119-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу эрежелери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
Жоюучу банктын активдерин сатып өткөрүүдөн алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерден улам ушул Мыйзамдын башка талаптарын эске алуу менен төмөнкүдөй бөлүштүрөт:
1) ар бир кийинки кезектеги кредиторлорго карызды төлөө алдында ага чейинки кезекте турган бардык кредиторлордун талаптары толугу менен канааттандырылууга тийиш;
2) бир кезекте турган кредиторлорду канааттандырууда ушул кезекте турган бардык кредиторлор өз ара тең укуктуу жана тиешелүү карызды пропорционалдуу төлөөдө бирдей укукка ээ;
3) эгерде кайсы бир мүлк бир нече анык күрөөлөрдүн предмети болуп саналса, анда мындай күрөөлөр менен камсыз кылынган кредиторлордун ортосундагы артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;
4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда, активдер бир кезекте турган кредиторлорго алардын макулдугу менен жана соттун макулдугу менен карыздарды толук жоюунун эсебине түздөн-түз өткөрүлүп берилиши мүмкүн;
5) кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
119-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-119" title="119-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>