73-берене. Банктык көзөмөл
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Улуттук банк банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштерин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Банктык көзөмөл тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен, ошондой эле жөндөөчү ченемдерди чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү методдорун тышкы көзөмөлдөө менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөлдөө стратегиясын аныктайт.
3. Ушул бөлүмдүн талаптары алардын өзгөчөлүгүн жана атайын мыйзамдардын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактарга жайылтылат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-73" title="73-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>