90-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 12-глава
1. Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилүүчү банкты башкаруунун жана ишинин атайын режими.
2. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:
1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролдоону белгилөө;
2) банктагы иштин айкын абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо;
3) банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу.
3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын иштөө мөөнөтү алты айдан көп эмес мөөнөткө, бир жолу узартылышы мүмкүн.
4. Убактылуу администрация убактылуу администрациянын иштөө мөөнөтү бүткөндө, же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
5. Улуттук банктын убактылуу администрация киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга жеткирилет.
6. Улуттук банк убактылуу администрация мезгилинде кандай убакта болбосун банктын лицензиясын кайта кайтарып алууга жана аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу.
7. Улуттук банктын убактылуу администрация киргизүү жана анын ишин токтотуу жөнүндө чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат.
8. Ушул главанын жоболору Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга алардын өзгөчөлүгүнө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жайылтылат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-90" title="90-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>