118-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графиги
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Кредиторлордун бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.
2. Жоюучу тарабынан бекитилген ошол талаптар түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр кредиторлордун талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шарттарда, жоюучу кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.
3. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, кредиторлорду аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн болбогонунан төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайын эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммалар жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин суралбаса, алар жоюлуучу банктын жайгашкан жери боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.
4. Жоюучу кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталганы жөнүндө кабарламаны республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашы керек, анда көрсөтүлгөн кредиторлорго каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-118" title="118-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>