Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
110-берене. Жоюучунун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 16-глава
1. Жоюучу банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ак ниет жана кредиторлордун кызыкчылыгында иштөөгө милдеттүү.
2. Жоюучу өз милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу максатында:
1) өзү дайындалган учурдан тартып банкты өз башкаруусуна алат, активдерди, эсептерди жана документтерди инвентаризациялоону жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
2) банктын мүлкүн тескейт, кредиторлордун талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банктын алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлкүн жана активдерин иликтөөгө, аныктоого жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрөт;
3) кредиторлордун талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат;
4) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен кредиторлорго төлөөлөрдү жүргүзөт;
5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошуп алганда, банктын кандай болбосун милдеттенмелеринен баш тартууга укуктуу (кредиторлордун же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгымдар жагынан банктын кредиторлорунун же банктын кредиторлору болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан);
6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет;
7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичин-де банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу;
8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу;
9) ушул бөлүмдүн максаттары үчүн Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат;
10) жоюлуучу банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка берет;
11) банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу боюнча ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка иш-милдеттерди аткарат.
3. Жоюу жол-жобосу жүргүзүлүүчү банктын кызыкчылыгында сотко доо берилгенде, жоюучу бардык соттордо бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-110" title="110-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>