81-берене. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 9-глава
1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун кандай болбосун катышуучусунун же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өзүнө албашы керек.
2. Банктык топ жана анын катышуучулары банктык топтун тиешелүү ишине, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдиктерди башкаруунун жана ички контролдун талаптагыдай системасына (саясатына) ээ болууга тийиш.
3. Банктык топ жана анын катышуучулары Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестициялардын өлчөмдөрү жана консолидацияланган негиздеги валюталык позицияга чектөөлөрүн сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу жана иштеги чектөөлөр боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдөр жана операциялар боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
4. Банктык топтун башында турган банк, банктык холдингдик компания жана юридикалык жактардын тобун контролдоочу башкы компания Улуттук банктын ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системасына карата талаптарынын банктык топ тарабынан сакталуусу үчүн жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-81" title="81-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>