Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
97-берене. Банкты кайра капиталдаштыруу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 13-глава
1. Банкты кайра капиталдаштыруу - бул кошумча капиталды киргизүү, чыгымдарды жабуу, акционерлердин жана банкка байланыштуу жактардын алдындагы милдеттенмелерди кошуп алганда, банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүү, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу капиталды өзгөртүү, активдердин түзүмүн жана пассивдердин түзүмүн өзгөртүү.
2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүргүзүүдө банктын акционерлеринин жана кредиторлорунун макулдугу талап кылынбайт.
3. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептеринин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын ж.б.) эсебинен чыгымдарды жабуу аркылуу. Мында ушундай акциялар жокко чыгарылат;
2) банктын акционерлеринин жана банкка байланыштуу жактардын алдында анын милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдарды жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Мында ушундай милдеттенмелер токтотулат;
3) жаңы акциялардын эмиссиясы жана аларды сатуу аркылуу;
4) субординацияланган кредитти тартуу аркылуу;
5) башка чараларды көрүү аркылуу.
4. Банктын милдеттенмелерин төмөнкүлөргө карата капиталга өзгөртүп түзүүгө жол берилбейт:
1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам боюнча корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча;
2) кредиторлордун күрөө предметинин наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыз кылынган талаптары боюнча;
3) банктын каражаттарынан бөлөк эске алынган кардарлардын алдындагы;
4) эмгек акы, жөлөк пулдар боюнча, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге;
5) банктын бюджетке жана бюджеттен тышкаркы башка фонддорго милдеттүү төлөмдөрү боюнча.
5. Системалуу банкты кайра капиталдаштырууга катышуу тууралуу чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды тартуу менен системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштыруу, ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
6. Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен же анын кепилдиги менен кайра капиталдаштырууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
7. Системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштырууга Улуттук банктын макулдугу менен башка жактар катыша алышат.
8. Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чаралардын тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-97" title="97-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>