Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
112-берене. Банкты жоюу жол-жобосун баштоонун кесепеттери
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Банкты кандай болбосун формада жоюу башталган учурдан тартып:
1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун (ушул Мыйзамда белгиленген банкты ыктыярдуу жоюудагы айрым ыйгарым укуктарды кошпогондо), Директорлор кеңешинин жана банктын Башкармасынын, ошондой эле убактылуу администрациянын белгиленген тартипте токтоосуз жоюучуга өткөрүп берилүүчү ыйгарым укуктары токтотулат;
2) Улуттук банк же банкка дайындалган жоюучу же алардын атынан башка ыйгарым укуктуу жак жүзөгө ашыруучу аракеттерди кошпогондо, банк тарабынан же анын атынан жасалган аракеттер юридикалык күчкө ээ болбойт;
3) эгерде банктын бардык карыздык милдеттенмелерин жабуу мөөнөтү мурда келип жетпесе, анда келип жеткен катары эсептелет;
4) банкка карата мүлктүк мүнөздөгү, анын ичинде милдеттүү төлөмдөр боюнча бардык талаптар жоюу жол-жобосунун алкагында гана коюлушу мүмкүн;
5) банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча үстөк айып (айып пулдар, туумдар) жана пайыздарды кошуп эсептөө токтотулат, жоюу жол-жобосу башталган учурга карата кошуп эсептелген суммалар ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө тийиш;
6) банктык сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматтар купуялуулукту камтыган же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтар категориясына киргизилүүсү токтотулат;
7) банктын мүлкүн ажыратууга, карыздарды төлөөгө, милдеттенмелерди жабууга байланышкан же болбосо анын мүлкүнүн үчүнчү жактардын пайдалануусуна өтүүсүнө алып келген бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жоюу жол-жобосунун алкагында гана жол берилет;
8) банкка карата кандай болбосун, анын ичинде банктын милдеттенмелерин мажбурлап аткартууга багытталган соттук иштер, ошондой эле банктын активине камоо коюулар жана анын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөр токтотулат. Жаңы камоолорду коюуга же банктын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөргө жол берилбейт;
9) банктын активдерине, анын ичинде банктык эсептерге же башка мүлккө камоо коюуга жана өндүрүүгө багытталган кандай болбосун соттук актылар (чечим, аныктама, токтом, аткаруу баракчасы, буйрук) банкты жоюу жол-жобосунун алкагында гана аткарылууга тийиш;
10) банкка жана анын активдерине карата башка мажбурлоо жол-жоболору козголбойт;
11) жоюлуучу банк үчүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган башка кесепеттер келип чыгат.
2. Жоюучу дайындалган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде өзүнүн дайындалганы жөнүндө билдирүүнү банктын негизги иш жүргүзгөн жери боюнча республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү. Билдирүү эки жолу жети жумуш күнү ичинде жарыяланат.
3. Аталган билдирүүдө төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) жоюлуучу банктын расмий аталышы жана башка реквизиттери;
2) жоюу жол-жобосун баштоонун негиздери жана датасы;
3) жоюучу жөнүндө маалыматтар;
4) жоюлуучу банктын кредиторлору тарабынан талаптар коюла баштаганы тууралуу маалымат;
5) кредиторлор жоюлуучу банкка карата өз талаптарын коюусу үчүн банктын дареги;
6) талаптарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган дата;
7) башка маалыматтар.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-112" title="112-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>