30-берене. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган чет өлкөлүк банктын фирмалык аталышына толук дал келген фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.
2. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жана алардын ишине карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
3. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн ачылганы жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялайт.
4. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн фирмалык аталышын, жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
5. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келген учурда, Улуттук банк чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты кайтарып алууга укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-30" title="30-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>