаруудан баш тартканы тууралуу жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Талап жиберилген жактан ушул бөлүктүн экинчи абзацында белгиленген мөөнөттүн ичинде жооп болбогон учурда Улуттук банк өзүнүн расмий интернет-сайтында Улуттук банктын талап жибергени жөнүндө маалыматты жайгаштырат. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн Улуттук банктын талабы жиберилген жак төмөнкүлөргө милдеттүү:
- көрсөтүлгөн талапты алган күндөн тартып бир айдын ичинде (ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында каралган учурда) же болбосо талап жиберилгени жөнүндө маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган күндөн тартып бир айдын ичинде Улуттук банкка ушул берененин 2-бөлүгүнө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат алганы жөнүндө арызды көрсөтүүгө. Ошол жактын арызы Улуттук банк тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүнө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралат;
- банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат алганы жөнүндө арыз көрсөтүлбөгөн учурда, Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын аталган талабы жайгаштырылган күндөн тартып үч айдын ичинде банктын капиталына чектүү катышууну токтотууга багытталган бүтүмдөрдү жасоого.
Улуттук банк ушул бөлүктүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат берүү жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда, ошол жак банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксат берүү жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартылганы жөнүндө Улуттук банктан билдирүү алган күндөн тартып 3 айдын ичинде банктын капиталына чектүү катышууну токтотууга багытталган бүтүмдөрдү ишке ашырууга милдеттүү. Эгерде жак ушул бөлүктүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында каралган учурларда банктын капиталына чектүү катышууну токтотпосо, Улуттук банк банктын капиталына чектүү катышууну токтотууга багытталган бүтүмдү ишке ашырууну мажбурлоо менен токтотууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү доо менен сотко кайрылат.
10. Эгерде тиешелүү жак мурастоо боюнча же аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу банктын капиталына чектүү катышуу өлчөмүндө акцияларга карата менчик укугуна ээ болсо, Улуттук банктын уруксатын алганга чейин ушул берененин 11-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгат.
Эгерде көрсөтүлгөн жактарга Улуттук банктын уруксатын берүүдөн баш тартылса, ушул берененин 11-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган кесепеттер келип чыгат.
11. Ушул берененин 8 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда, мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
Ушул берененин 8 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда бузуу табылган жак акциялардын тиешелүү пакетин аны менен байланыштуу болбогон жактарга, Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбогон учурда Улуттук банк көрсөтүлгөн жактын акцияларын ээликтен мажбурлап ажыратуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылат.
12. Улуттук банктын ушул берененин 9-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн талаптары жарыяланган күндөн тартып:
- ушул берененин 9-бөлүгүнө ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууда бузууга жол берген жеке же юридикалык жак, эгерде мындай макулдук алуу зарылдыгы ушул Мыйзамда жана банктык мыйзамдарда каралса, аларга карата Улуттук банктан өзүнчө уруксат алынган банктын акцияларынын ошондой саны боюнча гана добуш берүү укугуна ээ болот;
- ушул берененин 9-бөлүгүнө ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууда бузууга жол берген жеке же юридикалык жак контролдогон банктын акционери (уюштуруучусу) банктын акцияларынын он пайызынан ашпаган банктын акциялары боюнча гана добуш берүү укугуна ээ болот.
Бузууга жол берүү менен сатып алынган же ага карата ушул беренени бузуу менен контролдоо белгиленген банктын акционерине (уюштуруучусуна) таандык болгон банктын калган акциялары добуш берүүчү акция болуп саналбайт жана алар банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын кворумун аныктоодо эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, ушул беренени бузуу менен мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
13. Улуттук банк банктын көз карандысыз реестр кармоочусуна ушул берененин 11 жана 12-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыкканы жөнүндө маалымдайт.
24-берене. Банк тарабынан түзүлгөн резервдер
1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдарды өз убагында жабуу үчүн банк Улуттук банктын талаптарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык тиешелүү резервдерди түзүүгө жана активдердин жана милдеттенмелердин реалдуу наркын финансылык отчеттуулукта чагылдырууга милдеттүү.
2. Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында белгиленген Улуттук банктын талаптарына ылайык, банктар кредиттик жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер жана милдеттенмелер боюнча тиешелүү резервдерди түзүүгө милдеттүү.
3. Өз ишин контролдоону жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, банк жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык капиталдык жана башка резервдерди түзөт.
25-берене. Пландарга жана программаларга карата талаптар
1. Банктар Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарга жана тартипке ылайык, программаларды жана пландарды, анын ичинде бизнес-планды берүүгө милдеттүү.
2. Банктын бизнес-планы банктын ишинин стратегиясын жана масштабын ачып көрсөтүүгө тийиш. Бизнес-план үч жылга түзүлөт жана төмөнкүлөр милдеттүү түрдө камтылышы керек:
1) банктын ишинин экономикалык негиздемесин жана финансылык келечегин (бюджет, болжолдонуучу баланстык отчет, капиталдын адекваттуулугунун эсеби, кирешелер жана чыгашалар);
2) башкаруу жана ички контролдоо тутумдарынын түзүмүн;
3) кредиттик саясатты (кредиттөөдө тобокелдиктерди баалоо механизми, берилген кредиттерди үзгүлтүксүз контролдоо механизми жана банктын кредиттик саясатына байланыштуу башка маселелер) жана кредиттик стратегияны;
4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардан коргоо механизмин;
5) кардарларды тартуу жана банктын кардарлар базасын түзүү планын;
6) банктын кадр саясатын жүргүзүү планын;
7) активдерди жана пассивдерди башкаруу планын;
8) Улуттук банк тарабынан аныкталуучу иштин башка өңүттөрүн.
3. Бизнес-план төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк бериши керек:
1) банктын финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, милдеттүү резервдик талаптарды аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгүн;
2) кирешелүү финансылык уюм катары банктын узак убакыт бою иштөө жөндөмдүүлүгүн;
3) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун адекваттуулугун.
4. Бизнес-план төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлүшү керек:
1) эсептөөлөр жана болжолдоолор банк иштөөчү рынок сегментинин айкын экономикалык шарттарын эске алуу менен түзүлүшү керек;
2) экономикага инвестициялардын суммасын, анын ичинде кредиттерди көрсөтүү менен, өлкөнүн экономикасын жакшыртууга банк операцияларынын таасиринин сыпаттамасы келтирилиши керек;
3) алгылыктуу мөөнөттөрдө банктын кирешелүүлүккө жетишүүсүн;
4) банктын капиталынын адекваттуулугу Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жана активдердин болжолдонгон өсүшүн колдоого алуу, тобокелдиктерди жабуу жана банктык ишти уюштурууга байланыштуу баштапкы чыгымдарды колдоо үчүн жетиштүү болушу керек;
5) өбөлгөлөр жана болжолдоолор сапаттуу жана текшерилген маалыматтардын негизинде түзүлүшү керек.
5. Банктын бизнес-планы жыл сайын жаңыртылып турууга жана Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө Улуттук банкка көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Улуттук банк банктардын бизнес-планына карата башка кошумча талаптарды белгилөөгө, ошондой эле банктын тобокелдиктер стратегиясын жана тармагын эске алуу менен бизнес-планга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
26-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар
1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат.
Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жеке өзү же башка жактар менен биргеликте юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат. Ушул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат.
2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде:
1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе;
2) туунду компаниянын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди контролдоо жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик жекелигин колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса;
3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык туруктуулугу жана бекемдиги үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө;
4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.
3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниялары инвестициялоо иши менен алектене алышат. Ишин банктык иштин ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниясынын инвестициялык ишти жүргүзүү тартиби жана эрежелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен көз каранды компанияны сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, анын ичинде банктык жана/же финансылык ишке байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде:
1) компания, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же өз ишин жүзөгө ашырса;
2) компаниянын катышуучулары ушул Мыйзамда аларга карата чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналса.
6. Банк төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компания түзүүгө укугу жок, эгерде:
1) мындай компаниянын каттоосу жана/же анын ишин жүзөгө ашыруусу тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар киргизилген мамлекеттерде жана аймактарда экени болжолдонсо;
2) компаниялардын тең уюштуруучуларына карата, алар ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналышса.
