6-берене. Банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн негиздери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу юридикалык жактарды, жеке адамдарды, жеке ишкерлерди түшүнүүгө болот.
2. Кардарлар финансы-кредит уюмун жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо эркиндигине ээ. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын талабы боюнча уюштуруу, уруксат документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
Ушул главанын жоболору банктарга, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга, анын ичинде өз ишин банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучуларга банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-ноябрындагы №532 "Кыргыз Республикасынын бийиктоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана жоиомикалык иш- аракст…Постановление · 17.11.2005 · № 532 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-6" title="6-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>