139-берене. Апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда сот өндүрүшү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 18-глава
1. Биринчи инстанциядагы соттун чечими апелляциялык же кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Апелляциялык даттанууну карап чыгуу боюнча соттун апелляциялык инстанциясынын актысы келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен иш менен бирге сотко киргизилет.
3. Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөрүүсүз, ал эми даттанууну - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;
2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу тууралуу.
Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңы кароого жөнөтүүгө жол берилбейт. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана кабыл алынган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Кассациялык даттанууларды кароо боюнча соттун кассациялык инстанциясынын актысы келип түшкөн күндөн тартып жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен берилген иш менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна киргизилет.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкүдөй токтомдорду кабыл алат:
1) кассациялык даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жана биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтыруу жөнүндө;
2) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана (же) маңызы боюнча жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө.
Төмөн турган инстанциядагы соттордун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жөнөтүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана даттанууга жол берилбейт.
6. Кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык даттануу каралганга чейин жоюучунун карыздар-банктын активдерин ээликтен ажыратууга байланышкан кандай болбосун иш-аракеттерди жасоосуна тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгарууга укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
139-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-139" title="139-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>