7. Банкка туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
8. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Банктын филиалы жана башка обочолонгон бөлүмдөрү
1. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн филиалын түзө алат. Банктан сырткары өзүнчө жайгашкан, юридикалык жак болуп саналбаган, банктын атынан банктык операциялардын бардыгын же айрым бөлүгүн жүзөгө ашырган жана берилген ыйгарым укуктарынын чегинде иштеген анын обочолонгон бөлүмү банктын филиалы болуп саналат. Банктын филиалы жөнүндө маалымат банктын уставында камтылууга тийиш.
2. Филиал банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "филиал" деген сөз кошулуп, банктын фирмалык аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Филиалдардын жетекчилери банк тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде иштешет. Ишеним катта операциялардын тизмеги жана филиалдын жетекчисинин башка ыйгарым укуктары көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Филиалдын жана банктын башка обочолонгон бөлүмдөрүнүн иш-аракети банктын - юридикалык жактын иш-аракети катары каралат. Банк өз филиалынын жана башка обочолонгон бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат.
4. Банктын филиалын түзүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан белгиленет.
5. Банктын филиалы каттоодон өткөнү жөнүндө банк беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт.
6. Банк өзүнүн филиалын Улуттук банктын уруксаты менен чет өлкөдө ача алат. Банктын филиалын чет өлкөдө ачууга уруксат берүүнүн тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
7. Банктын филиалын чет өлкөдө ачууга Улуттук банктын уруксат берүү тартибинде каралган негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн, ошондой эле эгерде:
1) кабыл алуучу өлкөдө жетиштүү жана натыйжалуу банктык көзөмөлдөө, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөлдөө камсыз кылынбаса;
2) маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, кабыл алуучу өлкөнүн көзөмөл органдары менен натыйжалуу кызматташуу мүмкүнчүлүгү болбосо.
8. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызматтарды көрсөтүү максатында аманат кассалары жана башка өзүнчө бөлүм түрүндө обочолонгон бөлүмдөрдү ача алат.
9. Аманат кассаларын жана башка обочолонгон бөлүмдөрдү ачуу тартиби жана иш өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат.
28-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалы
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ишенимдүү финансылык абалга, кынтыксыз ишкердик абройго ээ чет өлкөлүк банктар, чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл органы менен Улуттук банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн шартта филиалдарын ача алышат.
2. Чет өлкөлүк банктын филиалы "филиал" деген сөздү кошуу менен банктын фирмалык аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.
3. Чет өлкөлүк банктардын филиалдары Улуттук банктын лицензиясынын негизинде аракеттенет. Чет өлкөлүк банктардын филиалдарын лицензиялоо жана алардын иш өзгөчөлүгү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачууга өтүнмөсү алты айдын ичинде каралат. Улуттук банктын Башкармасы өтүнмөнү кароо мөөнөтүн алты айга узарта алат.
5. Чет өлкөлүк банктын филиалын ачуу үчүн чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн банктык көзөмөл органынын расмий макулдугу талап кылынат. Чет өлкөлүк банктар өз филиалдарына банк капиталына карата Улуттук банктын талаптарына ылайык өлчөмдөгү кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет.
6. Чет өлкөлүк банктын филиалына лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбегенде, ошондой эле толук эмес маалыматтар же анык эмес документтер берилгенде;
2) башкы чет өлкөлүк банктын Улуттук банк белгилеген кынтыксыз ишкер аброй жана финансылык туруктуулук критерийлерине ылайык келбегенде;
3) башкы чет өлкөлүк банктын ушул Мыйзамдын банктын уюштуруучуларына карата коюлган талаптарына ылайык келбегенде;
4) эгерде башкы банк бөлүп берген акча каражаттары белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) эгерде филиалдагы кызмат ордуна талапкер адамдар (кызмат адамдары) банк мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
6) эгерде филиал жайгашкан жай жана анын жабдуулары, ички контролдоо тутуму, техникалык, маалыматтык тутумдары жана коопсуздук тутуму белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
7) эгерде чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөлдөө режими натыйжалуу банктык көзөмөлдү, анын ичинде консолидацияланган негизде камсыз кылбаса, ошондой эле маалымат алмашууну кошуп алганда, аны менен талаптагыдай кызматташуу болбогондо.
7. Чет өлкөлүк банктын филиалы лицензия берүү шарттарына байланыштуу же ага тиешелүү бардык өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
8. Чет өлкөлүк банктын филиалынын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.
9. Улуттук банк лицензия берүү, берүүдөн баш тартуу негиздери жана чет өлкөлүк банктын филиалынан лицензияны кайтарып алуу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялайт.
29-берене. Банктын өкүлчүлүгү
1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын кызыкчылыгында өкүлчүлүктү жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банктык операцияларды кошпогондо, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген иш-аракеттерди жүргүзгөн банктын обочолонгон бөлүмү банктын өкүлчүлүгү болуп саналат.
2. Банктын өкүлчүлүгү банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган, банктын фирмалык аталышына толук дал келген фирмалык аталышка ээ болот. Банк өзүнүн өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчилик тартат.
3. Банк Улуттук банкка банктын өкүлчүлүгүнүн катталганы жөнүндө беш жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.
4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жеринин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
5. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын өкүлчүлүгүн ачууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келген учурда, Улуттук банк банктын өкүлчүлүгүн ачууга уруксатты кайтарып алууга укуктуу.
30-берене. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү
1. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган чет өлкөлүк банктын фирмалык аталышына толук дал келген фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.
2. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жана алардын ишине карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
3. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн ачылганы жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялайт.
4. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн фирмалык аталышын, жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
5. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келген учурда, Улуттук банк чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты кайтарып алууга укуктуу.
31-берене. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана бирикмелери
1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыктарды көздөө, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригүү аркылуу бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына карама-каршы келбеши керек.
2. Банктардын бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана башка бирикмелери мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылган учурдан тартып беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка түзүлгөндүгү жөнүндө кабарлоого тийиш.
4. Банктарга өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык ставкаларды, тарифтерди жана комиссияларды акыларды белгилөө маселелеринде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
5. Банктар өзү же башка жактар менен биргеликте капиталдар рыногунда, акча жана валюта рыногунда Улуттук банктын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча талаптарына ылайык аныкталган үстөмдүк абалды камсыз кылуучу бүтүмдөргө катышпоого же иштерди жүзөгө ашырбоого тийиш, ошондой эле ак ниетсиз атаандаштыктын кесепетинен өздөрү же үчүнчү жактар үчүн артыкчылыктарды камсыз кылуусу мүмкүн болгон иштерге же ар кандай түрдөгү операцияларга катышпоого тийиш.
32-берене. Банкты кайра уюштуруу
1. Банкты кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Банкты кайра уюштуруу Улуттук банктын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.
3. Банктарды кайра уюштуруунун тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4-глава. Банкты башкарууну уюштуруу
33-берене. Банктын башкаруу органдары
1. Банктын башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушу;
2) банктын Директорлор кеңеши;
3) банктын Башкармасы.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, банктын башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банкта Шариат кеңеши иштеши керек.
Шариат кеңеши - банк саясатынын жана типтүү келишимдеринин шариат стандарттарына ылайыктуулугу, банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларына карата маселелерди кароо жана сунуштамаларды даярдоо үчүн банктын жооптуу органы. Шариат кеңешинин курамына Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келген адамдар кире алышат. Банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишимдери же башка ушул сыяктуу макулдашуулар жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга жайылтылбайт. Банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, ушул Мыйзамда Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бирден ашык банкта жана эки банктык эмес финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордун ээлей алышпайт.
34-берене. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу
1. Банкты башкаруунун жогорку органы банктын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп саналат.
2. Банктын коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү иштөөсү үчүн банктын акционерлери өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-эстүү жүзөгө ашырууга милдеттүү.
3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чакырылат жана өткөрүлөт.
4. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу, эгерде ага акционерлер же уставга ылайык банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын алтымыштан ашык пайызына ээ болгон мыйзамдуу өкүлдөрү катышса укук ченемдүү деп таанылат.
Кворум болбогондо банктын Башкармасы бир айлык мөөнөттө банктын акционерлеринин жалпы чогулушун кайра кайталап чакырууга милдеттүү, ал эгерде ага акционерлер же банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын кырк пайызынан көбүнө ээ болгон алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса укук ченемдүү катары эсептелет.
