Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
116-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгашалары)
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгашаларын;
2) банктын активдерин издөө, өндүрүп алуу, баалоо жана сатып өткөрүү менен байланышкан чыгашаларды;
3) банктын активдерин сактоону камсыз кылуу менен байланышкан чыгашаларды;
4) жоюучуга сый акы жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнү;
5) топтоо фондунун каражаттарын;
6) ишти улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөмдөрү жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр (электр энергиясы, суу менен жабдуу, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөмдөр жана башкалар) менен байланышкан чыгымдарды.
2. Банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүдө банкта административдик чыгашаларды жабуу үчүн ликвиддүү кара-жаттар жок болгон учурда, банктын жоюучусунун жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча мындай чыгашалар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Жоюу жол-жоболору токтотулуп турган мезгилде, иштөөнү улантуу жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр үчүн (электр энергиясы, суу менен жабдуу, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөмдөр жана башкалар) чыгашаларды кошпогондо, административдик чыгашалар каржыланбайт.
4. Улуттук банк административдик чыгашаларды жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлүүчү келишимдин негизинде берет.
5. Каражаттарды берүүнүн тартиби жана Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла турган административдик чыгашалардын түрлөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат.
6. Улуттук банк банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын ушул Мыйзамдын 115-беренесине ылайык жоюучу тарабынан ачылган атайын эсепке которот.
7. Административдик чыгымдарды жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кошулбайт жана ушул Мыйзамдын 121-беренесине ылайык жоюучунун административдик чыгашаларына кирет, ошондой эле жоюучу тарабынан кредиторлордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын орундатуу кезегинен тышкары жабылууга тийиш.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-116" title="116-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>