91-берене. Убактылуу администрация киргизүүнүн негиздери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 12-глава
1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин кайсынысы боюнча болбосун банкка убактылуу администрация киргизүүгө милдеттүү:
1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (жөндөөчү) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн кеминде жетимиш беш пайызын түзсө;
2) капиталдын адекваттуулук коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк белгилеген коэффициенттин маанисинин өлчөмүнүн элүү пайызынан азды түзсө;
3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күнү ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча кредиторлордун укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо.
2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин кайсынысы боюнча болбосун банкка убактылуу администрация киргизүүгө укуктуу:
1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баасы боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деп эсептөөсүнө негиздер болсо;
2) ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды кайра чакыртып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;
3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү пикир келишпестиктер болсо жана/же банктын өз ыктыяры менен жоюлушуна баш тарткан учурду кошуп алганда, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз иш-милдеттерин аткара албай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда;
4) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-91" title="91-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>