92-берене. Убактылуу администрация киргизүүнүн кесепеттери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 12-глава
92-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 92-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Банкка убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып төмөнкү кесепеттер келип чыгат:
1) банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотула турат жана убактылуу администрацияга өтөт. Юридикалык жак катары банктын атынан убактылуу администрация гана чыгууга укуктуу. Ким болбосун, банктын атынан кандай болбосун иш-аракеттерди жасабасын, бардыгы жараксыз деп эсептелет;
2) эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, бардык банктык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер токтотула турат;
3) банктын ишенимдүү башкарууда турган мүлкүн кошпогондо, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу токтотула турат;
4) банк тарап катары чыгуучу жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшү токтотула турат;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын банкка карата кабыл алынган кандай болбосун мажбурлоочу актыларын аткаруу токтотула турат;
6) банктын бардык карыздык милдеттенмелери, анын ичинде бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча пайыздарды, үстөк айыпты жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат;
7) пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдында башка кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сый акылар, бонустар жана башка дем берүүчү төлөмдөр) төлөө токтотулат.
2. Убактылуу администрация мезгилинде банктык операцияларды жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
3. Улуттук банктын чечими боюнча убактылуу администрация банкка байланышы жок жактардын аманаттары боюнча төлөмдөрдү ишке ашырышы мүмкүн.
4. Улуттук банктын макулдугу менен ушул Мыйзамда каралган төлөм системаларында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системаларында биротоло эсептешүүлөрдүн эрежелери колдонулушу мүмкүн.
5. Банк убактылуу администрация ушул Мыйзамга ылайык банктын атынан жүргүзгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча толук жоопкерчилик тартат.
6. Убактылуу администрация мезгилинде эмгек акыны төлөө жана кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу токтотулбайт.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башка кызматтар) убактылуу администрациянын киргизилишине байланыштуу банк менен түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишимдерин бир тараптуу негизде токтотууга укугу жок.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
92-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-92" title="92-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>