53-берене. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосунда жасалуучу операцияларга жана бүтүмдөргө карата талаптар жана чектөөлөр
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2024 года № 132
1. Банк төмөнкү учурларда банк менен байланыштуу жактарды кредиттөөгө укуксуз:
1) акыркы отчеттук датага карата учурдагы чыгымдар болгондо;
2) эгерде банк менен байланыштуу бир жакка банк тарабынан берилген бардык кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашса;
3) эгерде банк менен байланыштуу бардык жактарга берилген кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашса.
2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкача каралбаса, мындай операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу шарттары ачык рыноктук шарттарда түзүлгөн окшош операцияларга жана бүтүмдөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу болуп саналса, банк менен байланыштуу жактар менен кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү банк жүзөгө ашырууга укуксуз.
3. Ачык түзүлүүчү келишимдерден тышкары, банктын Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашкан суммада банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрү жана операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылышы керек.
4. Банктын туунду компаниялары, эгерде мындай операциялар жана бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарына ылайык келсе, банк менен байланыштуу жактар менен операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алышат.
5. Банк ага төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн кандай болбосун жак менен бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз:
1) банк менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка жол менен аткарууга;
2) банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга;
3) банк менен байланыштуу жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.
6. Эгерде банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн мындай операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарлай турган болсо жана финансылык кыйынчылыктарга алып келсе жана аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарына коркунуч туудурса, банктын кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат. Банктын финансылык кыйынчылыктарынын белгилери Улуттук банк тарабынан аныкталат.
7. Эгерде банктын акционерлери жана кызмат адамдары ушул Мыйзамга карама-каршы жана банкка чыгымдарды алып келүүчү чечимдерди кабыл алса же ошондой чечимди кабыл алуу үчүн добуш берсе, анда алар ошол чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосундагы ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен түзүлгөн кандай болбосун бүтүмдөр жараксыз болуп саналат.
9. Банк менен байланыштуу жактар менен түзүлгөн банктын бардык бүтүмдөрү тууралуу маалыматтарды банк Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте, Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
10. Банктын банк менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн Улуттук банк аныктайт.
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактардын алар менен байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзамдарда жана/же Улуттук банктын алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында аныкталат. (КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2024 года № 132 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. кошулду: Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт. 6. Эгерде банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн мындай … алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында аныкталат. кошулду: (КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-53" title="53-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>