125-берене. Активдерди сатуу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Банктын активдерин инвентаризациялоо жана баалоо аяктагандан кийин жоюучу бир айдын ичинде Улуттук банк менен макулдашуу боюнча мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык тооруктардын формасы жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү формасы, аны сатуунун баштапкы баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу формалары жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган банктын активдеринин (мүлкүнүн) тизмегин бекитүү үчүн сотко берүүгө милдеттүү.
2. Банктын сатылууга тийиш болгон активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги сот тарабынан бекитилгенден кийин, жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен аларды сатып өткөрүүгө киришет.
3. Банктын мүлкүн баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Банктын кыймылсыз мүлкүн сатып өткөрүү аукцион өткөрүү аркылуу гана жүргүзүлөт. Эгерде аукцион өткөн жок деп таанылса, аукцион милдеттүү түрдө кайрадан өткөрүлөт. Эгерде кыймылсыз мүлк кайрадан өткөрүлгөн аукциондо сатылып өткөрүлбөсө, жоюучу соттун макулдугу менен аны башка ыкма менен сатып өткөрүүгө укуктуу.
5. Өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү сактоо менен активдерди сатуу соттун макулдугу менен гана түздөн-түз сатуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Жоюучу банктын активдерин кредиторлордун негизги кызыкчылыктарында, рынок баасы боюнча, себепсиз кечиктирүүсүз сатууга милдеттүү. Эгерде активдерди сатып өткөрүүгө мүмкүн болбосо, аларга суроо-талаптын аздыгынан баасы төмөн болсо же ээликтен ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, же болбосо башка себептерден рыноктук баада сатып өткөрүүгө мүмкүн болбосо, жоюучунун ушул милдеттери өзгөрүүгө кириптер болушу мүмкүн.
7. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Кредиторлор банктын активдерин баалоо жана аларды сатып өткөрүү жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
125-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-125" title="125-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>