102-берене. Сотко чейинки даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 28
1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.
2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин колдонулушун токтото тура албайт.
3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызы боюнча карайт. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө бир жолу узартууга укуктуу.
5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-102" title="102-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>