67-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2026 года № 105
1. Банк банктык сырды түзгөн маалыматты, ушул беренеде башкача каралбаса, кардардын өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча кандай болбосун жактарга берүүгө укуктуу.
2. Банк Улуттук банкка банктык сырды түзгөн кандай болбосун маалыматты берүүгө милдеттүү. Улуттук банк банктык сырды түзгөн маалыматты мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, ошондой эле банктык көзөмөлдөө максаттары үчүн ушул Мыйзамда каралган тартипте башка мамлекеттердин борбордук банктарына/көзөмөлдөө органдарына жана башка жактарга берүүгө укуктуу.
3. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды банк төмөнкүлөргө берет:
1) Кыргыз Республикасынын сотуна - соттук актынын негизинде;
2) финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
3) ыйгарым укуктуу салык органына- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салуу максаттары үчүн;
4) кредиттик бюролорго - кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык;
5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтерди бергенде, ошондой эле алардын өндүрүшүндө каза болгон адамдардын аманаттары, электрондук акчалары, сейф уячалары, металл эсептери жана жарандык укуктарынын башка объекттери жөнүндө мураскерлик иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - нотариустун же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын расмий суроо-талабынын негизинде.
4. Банктык сырды түзгөн маалымат ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кандай болбосун башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилет.
5. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүүдө ушул берененин 2-4-бөлүктөрүнө ылайык банктын кардарларынын макулдугу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 28-майындагы № 107 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 8 июля 2026 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам наследования электронных денег"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 мая 2025 года № 107 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
08.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - кошулду: алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алынып салынды: мураскерлик кошулду: мурастоо (укук улантуу) укугун алынып салынды: (укук улантууну) ырастоочу документтерди алынып салынды: көрсөткөндө, кошулду: бергенде, ошондой эле алынып салынды: нотариустарга алардын өндүрүшүндө алынып салынды: турган каза болгон алынып салынды: аманатчылардын аманаттары кошулду: адамдардын аманаттары, электрондук акчалары, сейф уячалары, металл эсептери жана жарандык укуктарынын башка объекттери жөнүндө мураскерлик алынып салынды: иштер боюнча кошулду: иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - нотариустун алынып салынды: маалымат берүү жөнүндө кошулду: же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын расмий суроо-талабынын негизинде.
4. Банктык сырды түзгөн маалымат … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 28-майындагы № 107 кошулду: , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-67" title="67-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>