5. Кворумду эсептөөдө жана добуш берүүнү өткөрүүдө ушул Мыйзамдын 23 жана 83-беренелеринин жоболору эске алынат.
6. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу төмөнкү учурда милдеттүү чакырылат, эгерде:
1) банктын капиталы Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе;
2) Директорлор кеңешинин курамында бош орун пайда болуп, анда кворум болбогондо же Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн саны ушул Мыйзамда белгиленгенден аз болуп калганда;
3) тышкы аудитор келишимди жокко чыгарганда же башка себептер боюнча аудитти улантууга мүмкүнчүлүк болбогондо.
7. Улуттук банк өзү аныктаган күн тартиби менен жана өзү көрсөткөн мөөнөттөрдө, бирок Улуттук банк мындай талапты койгон күндөн тартып он күндүк мөөнөт өткөндөн кийин акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылууга укуктуу.
8. Улуттук банк акционерлердин алдыда турган жалпы чогулушу боюнча кандай болбосун маалыматты талап кылууга укуктуу.
9. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары банкта убактылуу башкаруунун атайын режими киргизилгенине байланыштуу жана ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча чектелиши мүмкүн.
35-берене. Банктын акционерлеринин реестри
1. Банктын акционерлеринин реестри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу - көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан жүргүзүлөт.
2. Банктын акционери акцияларга менчик укугунун өтүшүн каттоого байланышкан бардык өзгөрүүлөр жөнүндө көз карандысыз реестр кармоочуга маалымдоого милдеттүү.
3. Көз карандысыз реестр кармоочу акционерлердин реестриндеги бардык өзгөрүүлөр жөнүндө банкка, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кабарлоого милдеттүү.
4. Улуттук банктын жана банктын талабы боюнча көз карандысыз реестр кармоочу аларга банктын акционерлеринин реестриндеги кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү.
5. Банк Улуттук банк белгилеген тартипте акционерлердин юридикалык ишин түзүүгө милдеттүү.
6. Банктын акционерлери юридикалык ишке киргизүү үчүн банкка Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмек боюнча жана көлөмдө маалымат берүүгө милдеттүү.
Банк тарабынан суралган маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, Улуттук банк акционерден ага тиешелүү акцияларды аны менен байланышы жок жактарга, Улуттук банк тарабынан аныкталган убакыт ичинде сатууну талап кылууга укуктуу. Мындай болбогон учурда Улуттук банк ошол жактын акцияларын ээликтен мажбурлап ажыратуу жөнүндө өтүнмө менен сотко кайрылат.
7. Эгерде банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу, өзгөрүүлөр же ажыратуу фактысы жөнүндө ага белгилүү болуп калган учурда, банк токтоосуз бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.
36-берене. Банктын Директорлор кеңеши
1. Банктын Директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу банктын башкаруу органы.
Директорлор кеңеши банктын негизги кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып барууга, бардык акционерлерге бирдей мамиле жасоо принцибин сактоого тийиш жана банктын акционерлеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы чогулушунда өз иши жөнүндө акционерлерге отчет берүүгө милдеттүү.
2. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү маселелер кирет:
1) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү;
2) банкты ички контролдоонун адекваттуу тутумун уюштуруу;
3) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү, көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;
4) Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле ички жана тышкы аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжаларын кароо жана алардын жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;
5) ички аудит, тобокелдик-менеджмент жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилерин бекитүү, аларга эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;
6) банктын уставында каралган, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
3. Банктын Директорлор кеңеши банк ишиндеги тобокелдиктерге ылайык капиталдын адекваттуу деңгээлин кармоо максатында баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуу тутумдарынын белгилениши үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Банктын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес, так санда болууга тийиш.
Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүшү керек.
5. Банктын Директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына бир жолудан көп эмес өткөрүлөт. Директорлор кеңешинин жыйналышы, ага анын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, банктын уставында кыйла жогорку кворум каралбаса, укук ченемдүү (кворум) деп эсептелет. Директорлор кеңешинин чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Директорлор кеңешинин мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
6. Жыйналышты өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кабарлоо тартиби жана мөөнөтү, жыйналыштарды өткөрүү жана банктын Директорлор кеңешинин чечимдерди кабыл алуу тартиби Директорлор кеңешинин регламенти менен аныкталат. Банктын уставында Директорлор кеңешинин чечиминин жазуу жүзүндө сурамжылоо методу менен кабыл алынышы, Директорлор кеңешинин жыйналыштарын коммуникация каражаттарын пайдалануу менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир жыйналышында банктын корпоративдик катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколуна төрагалык кылуучу жана банктын корпоративдик катчысы кол коюуга тийиш.
7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз алдынча, үчүнчү жактын алдында банктын милдеттенмелерин түзүүчү, банк үчүн милдеттүү чечимдерди Директорлор кеңешинин жыйналыштарынан тышкары кабыл ала албайт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кандай болбосун документ менен таанышуу, банк кызматкерлеринен банктын иши жөнүндө кандай болбосун зарыл маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө чектөө коюлушу мүмкүн эмес.
8. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү Директорлор кеңешинин жыйналышына катышпаса, ал Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколу жана чечимдери менен кол коюп таанышууга милдеттүү. Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү Банктын Директорлор кеңешинин жыйналышында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн пикири боюнча Директорлор кеңеши кабыл алган чечим банктын финансылык бекемдигине жана туруктуулугуна, аманатчылардын жана башка кредиторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурса, ал бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.
9. Банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгон учурда, банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) банктын банкрот болуусун алдын алуу боюнча зарыл шашылыш чараларды көрүүгө;
2) кечиктирбестен акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга;
3) банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгону жөнүндө жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө маселенин Директорлор кеңешинин кароосунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле банктын банкрот болуусунун алдын алуу боюнча көрүлүүчү жана пландалуучу зарыл шашылыш чаралар жөнүндө Улуттук банкка токтоосуз кабарлоого.
37-берене. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу
1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Банктын уставы бир эле адамдын шайлануу мөөнөттөрүнүн санын чектей алат.
2. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик даярдыкка жана иш тажрыйбага ээ болгон жеке жактар гана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп шайланышы мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишими же ушул сыяктуу макулдашуулар жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга жайылтылбайт.
3. Төмөнкү адамдар банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт:
1) банктын Башкармасынын мүчөсү болгон же банкта башка кызмат ордун ээлеген;
2) башка банктын же Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактын кызмат адамы же олуттуу акционери (катышуучусу) болгон же башка атаандаш финансы уюмдарында кызмат орундарын ээлеген адамдар;
3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген, ошондой эле мыйзамдарга ылайык же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адамдар.
4. Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтоосунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумга жетпеген санга чейин азайган учурда, банктын Башкармасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулган датадан тартып беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн кворумга таасирин тийгизбеген, бирок анын натыйжасында банк тарабынан Директорлор кеңешинин курамында анын көз карандысыз мүчөлөрүнүн үчтөн бири болушу тууралуу талаптын бузулушуна алып келүүчү бош орун (бош орундар) пайда болгон учурда, банктын Директорлор кеңеши бош орун (бош орундар) пайда болгон датадан тартып он жумуш күнү ичинде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш, анда тиешелүү бош орундарга Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү шайланышы керек.
5. Директорлор кеңешинин мүчөсү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда Улуттук банктын чечими боюнча банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү четтетилген мезгилге карата сый акы төлөбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.
6. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү Улуттук банктын чечими боюнча төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:
1) кынтыксыз ишкер аброюн жоготкондо;
2) банк бүтүмдөрдү түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышуусун же кызыкчылыктарды жашыргандыгы фактылары аныкталганда;
3) эгерде адам өзүнүн квалификациялык талаптарга, көз карандысыздык талаптарына жана кынтыксыз ишкердик аброюна ылайыксыздыгын күбөлөндүрүүчү маалыматты жашырса;
4) Улуттук банктын баасы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтиргенде.
7. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн четтетүү же бошотуу жөнүндө Улуттук банктын чечими чыгарылган күндөн тартып токтоосуз күчүнө кирет.
