105-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 15-глава
1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын өзүнүн жайгашкан өлкөдөгү иштери токтотулганда, анын акча каражаттары жана башка активдери ушул Мыйзамда каралгандардан башкача өткөрүп берилиши/ажыратылышы/алып коюлушу/өндүрүп алынышы мүмкүн эмес.
3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда, чет өлкөлүк банктын филиалынын кредиторлору карызды төлөп берүү талаптары менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда, чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
105-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-105" title="105-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>