132-берене. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 18-глава
Улуттук банктын сотко арызы
1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;
2) жоопкер банктын фирмалык аталышы, анын почта жана юридикалык дареги;
3) лицензияны кайра кайтарып алуунун ушул Мыйзамда каралган негиздери;
4) ишти туура чечүү үчүн башка маалыматтар;
5) тиркелүүчү документтердин тизмеги.
2. Арыз берүүчү арыздын көчүрмөсүн жоопкер банкка жөнөтүүгө милдеттүү.
3. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету;
2) лицензияны кайра кайтарып алуу тууралуу Улуттук банктын чечиминин көчүрмөсү;
3) лицензияны кайра кайтарып алуунун негиздүүлүгүн ырастаган башка зарыл документтер.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
132-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-132" title="132-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>