123-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Жоюучу келишимди бузуу болжолдонгон күнгө чейин отуз календардык күн мурда контрагенттерди милдеттүү кабарлама жиберүү менен банктын учурдагы кандай болбосун келишимин бир тараптуу негизде бузууга укуктуу. Мында жоюучу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте контрагенттерге кредиторлордун талаптарын жоюучуга жеткирүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлоого тийиш.
2. Жоюучу тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте бузулбаган келишимдерди, ошондой эле жоюучу өзү түзгөн келишимдерди аткаруу, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү максатында жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башкалар) банкты жоюу жол-жобосу башталганына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө банк менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу тартипте бузууга укуксуз.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
123-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-123" title="123-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>