Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
84-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 10-глава
1. Улуттук банк банкка, анын акционерлерине жана кызмат адамдарына, ошондой эле банктык топко карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонот.
2. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуунун максаты Кыргыз Республикасынын банктарынын жана бүтүндөй банк системасынын туруктуулугун жана бекемдигин колдоо үчүн көйгөйлөргө алдын ала ыкчам чара көрүү, түзөтүүлөрдү киргизүү жана четтетүү, аманатчылардын, башка керектөөчүлөрдүн жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча, анда каралган учурларда жана тартипте колдонулат. Банкка карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, түрүн (түрлөрүн айкалыштыруу) жана тартибин Улуттук банк өз алдынча аныктайт.
Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбанын белгилерин белгилейт жана ага карата банктардын, алардын кызмат адамдарынын катыштыгын аныктайт, ошондой эле алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага катыштыгынын укуктук кесепеттерин аныктайт.
4. Улуттук банк банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу менен, банктык тажрыйбанын жогорку стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугун сактоонун зарылдыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын, банк менен байланыштуу жактардын жана бардык башка жактардын таасири алдында болууга, же болбосо Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларынан улам алар тартуучу потенциалдуу чыгымдарды көңүлгө алууга укугу жок.
5. Жарыялоо банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурдан тышкары, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурларды кошпогондо, Улуттук банктын банктарга карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын кандай болбосун өзгөрүүлөрү же токтотулганы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Аталган маалыматты жарыялоонун мөөнөттөрү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтардын жарыяланышы банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-84" title="84-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>