122-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Кредиторлордун талаптары төмөнкү кезектүүлүктө канааттандырылат:
1) мыйзамдар боюнча банк жоопкерчилигин мойнуна алган банктын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча, анын ичинде тиешелүү жүктүү төлөмдөрдү капиталдаштыруу жолу менен талаптар;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык банк кызматкерлеринин эмгек акы жана бошонуу жөлөк пулдары боюнча талаптары;
3) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, коргоого алынууга тийиш болгон аманатчылардын аманаттар боюнча талаптары. Бул талаптар ушул Мыйзамга ылайык кайра түзүмдөштүрүү максаттарына багытталган суммалар боюнча талаптарды коё алуучу аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга мыйзамдуу өтөт;
4) ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн, банк менен байланышы жок аманатчылардын талаптары;
5) банк менен байланышы жок башка кредиторлордун талаптары;
6) уставдык капиталга салынган суммаларды кошпогондо, системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштырууга багытталган суммалар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талаптары;
7) бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар;
8) акционерлерден тышкары, банк менен байланыштуу аманатчылардын жана кредиторлордун талаптары;
9) субординацияланган карыздар боюнча талаптар. Ушул берененин максаттарында субординацияланган карыз дегенде күрөө менен камсыз кылынбаган, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон жана банк жоюлган учурда, ал боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы кезекте жабылуучу милдеттенмелерди түшүнүүгө болот.
2. Банктын акционерлери кредитор болуп саналбайт.
Жоюлуучу массанын калдыктары бардык кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин банктын акционерлерине өткөрүлүп берилет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
122-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-122" title="122-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>