87-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана даттануу тартиби
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 10-глава
1. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин Улуттук банк белгилейт.
Жазма буйрук жана айып пул таасир этүүнүн негизги сыяктуу эле, кошумча чарасы да болуп саналат.
2. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары эгерде Улуттук банктын тиешелүү документинде, башкача белгиленбесе, ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Таасир этүү чаралары аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын таасир этүү чараларын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүүнүн башка чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Банкка карата колдонулган таасир этүү чарасы Улуттук банктын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Таасир этүү чарасы бузуулар табылган күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн.
5. Ушул Мыйзамга ылайык банктын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароодо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушу белгилүү болгону, ошондой эле мындай бузуулардын алдын алуу же четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралардын көрүлгөнү жөнүндө, анын ичинде банктын коллегиялык башкаруу органы тарабынан добуш берүү аркылуу чечимдер кабыл алынганы тууралуу Улуттук банкка өз убагында маалымдоо фактору эске алынат.
6. Банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамга ылайык колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.
7. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу Улуттук банктын чечими ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
87-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-87" title="87-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>