38-берене. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул шайлоо учуруна карата:
1) мурда, эми ошол банктын кызматкери болуп саналбаган же акыркы беш жыл ичинде банк менен байланыштагы кандай болбосун юридикалык жактын кызматкери болбогон;
2) мурда, эми ошол банктын Башкармасынын мүчөсү болуп саналбаган же акыркы беш жыл ичинде банк менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармасынын мүчөсү болбогон;
3) Директорлор кеңешинин жыйналыштарына катышууга байланыштуу чыгашалардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, акыркы беш жыл ичинде ошол банктан же банкка байланышкан жактардан же алардын атынан тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча сый акы, компенсация, жөлөк пул же ыктыярдуу жардамдарды албаган;
4) ушул банк же банк менен байланыштагы кандай болбосун жак менен акыркы беш жыл ичинде түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкер байланышы (кредиттерди, зайымдарды берүүнү жана алууну кошуп алганда) болбогон;
5) акыркы беш жыл ичинде ушул банктын же банк менен байланыштагы кандай болбосун жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган;
6) ушул банкка олуттуу катышууну же контролдоону жүзөгө ашырбаган жана банкка олуттуу катышуучу же банк-тын үстүнөн контролдукту жүзөгө ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган;
7) акыркы төрт жыл ичинде ушул банктын Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин же банк менен байланыштагы кандай болбосун юридикалык жактардын курамына кирбеген;
8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам.
Эгерде банк менен байланышы бар юридикалык жактар мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү менен (банктардан жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынан тышкары) юридикалык жактар болуп саналса жана банк менен байланышы банктын жана юридикалык жактын капиталында мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан мамлекеттин катышуусунун негизинде гана аныкталса, ушул талап Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздык критерийлерине ылайыксыздыгынын негизи катары колдонулбайт.
39-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери
1. Банктын Директорлор кеңеши өзүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультативдик органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын иш милдеттерин аткара албайт.
2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:
1) Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет;
2) Аудит боюнча комитет;
3) Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет.
Банкта ошондой эле жана башка комитеттер да түзүлүшү мүмкүн.
3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.
40-берене. Банктын корпоративдик катчысы
1. Банкта корпоративдик катчынын кызмат орду негизделиши керек. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат, банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Банктын корпоративдик катчысынын өз алдынча кызматын банктагы башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштырууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
2. Корпоративдик катчы акционерлердин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин протоколдорун жүргүзөт, алардын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат, банктын башкаруу органдарынын ортосунда талаптагыдай корпоративдик өз ара аракеттенүүнүн камсыз кылынышына көмөктөшөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
41-берене. Банктын Башкармасы
1. Банктын Башкармасы банктын аткаруучу органы болуп саналат. Банктын Башкармасынын компетенциясына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин компетенциясына гана кирген маселелерден тышкары, банктын күндөлүк ишин жетектөө боюнча бардык маселелер кирет. Банктын Башкармасы банктын акционерлеринин жалпы чогулушу жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдуу чечимдердин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Банктын Башкармасынын компетенциясы, иш тартиби жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жана банктын уставы менен белгиленет.
3. Банктын Башкармасы бештен кем эмес адамдан турууга тийиш. Башкарманын мүчөлөрү банктын уставында каралган, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалышат. Башкарманын мүчөлөрү кайрадан дайындалышы мүмкүн.
4. Банкты уюштурууда Башкарманын мүчөлөрү алгач банктын уюштуруучулары тарабынан дайындалат, ал эми кийин алар кызмат ордуна банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
5. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик жарамдуулукка жана иш тажрыйбага карата белгилеген талаптарына ылайык келген жеке жак гана банктын Башкармасынын мүчөсү боло алат.
6. Банктын Башкармасын банктын Директорлор кеңеши дайындаган Башкарманын төрагасы жетектейт. Башкарманын төрагасынын орун басарлары кызмат орундары боюнча Башкарманын мүчөлөрү болуп саналат. Банктын Башкармасынын мүчөлөрү банктын Башкармасынын төрагасынын сунуштамасы боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
7. Төмөнкүлөр банктын Башкармасынын мүчөсү боло албайт:
1) банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналган адам же башка банктын же Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналган же башка атаандаш финансы уюмдарында кызмат орундарын ээлеген адам;
2) банктын капиталына олуттуу катышууга ээ акционер, же башка банктын же Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактын олуттуу акционери (катышуучусу) болуп саналган адам;
3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген кандай болбосун башка адам, ошондой эле мыйзам боюнча же соттун чечими менен мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адам.
8. Башкарманын мүчөсү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка учурларда, Улуттук банктын чечими боюнча банктын Башкармасынын мүчөсү четтетилген учурга эмгек акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.
9. Банктын Башкармасынын мүчөсү Улуттук банктын чечими боюнча ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда бошотулууга тийиш:
1) кынтыксыз ишкердик аброюн жоготкондо;
2) банктын бүтүмдөрүн түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышын же кызыкдарлык фактыларын жашыргандыгы аныкталганда;
3) эгерде адам өзүнүн квалификациялык талаптарга, көз карандысыздык талаптарына жана кынтыксыз ишкердик аброюна ылайыксыздыгы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматты жашырганда;
4) Улуттук банктын баасы боюнча Башкарманын мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтиргенде.
10. Банктын Башкармасынын мүчөсүн четтетүү же ишинен бошотуу жөнүндө Улуттук банктын чечими, мындай чечим чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Банктын Башкармасынын жыйналышы зарылдыкка жараша, бирок айына бир жолудан көп эмес өткөрүлөт. Эгерде банктын уставында кыйла жогору кворум каралбаса, банктын Башкармасынын жыйналышы анын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса укук ченемдүү (кворум) деп эсептелет. Банктын Башкармасынын чечимдери добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Башкарманын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Банктын Башкармасынын мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
12. Банктын Башкармасынын жыйналышынын протоколун Башкарманын катчысы жүргүзөт. Банктын Башкармасынын жыйналышынын протоколуна төрагалык кылуучу, банктын Башкармасынын жыйналышка катышкан мүчөлөрү жана банктын Башкармасынын катчысы кол коюуга тийиш. Эгерде банктын Башкармасынын мүчөсү банктын Башкармасынын жыйналышына катышпай калса, ал кийин банктын Башкармасынын жыйналышынын протоколу менен колун коюп таанышууга милдеттүү.
13. Банктын Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү банктын Башкармасынын жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Эгерде Башкарманын мүчөсүнүн пикири боюнча банкта кабыл алынган чечимдер анын финансылык туруктуулугуна, кредиторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч келтире турган болсо, Башкарманын мүчөсү бул тууралуу банктын Директорлор кеңешине маалымдоого милдеттүү. Эгерде Директорлор кеңеши Башкарманын мүчөсүнүн маалыматын этибарга албаса, банктын Башкармасынын мүчөсү бул жөнүндө Улуттук банкка кабарлоого укуктуу.
42-берене. Ички контролдоо системасы
1. Ички контролдоо - банктын төмөнкү максаттарга жетүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс:
1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыз кылууга, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга;
2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчетторду берүүнүн ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыз кылууга;
3) мыйзамдарды жана банктын ички ченемдик документтерин сактоого.
2. Банктын ички контролдоо системасы төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:
1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы сый акы төлөө системасын караган банктын тиешелүү уюштуруучулук түзүмүн;
2) өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү ички маалымат системасын жана башкаруу органдарына маалымдоо системасын;
3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо системаларына туруктуу байкоо жүргүзүүнү;
4) ички контролдоонун тиешелүү жол-жоболорун;
5) анын кемчиликтерин табуу жана өркүндөтүү максатында ички контролдоо системасынын мезгилдүү өзүн-өзү баалоосун;
6) Улуттук банктын талаптарына жооп берген жана банктын кардарларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттеринен коргоону камсыз кылуучу алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болуусун жана натыйжалуу иштөөсүн.
3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо системасынын талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Ички аудит, тобокелдик менеджменти жана комплаенс-контролдоо
1. Банкта милдеттүү түрдө туруктуу негизде иштеген, Директорлор кеңешине отчеттуу ички аудит, тобокелдик менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтары иштейт.
2. Ички аудит, тобокелдик менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын ишине карата талаптар жана алардын компетенциясы Улуттук банк тарабынан белгиленет.
44-берене. Банктын кызмат адамдары
1. Банктын милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталат.
