130-берене. Сотко кайрылуу укугу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 18-глава
1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.
2. Кредитор, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.
Банктын кредитору Улуттук банкка берген арызда банк өзүнүн финансылык милдеттенмелерин, аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөбөй жатканы жөнүндө документалдык ырастоолорду тиркөө менен, конкреттүү талапты камтууга тийиш. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк лицензияны кайра кайтарып алуу үчүн негиздерди белгилебесе, ал кредиторго жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтөт. Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
130-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-130" title="130-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>