Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
94-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 12-глава
1. Убактылуу администратор өз ыктыярдуу жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
Акционерлердин жалпы чогулушу ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, ал убактылуу администратор тарабынан бекитилет.
2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка кредиторлордун эң мыкты кызыкчылыгында ак ниет жана акыл ченемдүүлүк менен иш алып барууга тийиш.
3. Убактылуу администратор өз иш-аракеттерин Улуттук банк менен координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.
4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-94" title="94-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>