Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
103-берене. Банкты жоюу жөнүндө жалпы жоболор
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 15-глава
1. Банкты жоюу ыктыярдуу түрдө жоюу (өзүн-өзү жоюу) же мажбурлап жоюу формасында жүргүзүлөт. Ыктыярдуу түрдө жоюу (өзүн-өзү жоюу) жол-жобосу соттон тышкары тартипте, ал эми банкты мажбурлап жоюу соттук тартипте жүргүзүлөт.
2. Улуттук банктын лицензияларды кайра кайтарып алуу жөнүндө чечими банкты кандай болбосун формада жоюуга негиз болуп саналат. Улуттук банк банктын лицензиясын банктын демилгеси боюнча (ыктыярдуу түрдө жоюу) же болбосо өз демилгеси боюнча (мажбурлап жоюу) кайра кайтарып алат.
Улуттук банк ушул мыйзамга ылайык банктын лицензия-сын өз демилгеси боюнча, же болбосо кызыкдар болгон жактардын (акционерлердин, кредиторлордун) өтүнмөлөрүн канааттандыруу тартибинде кайра кайтарып алат. Эгерде Улуттук банк кызыкдар болгон жактардын негиздемелерине макул болбосо, банкты кандай болбосун формада жоюу процесси башталышы мүмкүн эмес. Улуттук банктын лицензиясын кайра кайтарып алуу жөнүндө чечими жок болгондо, банктын кредиторлорунун, акционерлеринин же башка кызыкдар жактардын арызы боюнча соттун мажбурлап жоюу жол-жобосунун башталышына тыюу салынат.
3. Банкты кандай болбосун формада жоюу ушул мыйзамга ылайык гана жүзөгө ашырылат.
4. Банктарды жоюуга карата Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат.
5. Улуттук банк лицензияны кайра кайтарып алган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде банктын лицензиясы кайра кайтарылып алынганы тууралуу жазуу жүзүндө кабарды депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укук-туу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
6. Улуттук банк үч жумуш күнү ичинде банктын лицензиясы кайра кайтарылып алынганы жөнүндө билдирүүнү расмий интернет-сайтка жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
7. Улуттук банк жоюучунун акыркы отчетун макулдашууну кошуп алганда, бардык жол-жоболор аяктаганга чейин жоюлуп жаткан банктарга мониторингди жүзөгө ашырат.
8. Бир кезектеги кредиторлордун бирден ашык өлкөдө иш жүргүзгөн жоюлуучу банктын активдерине карата талаптарынын теңдигин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленет:
1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын филиалдары, өкүлчүлүктөрү же туунду компаниялары жайгашкан чет өлкөлөрдүн көзөмөлдөөчү жана башка расмий органдары менен кызматташат, анын ичинде банктык сырды кошуп алганда, банктык көзөмөлдөө жана жоюу жол-жоболорунун алкагында маалыматтарды алмашууну жүзөгө ашырат;
2) чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкка карата чет өлкөлүк соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди таануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык, Улуттук банктын расмий корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын соту тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Жоюлуучу банктын бардык документтеринде, ошондой эле банкты жоюучу менен түзүлгөн келишимдерде банк жоюлуу процессинде турганы жөнүндө жазуу камтылышы керек.
10. Банктын жоюлушу укук улантууга алып келбейт.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-103" title="103-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>