104-берене. Банкты банкроттукка байланыштуу жоюу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 15-глава
1. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүн Улуттук банк аныктайт жана сот тарабынан таанылууга тийиш. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүн белгилөө аны банкрот деп таануу жана ушул Мыйзамга ылайык мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу үчүн негиз болуп саналат. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленген учурда банктын лицензиясы кайра кайтарылып алынууга тийиш.
2. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленет, эгерде:
1) банк төлөө мөөнөтү келип жеткенде он жумуш күнү ичинде карызды төлөө же башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча кредитордун укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо;
2) банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн элүү пайызынан аз пайызын түзсө;
3) капиталдын адекваттуулугунун кандай болбосун коэффициенти Улуттук банк белгилеген коэффициенттин өлчөмүнүн жыйырма беш пайызынан аз пайызын түзсө;
4) банктын активдеринин наркы Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо.
3. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленгенде жана банк банкрот деп таанылганда төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) карыздарды келечекте төлөө же аны башкача жабуу мүмкүнчүлүгү;
2) банктын акционерлеринде жана/же потенциалдуу инвесторлорунда банктын активдерине кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын болушу, банктын мурда кирешелүү экени же анын аброю;
3) банкты банкрот деп таануу учурунда Улуттук банкка белгилүү болбогон же анда болбогон, банк тарабынан берилген кошумча фактылар жана документтер.
4. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленгенде банктын лицензиясы кайра кайтарылып алынат жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталууга тийиш.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-104" title="104-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>