120-берене. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып, банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер токтоосуз жоюучунун карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
2. Жоюлуучу банктын мүлкүнүн курамындагы күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.
3. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары күрөө предметинин наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.
4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгашаларын жабууга жумшалат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
120-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-120" title="120-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>