77-берене. Банктын ишине инспектордук текшерүү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84
1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгилдүү инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат.
2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөрдү баалоо жүзөгө ашырылат:
1) банктын финансылык абалына, башкаруунун сапатына жана натыйжалуулугуна;
2) банктын бекемдигине жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге;
3) банктын финансылык жана регулятивдик отчеттуулугунун аныктыгына;
4) банктын Улуттук банктын жазма буйруктарын, талаптарын жана сунуштамаларын аткаруусуна;
5) банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сактоосуна;
6) банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусуна;
7) банктын антифрод-системасынын натыйжалуу иштөөсүнө, анын ичинде анын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө.
3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) банктын кандай болбосун орун жайына кирүүгө, кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылууга, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүн алууга;
2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, банкка кызмат көрсөтүүчү башка жактар, банктын кардарлары менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга;
3) банкты инспектордук текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө.
4. Текшерилүүчү банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдору, PIN-коддору) тууралуу маалыматтарды кошпогондо, Улуттук банкка зарыл бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө;
2) текшерилүүчү банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда, Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын маалымат системаларына жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
3) өзүнчө орун жай, тиешелүү техникаларды жана байланыш каражаттарын берүүгө;
4) башка кызматташууну жүзөгө ашырууга.
5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыктары бар кандай болбосун башка компанияларга жана банк менен байланышы бар кандай болбосун башка жактарга жайылтылат.
6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин Улуттук банк аныктайт.
7. Банкты инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуя документи болуп саналат жана Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө отчет менен Улуттук банк белгиле-ген мөөнөттө, кол коюп таанышууга милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-77" title="77-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>