72-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруу жана маалымат алмашуу максатында кредиттик таржымалды түзүү жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануучуларга берүү үчүн юридикалык жактар түзүлүшү мүмкүн.
2. Банктар өз ара макулдашуунун негизинде банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз ара алмашууга укуктуу.
3. Ушул берененин максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалымат "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, банк тарабынан кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо менен берилиши мүмкүн.
4. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана жүгүртүү ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт. Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн берилүүчү жана жүгүртүлүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматтар дегенде кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган кредиттик маалыматтар түшүнүлөт.
Мында кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн кардардын эсептери тууралуу маалымат күрөөнүн жүйөсү катары каралган акча каражаттары жөнүндө маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү менен чектелет, ал эми кардардын тапшыруусу боюнча аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтар кепилдиктер же кепилдик берүүчү түрүндө берилген камсыз кылуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана жүгүртүү менен чектелет.
5. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз кардарларынын - кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен кредиттик бюролорго берет.
Кредиттик бюролор банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен кредиттик маалыматты пайдалануучуларга берет. Кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда, ал жөнүндө кредиттик маалыматты өткөрүп берүү үчүн кредиттик маалымат субъектинин макулдугун алуу талап кылынбайт.
6. Банктар, кредиттик бюролор жана кредиттик маалыматтарды пайдалануучулардын ортосунда банктык сырды түзгөн маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын тартибинде жана ага ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-72" title="72-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>