2. Банктын кызмат адамдарына талапкерлер белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө жана жетиштүү иш-тажрыйбага жана кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга тийиш. Кызмат адамдарына талапкерлерге карата талаптар, аларды макулдашуу тартиби жана аларды макулдашуудан баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банк тарабынан белгиленет.
45-берене. Кынтыксыз ишкер аброй
1. Банктын олуттуу катышуучулары жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланышкан жактар ушул Мыйзамга ылайык кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга тийиш.
2. Жак (жеке же юридикалык) төмөнкү учурларда кынтыксыз ишкер абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет:
1) эгерде экономика чөйрөсүндө кылмыш жасаганы үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болсо;
2) эгерде өзү мажбурлап жоюлууга, банкроттукка дуушар болсо же сот тарабынан юридикалык жактын олуттуу катышуучусу же башкаруу органынын мүчөсү катары анын аракеттери же аракетсиздиги банкроттукту кошуп алганда, мажбурлап жоюлууга алып келген деп таанылса;
3) эгерде жак соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз болсо;
4) эгерде жак соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкер аброюн жоготсо;
5) эгерде банктын кызмат адамы Улуттук банктын Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же банктык көзөмөлдүн чет өлкөлүк компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызмат ордунан бошотулса;
6) жакта өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болсо;
7) эгерде жак Улуттук банкка атайылап анык эмес маалыматтарды жана документтерди берсе.
3. Таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде кызматынан бошотулганына байланыштуу кынтыксыз ишкер аброюн жоготкон банктын кызмат адамдары чектөөлөр белгиленген мөөнөттүн ичинде: Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып беш жана андан көп жыл Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарына кайрадан талапкер боло алышпайт. Кынтыксыз ишкер аброюн жоготуу себептерине жараша чектөөлөрдүн айкын мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жак деп, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин кандай болбосун жеке жана юридикалык жактары түшүнүлөт. Мыйзамдар, соттор жана ыйгарым укуктуу органдар деп, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мыйзамдары, сот жана ыйгарым укуктуу органдары түшүнүлөт.
46-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери
1. Банктын кызмат адамдары банктын негизги кызыкчылыктары үчүн ак ниет жана акыл ченемдүү аракеттенүүгө милдеттүү, бул алардын төмөнкү талаптарды сактоосун болжолдойт:
1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүүнү;
2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда пайдаланууну;
3) акыл ченемдүү мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болгон күч-аракеттер жумшалгандан кийин жеке квалификациясынын жана иш тажрыйбасынын негизинде таразаланган чечимдерди кабыл алууну;
4) кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоону, кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда кабарлоону;
5) бир акционердин кызыкчылыгына башкалардын кызыкчылыгы алдында артыкчылык бербестен, акционерлерге карата теңдик принциптерин сактоону;
6) банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген бардык белгилүү инциденттер тууралуу банктын башкаруу органдарына билдирүүнү.
2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.
3. Ушул берененин ченемдери Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.
47-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө
1. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин бардык деңгээлинде кызыкчылыктардын кагылышын идентификациялоо жана жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
2. Банк кызыкчылыктардын кагылышына байланышкан банктын ишинде орун алышы мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.
3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмесин берүүгө милдеттүү. Банктын жана өзүнүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканы жөнүндө билген кызмат адамы же банк кызматкери бул тууралуу банктын Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине токтоосуз билдирүүгө тийиш.
4. Банк орун алган кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш.
5. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун өз убагында ачылбаганы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5-глава. Банк иши
48-берене. Банк иши жана банк операциялары
1. Банк аларды лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен, улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырат:
1) келишимдик шарттарда өзүнүн атынан аманаттарды тартуу;
2) келишимдик шарттарда өздүк жана/же тартылган каражаттарды өзүнүн атынан жайгаштыруу;
3) эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
3-1) кардарлардын тапшырмасы боюнча санариптик капчыкты ачуу жана санарип сомдор менен операцияларды жүргүзүү;
4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө;
5) кредиттик жана төлөм карточкаларын кошуп алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана бышыктоо;
6) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай формада (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугун алуу;
7) жөнөкөй жана которулма векселдерди (форфейтинг) сатып алуу жолу менен карыз милдеттенмесин төлөө;
8) карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу;
9) банктык кепилдиктерди берүү;
10) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
12) кардарлар үчүн чет өлкөлүк валютадагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу;
13) өзүнүн атынан чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);
14) баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу (банктык алтын, күмүш, платина жана аталган металлдардан жогорку сынамдагы монеталар менен гана);
15) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды жүзөгө ашыруу;
16) электрондук акчаларды чыгаруу;
16-1) санарип сомдорду пайдалануучуларга санариптик капчыктарды ачуу, аларды накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу санарип сомдорду жайылтуу, ошондой эле аларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү;
17) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу өз ишинин жыйынтыгы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
18) ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү.
2. Банктар төмөнкү иш-аракеттерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) үчүнчү жактар үчүн кепилдиктерди жана башка милдеттенмелерди берүү;
2) баалуу кагаздарды чыгаруу, сатып алуу, сатуу, тейлөө, ошондой эле депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн;
3) жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктөрдү (акча каражаттарын кошпогондо) ишенимдүү башкаруу;
4) баалуулуктарды сактоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга сейфтерди ижарага берүү;
5) банктын алдындагы милдеттенмелерди жоюуга күрөөлүк мүлктөрдү сатып өткөрүү;
6) инвестициялык кызмат көрсөтүүлөр;
7) банк ишине байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
8) финансылык лизинг боюнча бүтүмдөр;
9) финансылык агент катары кызмат көрсөтүүлөр;
10) Улуттук бактын ченемдик укуктук актыларына ылайык онлайн платформалардын жана башка соода/сервистик платформалардын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү оператордун иш милдеттерин жүзөгө ашыруу.
3. Банктар, эгерде бул Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат. Банк анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон же банк ишине байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
4. Банк Улуттук банктын макулдугу менен лицензиялануучу иштин башка түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу.
5. Банк келишимдин негизинде банкка зарыл кызматтарды (аутсорсинг) көрсөтүү үчүн башка жакты ишке тартууга укуктуу. Аутсорсингге карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.
6. Улуттук банк банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин түрлөрүн, тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө, ошондой эле жаңы продукттарды иштеп чыгууга укуктуу.
7. Айрым банк операциялары, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар тарабынан, Улуттук банк берген тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү болгондо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
8. Банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49-берене. Кредиттөө
1. Банк жооптуу кредиттөө принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен кредиттөөнү жүзөгө ашырууга тийиш.
2. Банк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кредит саясатына ээ болушу керек.
3. Банкта кредиттик тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу системасы иштеши керек.
4. Директорлор кеңеши банктын кредит саясатынын, лимиттер, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу инструменттеринин жана жол-жоболорунун системасынын, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит системасынын адекваттуулугун мезгилдүү, жылына бир жолудан көп эмес кайрадан карап чыгууга милдеттүү.
5. Банк бүткүл банктык продуктуларда, операцияларда жана банк ишинде орун алган кредиттик тобокелдиктерди башкаруусу керек.
6. Банкта Улуттук банктын кредит берүүгө жана кредиттик тобокелдикти башкарууга карата талаптарын эске алуу менен, кредиттерди берүү тартиби белгиленет.
7. Каражаттарды банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптеринин спецификасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
50-берене. Банктын инвестициялары
1. Банк инвестицияларды төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырышы мүмкүн:
1) банктык эмес уюмдарга банктын катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары жүзөгө ашырылышы керек;
2) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын өлчөмү, анын ичинде кандай болбосун финансылык салымдар жана кредиттер Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашуусу мүмкүн эмес;
3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш;
4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат.
2. Операцияларды жана бүтүмдөрдү банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
3. Банктарга карата инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана алардын банктын капиталына таасири боюнча башка талаптар жана чектөөлөр Улуттук банк тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Банктын кыймылсыз мүлкү
1. Банк кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жерди Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык сатып алууга, ижарага алууга, ижарага берүүгө жана ээликтен ажыратууга укуктуу.
2. Улуттук банк кыймылсыз мүлккө байланышкан эсебин алуу, кармап калуу мезгилин белгилөө маселелери, баалоого карата талаптар жана башка маселелер боюнча талаптарды белгилейт.
