75-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкү түрлөрү белгиленет:
1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;
2) өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү;
3) капиталдын жетиштүүлүк (адекваттуулук) стандарттары;
4) бир зайымчыга же байланыштагы зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;
5) ликвиддүүлүк ченемдери (көрсөткүчтөрү);
6) валюталык, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды башкаруу боюнча талаптар;
7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар;
8) Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү.
2. Экономикалык ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын, чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат.
3. Улуттук банк банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүнүн критерийлерин белгилейт жана аларга карата экономикалык ченемдердин, көрсөткүчтөрдүн, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн жана түрлөрүн белгилөөгө укуктуу. Банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын тутумдук маанилүүлүгү Улуттук банк тарабынан аныкталат.
4. Улуттук банк банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банктар үчүн экономикалык ченемдерди, көрсөткүчтөрдү жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.
5. Банктар, алардын кызмат адамдары жана акционерлер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузганы үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-75" title="75-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>