111-берене. Жоюучунун отчеттору
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 16-глава
1. Жоюучу сотко, Улуттук банкка, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна (ыктыярдуу түрдө жоюуда) алдын ала, учурдагы жана корутунду отчетторду берет.
2. Алдын ала отчет банкты жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып жоюучу тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирбестен берилүүсү зарыл.
3. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө кезектеги отчет жоюучу тарабынан ар кварталдык негизде берилет.
4. Корутунду отчет жоюучу тарабынан ушул Мыйзамга ылайык берилет.
5. Улуттук банк жоюучунун отчетторунун түзүмүнө жана мазмунуна карата талаптарды аныктайт.
6. Улуттук банк жоюучудан жоюучунун ишине тиешелүү, анын ичинде банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча пландалган жана иш жүзүндөгү административдик чыгашалар жана алардан четтөөлөрдүн себептери боюнча маалыматты талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
111-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-111" title="111-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>