109-берене. Жоюучунун статусу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 16-глава
1. Жоюучу Улуттук банктын сунуштамасы боюнча соттун чечими менен дайындалат. Банктын жоюучусунун милдетин аткаруучу талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт.
Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, юридикалык жак катары банктын жалгыз мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата ыктыярдуу же мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен чыгат.
2. Жоюучунун негизги милдети банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана ушул Мыйзамга ылайык кредиторлордун ортосунда каражаттарды бөлүштүрүү болуп саналат.
3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурларды кошпогондо, жоюучуга ушул Мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт.
4. Сот жоюучунун, анын ичинде Улуттук банктын сунушу боюнча, эгерде өз иш-милдетин жана ыйгарым укук-тарын талаптагыдай аткарбаганын, Улуттук банкка маалымат бербегенин же жоюучунун өз милдетин аткарууга укуксуз, же болбосо кудуретсиз экенин аныктаса жоюучуну алмаштырат. Жоюучуну алмаштыруу тартибинде дайындалуучу жак да сотко Улуттук банк тарабынан сунушталат.
Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча банк ыктыярдуу түрдө жоюлганда Улуттук банк жоюучуну алмаштырууга укуктуу. Жаңыдан дайындалган жоюучу жоюучунун ыйгарым укуктарына белгиленген тартипте киришет.
5. Жоюучуга сый акы жоюлуучу банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок ал убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра кайтарылып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде эсептелген жоюлуучу банктын башкармасынын төрагасынын кызматтык айлык акысынан, же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датага чейин банкта иштеген убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра кайтарылып алынганга чейин иштеп жаткан банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.
6. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунуштамасы болбогондо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталат.
7. Сый акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун сарптоолоруна (административдик чыгашаларга) кирет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
109-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-109" title="109-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>