74-берене. Банктык көзөмөлдүн максаттары үчүн маалымат жана документтер
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар отчетторду, документтерди жана башка кандай болбосун маалыматтарды Улуттук банктын талабы боюнча өз убагында берип турууга милдеттүү.
2. Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга кирбеген маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү максаттары үчүн зарыл учурларды кошпогондо, жарыяланууга же берилүүгө жатпайт.
3. Улуттук банк, банктык топ үчүн көзөмөлдү консолидацияланган негизде жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон алардын иши жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-74" title="74-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>