26-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84
1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат.
Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жеке өзү же башка жактар менен биргеликте юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат. Ушул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат.
2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде:
1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе;
2) туунду компаниянын ишинде келип чыккан тобокелдиктерди контролдоо жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик жекелигин колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса;
3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык туруктуулугу жана бекемдиги үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө;
4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.
3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниялары инвестициялоо иши менен алектене алышат. Ишин банктык иштин ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниясынын инвестициялык ишти жүргүзүү тартиби жана эрежелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен көз каранды компанияны сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, анын ичинде банктык жана/же финансылык ишке байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде:
1) компания, тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же өз ишин жүзөгө ашырса;
2) компаниянын катышуучулары ушул Мыйзамда аларга карата чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналса.
6. Банк төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компания түзүүгө укугу жок, эгерде:
1) мындай компаниянын каттоосу жана/же анын ишин жүзөгө ашыруусу тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук чөлкөмдөрдө, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү эл аралык санкциялар киргизилген мамлекеттерде жана аймактарда экени болжолдонсо;
2) компаниялардын тең уюштуруучуларына карата, алар ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар болуп саналышса.
7. Банкка туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
8. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптары Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 апреля 2025 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере оказания банковских услуг"Редакцияларды салыштыруу
28.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аткарылса.
3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык алынып салынды: иштерди, ошондой эле кошулду: ишти, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга алынып салынды: байланыштуу ишти кошулду: байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алынып салынды: алышат.
кошулду: алат.
Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө … сатып алышы же түзүшү мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары алынып салынды: банк кошулду: банктык жана/же финансылык ишти, анын ичинде банктык жана/же финансылык ишке алынып салынды: байланыштуу кошулду: байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди алынып салынды: кошуп алганда, банк жана/же финансылык ишти гана жүзөгө ашыра алынып салынды: алышат.
кошулду: алат.
5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, … Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактарга да жайылтылат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Об установлении требований по определению субъектов и перечня оффшорных зон"Постановление · 22.04.2003 · № 13/2
- О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики «Об установлении требований по определению субъектов и перечня оффшорных зон» от 16…Постановление · 30.11.2022 · № 2022-П-17/74-6-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-26" title="26-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>