124-берене. Төлөм системаларындагы жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системаларындагы эсептешүүлөрдүн биротоло аяктагандыгы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Ушул беренеде төмөнкүлөр белгиленет:
1) банк тарабынан төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундай деп таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда кайра кайтарылып алынгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү;
2) эгерде банкты жоюу жол-жобосу башталгандан кийин банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууга кайра кайтарып алынгыс тапшырманы төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына өткөрүп берсе, алар эгерде жоюучу которуу жөнүндө тапшырма кайра кайтарып алынганга чейин банкты жоюу башталганы жөнүндө системанын операторуна белгилүү болгонун далилдей алган учурда юридикалык күчкө ээ болбойт жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү эмес.
2. Банкты жоюу жол-жобосу башталганга чейин кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн контракттар жана бүтүмдөр, төлөм системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы аркылуу жүргүзүлгөн банкты жоюу жол-жобосу башталганынан улам Улуттук банк тарабынан ушундай деп таанылган клирингдин натыйжаларын жокко чыгарууга алып келбейт.
3. Системанын оператору, катышуучу, эсептешүүлөрдөгү ортомчу жана клиринг борбору банкты жоюу жол-жобосу башталганы жөнүндө аларга маалым болгондон тартып акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына которулушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
4. Ушул берененин максаттары үчүн:
1) төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына өткөрүлгөн которууга тапшырма бул системанын эрежелери менен аныкталуучу учурда кайра кайтарылып алынбай турган болуп калат;
2) "клиринг" которууга тапшырмалардан келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге кайра түзүлүшүн билдирет, мында натыйжада бир таза талап же бир таза милдеттенме гана калгандай кылып, эсептешүүлөр системасынын бир же бир нече катышуучулары аларды ушул системанын бир же бир нече башка катышуучуларына көрсөтүшөт же алардан алышат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-124" title="124-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>