Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
114-берене. Жоюу планы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде жоюучу Улуттук банк менен макулдашуу боюнча банкты жоюу планын даярдайт. Улуттук банк ал келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен бул планды макулдашуу тартибинде кароого милдеттүү.
2. Улуттук банк менен макулдашылган планды жоюучу бекитүү үчүн сотко өткөрүп берет. Сот бул планды берилген күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде бекитет. Жоюу планы сот тарабынан бекитилгенден кийин Улуттук банкка жана бекитилген талаптардын тизмегине талаптары киргизилген банктын кредиторлоруна таанышуу үчүн берилет.
3. Жоюу планы алты айда бир жолу жаңыланып турат.
4. Жоюу планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) банк активдеринин жана пассивдеринин аларды болжолдуу жоюу наркы боюнча чагылдыруучу учурдагы балансы жана банктын активдеринин жана пассивдеринин алты айдан кийин күтүлгөн болжолдуу балансы; бул баланстарга кредиторлордун пассивдер катары кабыл алынган, бекитилген жана каршы пикирлер билдирилген талаптары көрсөтүлөт;
2) жоюу мезгилинин аралыгында банктын мурдагы жана болжолдонуучу кирешелери жана чыгашалары жөнүндө кварталдык отчеттору;
3) банктын негизги активдерин же активдер тобун сатуу боюнча аткарылган иштер жана сатуу пландары жөнүндө отчет;
4) алдамчылык макулдашууларды жана которууларды, ошондой эле ушундай макулдашуулардын жана которуулардын натыйжасында келип чыккан укуктарды жокко чыгаруу боюнча соттук иш-аракеттерди кошуп алганда, банктын талаптарын канааттандырууга багытталган соттук жана соттон тышкаркы аракеттер жөнүндө отчет;
5) банктын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери жана банктын пайдасына компенсация алууга багытталган иш-аракеттери жөнүндө отчет;
6) банк кызматкерлеринин финансылык камсыз кылууну кеңири талдоону кошуп алганда, камсыздандыруу келишимдери, эмгек келишимдери, кызмат көрсөтүүгө жана банкты тейлөөгө келишимдер сыяктуу учурдагы контракттардын колдонулушун улантуу же токтотуу жөнүндө отчет;
7) банктын милдеттенмелери тууралуу отчет жана кийинки жарым жылдын ичинде банктын кредиторлоруна болжолдуу төлөөлөрдүн графиги;
8) жоюуга кеткен мурдагы жана келечектеги коромжулар жана чыгашалар жөнүндө отчет;
9) жоюу мезгилине кирешелердин жана чыгымдардын сметасы.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-114" title="114-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>