52-берене. Банк менен байланышкан жактар жана кызыкдар бүтүмдөр
1. Банк менен байланышкан жактар - бул:
1) банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;
2) банктын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу жактар;
3) банктын жана анын кызмат адамдарынын олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар;
4) ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын байкоочу жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;
5) жеке адамдар - ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жакын туугандары;
6) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу адамдар кирген юридикалык жактар.
2. Банктын банк менен байланышкан жактар менен Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашкан суммадагы бүтүмдөрү кызыкдар бүтүмдөр болуп саналат.
3. Акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпаса кызыкдар бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Эгерде Директорлор кеңеши кворум жоктугунан мындай чечимди кабыл ала албаса, мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө маселе банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна жиберилет.
4. Эгерде акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашса, кызыкдар бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн.
5. Банктын бүтүм жасоого кызыкдар жак болуп саналган адамы ушул маселени талкуулоого жана добуш берүүгө катыша албайт, ошондой эле башка ыкма менен чечимдин кабыл алынышына таасир эте албайт.
6. Бүтүмдүн жасалышына кызыкдар жак экени өзүнө маалым болору менен, ошол жак банкка токтоосуз жазуу жүзүндө бүтүмгө канчалык даражада кызыкдар экени жана/же бүтүмдүн экинчи тарабы менен өз ара мамилесинин даражасы тууралуу маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү.
7. Банк Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарга жана өзгөчөлүктөргө ылайык банк менен байланышкан жактардын реестрин жүргүзүшү керек.
8. Эгерде атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, ушул берененин 1 жана 7-бөлүктөрүндө каралган талаптар Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга жайылтылат.
53-берене. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосунда жасалуучу операцияларга жана бүтүмдөргө карата талаптар жана чектөөлөр
1. Банк төмөнкү учурларда банк менен байланыштуу жактарды кредиттөөгө укуксуз:
1) акыркы отчеттук датага карата учурдагы чыгымдар болгондо;
2) эгерде банк менен байланыштуу бир жакка банк тарабынан берилген бардык кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашса;
3) эгерде банк менен байланыштуу бардык жактарга берилген кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашса.
2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкача каралбаса, мындай операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу шарттары ачык рыноктук шарттарда түзүлгөн окшош операцияларга жана бүтүмдөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу болуп саналса, банк менен байланыштуу жактар менен кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү банк жүзөгө ашырууга укуксуз.
3. Ачык түзүлүүчү келишимдерден тышкары, банктын Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашкан суммада банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрү жана операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылышы керек.
4. Банктын туунду компаниялары, эгерде мындай операциялар жана бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарына ылайык келсе, банк менен байланыштуу жактар менен операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алышат.
5. Банк ага төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн кандай болбосун жак менен бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз:
1) банк менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка жол менен аткарууга;
2) банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга;
3) банк менен байланыштуу жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.
6. Эгерде банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн мындай операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарлай турган болсо жана финансылык кыйынчылыктарга алып келсе жана аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарына коркунуч туудурса, банктын кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат. Банктын финансылык кыйынчылыктарынын белгилери Улуттук банк тарабынан аныкталат.
7. Эгерде банктын акционерлери жана кызмат адамдары ушул Мыйзамга карама-каршы жана банкка чыгымдарды алып келүүчү чечимдерди кабыл алса же ошондой чечимди кабыл алуу үчүн добуш берсе, анда алар ошол чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосундагы ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен түзүлгөн кандай болбосун бүтүмдөр жараксыз болуп саналат.
9. Банк менен байланыштуу жактар менен түзүлгөн банктын бардык бүтүмдөрү тууралуу маалыматтарды банк Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте, Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
10. Банктын банк менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн Улуттук банк аныктайт.
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын алар менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында аныкталат. (КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Банктын ишинде коркунуч туудурууга жана аны алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартууга жол бербөө
1. Өз ишин жүзөгө ашырууда банктар, алардын акционерлери жана кызмат адамдары аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайларга жол бербөөгө, ошондой эле банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылуусуна бөгөт коюуга милдеттүү. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу белгилерин белгилейт.
2. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайды түзгөн банктарга, алардын акционерлерине жана кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
3. Банкты, анын акционерин жана/же кызмат адамын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган укуктук кесепеттерге алып келет.
4. Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарды, алардын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган деп таануу тартиби жана укуктук кесепеттери алардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
55-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу
1. Банктарга жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга иштин чыныгы абалына ылайык келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жак талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушундай маалыматтарын белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө же кайра чакырып алууга милдеттүү.
2. Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк ушул беренеге ылайык, банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегени тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
3. Банктарга саясий ишти, саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди кошуп алганда, анын ичинде акысыз негизде каржылоого, саясий өңүттөгү жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башкача түрдө саясий иштерге катышууга тыюу салынат.
4. Банктарга ар түрдүү лотереяларды жана башка ушул сыяктуу "оюн-зоок" иш-чараларын уюштурууга же өткөрүүгө, ошондой эле аларды жарнамалоого же башка жарыялоого катышууга тыюу салынат.
5. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетинг иш-чараларын жүзөгө ашырат.
56-берене. Банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча милдеттери Банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.
57-берене. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасы
1. Банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасына банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык катышат.
2. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо системасынын иштөө тартиби Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана аны пайдалануу, кепилдик учурлар келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, банктардын, Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелер жана башка ушул чөйрөдө келип чыгуучу мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу депозиттерди коргоонун кошумча формаларын тандай алат.
58-берене. Камоого коюу, өндүрүп алуу жана конфискациялоо
1. Юридикалык жана жеке жактардын банк эсептеринде же сактоодо турган акча каражаттары жана башка баалуулуктары өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде соттук актынын негизинде, ошондой эле "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документинин негизинде чыгарылган сот аткаруучусунун же жеке сот аткаруучусунун токтому менен камакка алынат.
Банктык эсеп же банкта сактоодо турган баалуулуктар камоого коюлганда, токтоосуз эсеп боюнча кандай болбосун чыгымдоо операциялары же баалуулуктарды которуштуруу токтотулат. Банктык эсептеги акча каражаттарынын белгилүү бир суммасына камоо коюлганда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде кандай болбосун чыгымдоо операциялары токтотулат.
2. Жеке жана юридикалык жактардын банктык эсептерде же банкта сактоодо турган акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды өндүрүп алуу, өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документтеринин негизинде сот аткаруучу, жеке сот аткаруучу тарабынан, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык төлөм талаптарын коюу аркылуу салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Камоо коюлган убакта күрөөдө турган мүлккө камоо коюлган учурда, мындай мүлктөн камоону алып салуу жөнүндө чечим күрөө менен камсыз кылынган кредитордун өтүнмөсү боюнча сот/тергөө органдары тарабынан кабыл алынат.
4. Банкта жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарда турган акча каражаттарына, баалуулуктарга жана документтерге карата тинтүү, кароо, алып коюу жана башка процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү соттук актынын негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында документтердин түп нускаларында камтылган үлгүлөрдүн болушун талап кылган экспертизаларды жүргүзүү үчүн документтердин түп нускасын алуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, банктык сырды камтыган маалымат жана документтер күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө гана алынышы мүмкүн, бул тууралуу тинтүү жана алып коюу жөнүндө токтомдо түз көрсөтүлөт. Документтердин түп нускалары экспертиза жүргүзгөндөн жана/же соттун чечими күчүнө киргенден кийин беш жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш.
Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөөнүн алкагында алынган материалдар жана башка документтер, анын ичинде Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактарды текшерүү материалдары белгилүү бир текшерүү мезгилине жана маселелерге тиешелүү болгон бөлүгүндө гана алынууга жана алып коюлууга тийиш.
5. Акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды конфискациялоо мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктардын ишин, анын ичинде алардын өздөрүнүн акча каражаттарын же мүлкүн тескөөлөрүнө карата чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечимин кабыл алуудан мурда, Улуттук банктан мындай чечимдин банктын кредиторлоруна жана кардарларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасына таасирин тийгизүүчү кесепеттери тууралуу сурап алууга милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. Эсеп, отчеттуулук жана аудит
59-берене. Жалпы жоболор
1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык, эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.
Өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт.
