107-берене. Банктын ыктыярдуу түрдө жоюлушу (өзүн-өзү жоюу)
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 15-глава
1. Банктын ыктыярдуу жоюлушу банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда, банктын акционерлеринин жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин добушу менен кабыл алынган чечими боюнча, соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт. Банктын ыктыярдуу жоюлушу Улуттук банктын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
2. Банктын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечиминен кийин банк бардык аманатчылары менен толук эсептешүү жүргүзүүгө же болбосо банктык аманат келишимдеринен келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүгө, андан кийин лицензияны кайра кайтарып алуу жана банктын ыктыярдуу жоюлуу жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнмө менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.
3. Банктын лицензияны кайра кайтарып алуу жана ыктыярдуу жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) банкты ыктыярдуу жоюу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечими;
2) банктын бардык аманатчылары менен толук эсептешүү жөнүндө же банктык аманат келишимдеринен келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө маалымат;
3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жоюучунун талапкерлиги;
4) аудитордук корутунду менен ырасталган банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчеттуулугу;
5) ыктыярдуу жоюу планы;
6) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка зарыл маалыматтар.
4. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө банктын өтүнмөсүн кароого жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү:
1) лицензияны кайра кайтарып алуу, банкты ыктыярдуу түрдө жоюуну баштоо жана жоюучуну дайындоо жөнүндө. Эгерде Улуттук банк банк сунуштаган жоюучунун талапкерлигин канааттандырбаган учурда, Улуттук банк башка жоюучуну дайындоого укуктуу;
2) ушул берененин талаптарын бузуу менен берилген банктын өтүнмөсүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө же болбосо банкты ыктыярдуу жоюу планы Улуттук банктын баалоосу боюнча алгылыксыз болуп саналса;
3) эгерде Улуттук банктын баалоосу боюнча банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болгон учурда, банктын лицензиясын кайра кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө.
5. Улуттук банк тарабынан лицензияны кайра кайтарып алуу жана банкты ыктыярдуу жоюуну баштоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жөнүндө чечими кайра кайтарылып алынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
6. Жоюучунун корутунду отчетун жана банкты жоюу балансын бекитүүнү кошпогондо, Улуттук банк тарабынан лицензия кайра кайтарып алынгандан жана ыктыярдуу жоюу башталгандан тартып акционерлердин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктары банктын жоюучусуна өтөт.
7. Банкты ыктыярдуу жоюуну жүргүзүүнүн тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 14.12.2023 · № 207
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-107" title="107-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>