115-берене. Жоюлуучу банктын атайын эсеби
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Жоюлуучу банктын каражаттарын топтоо үчүн жоюучу башка банкта жоюлуучу банктын атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада ачылышы мүмкүн.
2. Жоюлуучу банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуучу банктын атайын эсебине которулуусу зарыл.
3. Жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги турган каражаттар банктын кредиторлорунун талаптарын аткарууга жана жоюучунун административдик чыгашаларын жоюуга гана жумшалуусу зарыл.
4. Жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарына камоо коюуга, операцияларды токтото турууга жана өндүрүп алууга тыюу салынат.
5. Жоюлуучу банктын атайын эсеби турган банк жоюлган учурда, атайын эсептеги акча каражаттары жоюлуучу массага кошулбайт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке токтоосуз которулууга тийиш.
6. Жоюучу чейрек сайын жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш.
Сот Улуттук банктын сунушу боюнча жоюучунун административдик чыгашаларын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-115" title="115-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>