2. Банктын эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун методдору жана эрежелери камтылууга тийиш. Эгерде банктык топту көзөмөлдөө жүзөгө ашырыла турган болсо, банк (банктык холдинг компаниясы) Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен ошол топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын түзүүгө тийиш.
3. Банкта эсепке алуу төмөнкүдөй түрдө уюштурулууга тийиш:
1) анын негизинде төмөнкүлөр ишенимдүү түзүлгүдөй:
а) банктын айкын финансылык абалын жана ишинин натыйжаларын чагылдырган, эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчеттуулук;
б) Улуттук банктын талаптарына ылайык жөндөөчү отчеттуулук;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрү;
2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин, ошондой эле келип чыгуучу тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү башкаргыдай;
3) банктын акционерлери жана Директорлор кеңеши банктын финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдой алгыдай.
4. Ушул берененин жоболору Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.
60-берене. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук
1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алган мезгилге белгиленет. Эгерде банк 1-январдан кийин каттоодон өткөн учурда, анда биринчи финансылык жыл банк мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында аяктайт.
2. Банктар бухгалтердик эсепке алуу жүргүзөт жана ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.
3. Консолидацияланган негизде түзүлгөн отчетторду кошо алганда, банктык, бухгалтердик жана башка отчеттордун тизмеги, берүү формалары жана мөөнөттөрү, ошондой эле аларды бузууга жол бергени үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да белгиленет.
4. Банктар Улуттук банктын суроо-талабы боюнча акча каражаттарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы акча каражаттарынын (корреспонденттик эсептер) кыймылы жөнүндө кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү.
5. Банктын Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгү, толуктугу жана сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операцияларынын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун регистрлеринин талаптагыдай сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартат.
61-берене. Документтерди эсепке алуу жана сактоо
1. Банк бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө пайдаланылган документтердин так эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Так эсепке алынууга жана сакталууга тийиш болгон документтердин тизмеги, ошондой эле аларды сактоо тартиби жана мөөнөттөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
62-берене. Банктардын аудити
1. Банктын иши аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.
2. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна киргизүү үчүн аудитордук уюмдарды жана аудитордукка талапкерлерди тандайт. Банк акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки токсон жумуш күнүнөн кечиктирбестен аудитордук уюм жана аудитордукка талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Улуттук банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербегендер катары аудитордук уюмду жана аудитордукка талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана билдирүү келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен ал жөнүндө банкка билдирет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилген, банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.
4. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болушу керек, бул аудитордук корутундунун натыйжаларына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүүлүктү билдирет. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кандай болбосун аудиторунун же башка кызматкеринин банкта эч кандай кызыкчылыгы жок экени, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызмат адамдары менен эч кандай мамилесинин жоктугу жөнүндө билдирүүсү чагылдырылышы керек.
5. Аудитордук уюм жана аудитор банктан көз каранды эмес деп эсептелбейт, эгерде алар акыркы эки жылдын ичинде:
1) банктын же анын аффилирленген жактарынын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар жактардан болсо;
2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болсо;
3) аудит жүргүзүлүүчү банкка карата, эгерде ушул аудитордук уюм же бир эл аралык тармакта жайгашкан уюм тарабынан бухгалтердик эсепке алууну калыбына келтирүү жана жүргүзүү, бухгалтердик эсепке алуу методикасын иштеп чыгууга байланыштуу, ошондой эле финансылык отчетторду түзүү, ички аудит кызматтары көрсөтүлсө;
4) банктын же анын аффилирленген жактарынын кызматкери болсо;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
6. Банктын тышкы аудити бир эле аудитордук уюм тарабынан катары менен беш жылдан ашык жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Банктык топтун курамына кирген банктын өтүнмөсү боюнча ротациялоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
7. Тышкы аудитор төмөнкүлөр жөнүндө табылган учурдан тартып, бир жумуш күнү ичинде алар тууралуу Банктын Башкармасына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү:
1) банктын туруктуулугуна жана бекемдигине коркунуч келтирүүчү фактылар табылганы тууралуу;
2) убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу үчүн негиз болгон фактылар жөнүндө;
3) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө;
4) алдамчылыктын же алдамчылык схемаларынын бети ачылганы же террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча операциялардын белгилерине туура келген бүтүмдөр аныкталганы жөнүндө;
5) тышкы аудитордун өтүнүчү боюнча банктын кайсы бир маалыматты Улуттук банкка билдирүүдөн баш тартып жатканы жөнүндө;
6) аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык банкта же аффилирленген юридикалык жакта олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер же бузуулар аныкталганы жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
8. Тышкы аудитор Улуттук банктын талабы боюнча аудит жүргүзүүгө байланыштуу кандай болбосун маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтарды берүү тышкы аудитти жүргүзүүдө купуя маалыматты ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.
9. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныган учурда, банк өз эсебинен башка аудитордук уюмду тартуу менен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү.
Эгерде ушул аудитордук уюмдун же аудитордун мурунку аудитордук корутундусу кабыл алынбаса же Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда, банк кийинки финансылык жылда ал аудитордук уюмду же аудиторлорду аудит жүргүзүү үчүн тартууга укугу жок.
10. Аудитордук корутундудагы маалыматтар аудит программасына киргизилүүгө тийиш болгон сунуштамаларды кошуп алганда, аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш.
11. Аудитордук уюмга жана аудиторлорго карата талаптарды кошуп алганда, банктардын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын тышкы аудитине карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.
63-берене. Банктык топтордун аудити
1. Эгерде банк банктык топко кирген учурда, бардык банктык топ милдеттүү түрдө аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Банктык топтун аудитинин натыйжалары боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча отчеттор жана консолидацияланган отчет түзүлөт.
2. Банктык топтун аудити бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Банктык топтун аудитин жүргүзүүгө карата талаптар, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга карата алып салуулар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
4. Тышкы аудитор Улуттук банктын суроо-талабы боюнча банктык топтун аудитин жүргүзүүгө байланыштуу кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү. Тышкы аудитти жүргүзүүдө мындай маалыматтарды берүү купуя маалыматтарды ачуу болуп эсептелбейт.
64-берене. Аудитти жүргүзүүнүн, банктын жылдык финансылык отчеттуулугун бекитүүнүн, берүүнүн жана жарыялоонун мөөнөттөрү
1. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кеч эмес мөөнөттө банктын тышкы аудитин жүргүзүүнү камсыз кылууга;
2) аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейин беш жумушчу күн мурда Улуттук банкка берүүгө;
3) банктын жылдык финансылык отчеттуулугун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кеч эмес мөөнөттө акционерлердин жалпы чогулушунда бекитүүнү камсыз кылууга;
4) аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кеч эмес мөөнөттө Улуттук банкка берүүгө;
5) банктын жылдык финансылык отчеттуулугун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.
Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Улуттук банктын Башкармасынын чечими менен ушул бөлүктүн 1, 3, 4 жана 5-пункттарында белгиленген мөөнөттөр узартылышы мүмкүн.
2. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аудитордук корутунду болбогондо банктын жылдык финансылык отчеттуулугун кароого жана бекитүүгө укуксуз.
65-берене. Банктын финансылык отчетун жарыялоо жана банк ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачып берүү Банк бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачуу менен финансылык отчеттуулугун жарыялоого милдеттүү.
III БӨЛҮМ. БАНКТЫК СЫР
7-глава. Банктык сыр
66-берене. Банктык сыр
1. Банктык сыр - бул алардын келишим түзүү алдындагы мамилелерин кошуп алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн же болбосо банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача келип чыккан кандай болбосун маалыматтар.
2. Банктык сырга төмөнкүлөр кирбейт:
1) легитимдүү ачык маалымат (мыйзамдарга ылайык эркин жеткиликтүүлүктө турган маалымат);
2) банктын кардарын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген консолидацияланган мүнөздөгү маалымат;
3) Улуттук банк тарабынан аныкталган чектерде банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалымат.
3. Ушул главанын талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга да жайылтылат.
67-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүү
1. Банк банктык сырды түзгөн маалыматты, ушул беренеде башкача каралбаса, кардардын өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча кандай болбосун жактарга берүүгө укуктуу.
2. Банк Улуттук банкка банктык сырды түзгөн кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү. Улуттук банк банктык сырды түзгөн маалыматты мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, ошондой эле банктык көзөмөлдөө максаттары үчүн ушул Мыйзамда каралган тартипте башка мамлекеттердин борбордук банктарына/көзөмөлдөө органдарына жана башка жактарга берүүгө укуктуу.
3. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды банк төмөнкүлөргө берет:
1) Кыргыз Республикасынын сотуна - соттук актынын негизинде;
2) финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
3) ыйгарым укуктуу салык органына- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салуу максаттары үчүн;
4) кредиттик бюролорго - кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык;
5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтерди бергенде, ошондой эле алардын өндүрүшүндө каза болгон адамдардын аманаттары, электрондук акчалары, сейф уячалары, металл эсептери жана жарандык укуктарынын башка объекттери жөнүндө мураскерлик иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - нотариустун же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын расмий суроо-талабынын негизинде.
4. Банктык сырды түзгөн маалымат ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кандай болбосун башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилет.
5. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүүдө ушул берененин 2-4-бөлүктөрүнө ылайык банктын кардарларынын макулдугу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 28-майындагы № 107 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
68-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапка карата талаптар
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) суроо-талап менен кайрылган жактын толук расмий аталышы жана реквизиттери, ошондой эле маалымат алууга ыйгарым укуктуу адамды жана өткөрүп берүү ыкмасын көрсөтүү менен анын дареги, байланыш каналдары же башка байланыш түзүү маалыматтары;
2) суроо-талап даректелген жактын аталышы;
3) талап кылынган банктык сырды түзгөн суралган маалыматтардын чегин жана көлөмүн көрсөтүү менен банктын кардарынын аты-жөнү (анын ичинде ИСН/ИЖН);
4) банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу максаты жана суроо-талап жиберүүнүн укуктук негиздери;
5) суроо-талапка кол койгон адамдын колу, мөөрү жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар.
2. Банктык сырды камтыган маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап ушул берененин талаптарына ылайык келбеген учурда, банк банктык сырды камтыган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү суроо-талабына карата талаптар Улуттук банк менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматка жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
69-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды банк пайдалануу үчүн төмөнкүлөргө бериши мүмкүн:
1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерди аткаруу максатында банктын кызматкерлерине;
2) банктын ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү берген жактарга, эгерде мындай маалыматтар ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында зарыл болсо;
3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банкка контролду жүзөгө ашыруучу жакка;
4) сотко, банктын жана кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл учурда жана чектерде. Банктын же анын кардарынын өтүнмөсү боюнча сот отуруму жабык болушу мүмкүн.
Мындай берүү банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт.
2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банктык сырды түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
70-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты коргоо
1. Банк, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалымат берилген жана/же ачыкка чыгарылган башка кандай болбосун жактар анын талаптагыдай корголуусун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Коргоо жана купуялуулук банктык сырды түзгөн маалыматтарды талаптагыдай сактоо, пайдалануу, ачыкка чыгаруу жана аларга санкциясыз кирүүдөн коргоо боюнча адекваттуу уюштуруучулук, укуктук жана техникалык чаралардын көрүү аркылуу камсыз кылынат.
71-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаруу же пайдалануу үчүн жоопкерчилик
1. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгарганы же пайдаланганы үчүн банк, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка кандай болбосун жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Банктык сырды түзгөн маалымат мыйзамсыз ачыкка чыгарылган же пайдаланылган учурда, укуктары бузулган кардар же башка жактар буга байланыштуу келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 143 ичинен 71. Калгандары, «72-берене» баштап «143-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 72-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу
- 73-берене. Банктык көзөмөл
- 74-берене. Банктык көзөмөлдүн максаттары үчүн маалымат жана документтер
- 75-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр
- 76-берене. Банктын ишине тышкы көзөмөл
- 77-берене. Банктын ишине инспектордук текшерүү
- 78-берене. Консолидацияланган көзөмөл объекти
- 79-берене. Банктык топтордун иши
- 80-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар
- 81-берене. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо
- 82-берене. Банктык топтор берүүчү отчеттор жана маалыматтар
- 83-берене. Банктык топтун катышуучуларына карата таасир этүү чаралары
- 84-берене. Жалпы жоболор
- 85-берене. Таасир этүү чараларын колдонуунун негиздери
- 86-берене. Таасир этүү чаралары
- 87-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана даттануу тартиби
- 88-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы
- 89-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо
- 90-берене. Жалпы жоболор
- 91-берене. Убактылуу администрация киргизүүнүн негиздери
- 92-берене. Убактылуу администрация киргизүүнүн кесепеттери
- 93-берене. Убактылуу администратор
- 94-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
- 95-берене. Убактылуу администратордун корутундусу
- 96-берене. Банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө жалпы жоболор
- 97-берене. Банкты кайра капиталдаштыруу
- 98-берене. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу
- 99-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу
- 100-берене
- 101-берене. Кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууда Улуттук банктын башка кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүүсү
- 102-берене. Сотко чейинки даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү
- 103-берене. Банкты жоюу жөнүндө жалпы жоболор
- 104-берене. Банкты банкроттукка байланыштуу жоюу
- 105-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу
- 106-берене. Чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкты жоюунун өзгөчөлүктөрү
- 107-берене. Банктын ыктыярдуу түрдө жоюлушу (өзүн-өзү жоюу)
- 108-берене. Банкты мажбурлап жоюу
- 109-берене. Жоюучунун статусу
- 110-берене. Жоюучунун ыйгарым укуктары
- 111-берене. Жоюучунун отчеттору
- 112-берене. Банкты жоюу жол-жобосун баштоонун кесепеттери
- 113-берене. Жоюу мөөнөтү
- 114-берене. Жоюу планы
- 115-берене. Жоюлуучу банктын атайын эсеби
- 116-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгашалары)
- 117-берене. Кредиторлордун талаптарын кабыл алуу жана каттоо
- 118-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графиги
- 119-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу эрежелери
- 120-берене. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары
- 121-берене. Жоюлуучу масса
- 122-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгү
- 123-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери
- 124-берене. Төлөм системаларындагы жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системаларындагы эсептешүүлөрдүн биротоло аяктагандыгы
- 125-берене. Активдерди сатуу
- 126-берене. Өз ара эсептешүүгө тыюу салуу жана жоюу неттинги
- 127-берене. Корутунду отчет жана жоюу жол-жобосун аяктоо
- 128-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча сот өндүрүшү
- 129-берене. Иштин сотко караштуулугу
- 130-берене. Сотко кайрылуу укугу
- 131-берене. Ишке катышуучу жактар
- 132-берене. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө
- 133-берене. Арызды кабыл алуу
- 134-берене. Арызды кайра кайтаруу
- 135-берене. Ишти маңызы боюнча кароонун мөөнөтү
- 136-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү козгоо үчүн негиз
- 137-берене. Соттун чечими
- 138-берене. Соттун аныктамасы
- 139-берене. Апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда сот өндүрүшү
- 140-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштүн алкагында арыздарды кароо
- 141-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы
- 142-берене
- 143-берене. Корутунду жоболор
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 19 · цитата келтиргендер: 115 · байланышкандар: 4
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики О судебной практике по рассмотрению судами гражданских дел по спорам, вытекающим из трудовых правоотношенийПленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 07.11.2025 · № 32
Цитата келтиргендер (115)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын…Правила · 10.06.2009 · № 26/3
- ПОЛИТИКА И ОСНОВНЫЕ ПРИНЦИПЫ антимонопольного регулирования, развития конкуренции и защиты прав потребителей на рынке банковских услуг Кыргызской Республики, оказываемых…Политика · 16.11.2012 · № 4/1
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-мартындагы N 139-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 28.03.2023 · № 139-р
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 27.12.2024 · № 2024-П-12/71-3-(БС)
- Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Положение · 30.03.2026 · № 200
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 446-VII "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 446
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 243-IV "2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.03.2008 · № 243-IV
- Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндөЗакон · 12.04.2019 · № 45
115 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (19)
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
- Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 29.04.2025 · № 88
19 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобосуПоложение · 08.12.2021 · № 2021-П-14/68-7-(ПС)
- Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндөЗакон · 24.07.2013 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-сентябры № 3389-VII "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 17.09.2025 · № 3389-VII
- Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүүнүн убактылуу тартиби (Кыргыз…Временный порядок · 28.08.2023 · № 430 · Күчүн жоготкон