95-берене. Убактылуу администратордун корутундусу
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 12-глава
Убактылуу администратор банкка убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен, банктын финансылык абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана анын ишин баалоонун натыйжалары боюнча Улуттук банкка төмөнкү сунуштамалардын бирин камтыган корутунду берет:
1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу же болбосо алар четтетилгенден кийин банктын өз алдынча ишин кайра жаңыдан баштоо;
2) банктын лицензиясын кайра кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо;
3) банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүргүзүү;
4) банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун сунушу боюнча ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
95-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-95" title="95-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>