117-берене. Кредиторлордун талаптарын кабыл алуу жана каттоо
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, кредиторлордун талаптары банкка карата жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө кабарлама республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып алтымыш календардык күн ичинде, жазуу жүзүндө жоюучуга берилүүгө тийиш.
2. Сот бул мөөнөттү бардык кредиторлор үчүн отуз календардык күнгө бир жолу узарта алат. Кредиторлордун талаптарын кабыл алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат жоюучу тарабынан жарыяланууга тийиш.
3. Талаптарды коюуда кредитор коюлган талаптар менен катар кредиторду идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды, ошондой эле анын банктык реквизиттерин (эгер болсо) көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Кредиторлордун талаптары мындай талаптарды коюу үчүн негиздерди ырастаган документтер менен бирге кабыл алынат.
5. Банк тарабынан чагылдырылган суммага караганда чоң же кичине суммага талаптарды кошпогондо, банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринде чагылдырылган кредиторлордун талаптары кошумча далилдерсиз, документтерде чагылдырылгандай түрдө кабыл алынат.
6. Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык аманатчылардын талаптарын жоюучу аманат боюнча (кепилденген аманат) компенсациянын суммасынан ашкан бөлүгүндө гана кабыл алат.
7. Кредиторлордун суммалары аныкталбаган талаптары көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган нарк боюнча кабыл алынышы мүмкүн.
8. Талаптар каралгандан кийин жоюучу кабыл алган талаптарды Кабыл алынган талаптардын тизмегине, ал эми ал кабыл алуудан четке кагылган талаптарды - четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен, Четке кагылган талаптардын тизмегине киргизет. Жарым-жартылай четке кагылган талаптар эки тизмекке - тиешелүүлүгүнө жараша кабыл алынган жана четке кагылган бөлүктөргө киргизилет. Эки тизмекте тең ар бир кредитор боюнча аталышы жана дареги, талаптарынын суммасы, камсыз кылуунун болгону жана кредиторду идентификациялоо жана карыздарды төлөө үчүн башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт.
9. Эки тизмек тең талаптарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып кырк беш календардык күндөн кечиктирилбестен жоюучу тарабынан бекитилет, бул жөнүндө жоюучу ар бир он беш календардык күндүн аралыгында үч жолудан кем эмес республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына кредиторлордун талаптарынын тизмектери бекитилгени тууралуу кабарламаны жарыялайт. Тизмектердин көчүрмөлөрү Улуттук банкка берилет.
10. Кредитор талаптардын тизмегинде көрсөтүлгөн жоюлуучу банкка карата өз талаптарынын өлчөмү жана аны канааттандыруунун кезектүүлүгү менен таанышууга укуктуу.
Кредиторлор жоюучудан жоюлуучу банктын финансылык абалы жөнүндө жана жоюу процессинин жүрүшү жөнүндө маалыматты талап кылууга укуктуу.
11. Кредиторлор өздөрүнүн талаптарына карата жоюучунун чечимине жоюучунун акыркы кабарламасы жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен сотко даттанууга укуктуу.
12. Жоюучу тарабынан бекитилген кредитордун талаптарынын тизмектери, эгерде алар белгиленген мөөнөттө сотко даттанылбаса, биротоло акыркы мүнөзгө ээ болот.
13. Жоюучу четке кагылган талаптардын эсебине эч кандай төлөөлөрдү жүргүзбөйт.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
117-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-117" title="117-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>