Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-берене. Банк иши жана банк операциялары
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88
1. Банк аларды лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен, улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырат:
1) келишимдик шарттарда өзүнүн атынан аманаттарды тартуу;
2) келишимдик шарттарда өздүк жана/же тартылган каражаттарды өзүнүн атынан жайгаштыруу;
3) эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
3-1) кардарлардын тапшырмасы боюнча санариптик капчыкты ачуу жана санарип сомдор менен операцияларды жүргүзүү;
4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө;
5) кредиттик жана төлөм карточкаларын кошуп алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана бышыктоо;
6) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай формада (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугун алуу;
7) жөнөкөй жана которулма векселдерди (форфейтинг) сатып алуу жолу менен карыз милдеттенмесин төлөө;
8) карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу;
9) банктык кепилдиктерди берүү;
10) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
12) кардарлар үчүн чет өлкөлүк валютадагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу;
13) өзүнүн атынан чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);
14) баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу (банктык алтын, күмүш, платина жана аталган металлдардан жогорку сынамдагы монеталар менен гана);
15) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды жүзөгө ашыруу;
16) электрондук акчаларды чыгаруу;
16-1) санарип сомдорду пайдалануучуларга санариптик капчыктарды ачуу, аларды накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу санарип сомдорду жайылтуу, ошондой эле аларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү;
17) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу өз ишинин жыйынтыгы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
18) ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү.
2. Банктар төмөнкү иш-аракеттерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) үчүнчү жактар үчүн кепилдиктерди жана башка милдеттенмелерди берүү;
2) баалуу кагаздарды чыгаруу, сатып алуу, сатуу, тейлөө, ошондой эле депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүн;
3) жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктөрдү (акча каражаттарын кошпогондо) ишенимдүү башкаруу;
4) баалуулуктарды сактоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга сейфтерди ижарага берүү;
5) банктын алдындагы милдеттенмелерди жоюуга күрөөлүк мүлктөрдү сатып өткөрүү;
6) инвестициялык кызмат көрсөтүүлөр;
7) банк ишине байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
8) финансылык лизинг боюнча бүтүмдөр;
9) финансылык агент катары кызмат көрсөтүүлөр;
10) Улуттук бактын ченемдик укуктук актыларына ылайык онлайн платформалардын жана башка соода/сервистик платформалардын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү оператордун иш милдеттерин жүзөгө ашыруу.
3. Банктар, эгерде бул Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат. Банк анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон же банк ишине байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат.
4. Банк Улуттук банктын макулдугу менен лицензиялануучу иштин башка түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу.
5. Банк келишимдин негизинде банкка зарыл кызматтарды (аутсорсинг) көрсөтүү үчүн башка жакты ишке тартууга укуктуу. Аутсорсингге карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.
6. Улуттук банк банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин түрлөрүн, тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө, ошондой эле жаңы продукттарды иштеп чыгууга укуктуу.
7. Айрым банк операциялары, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар тарабынан, Улуттук банк берген тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү болгондо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
8. Банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"Редакцияларды салыштыруу
29.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каражаттарды өзүнүн атынан жайгаштыруу; 3) эсептерди ачуу жана кошулду: жүргүзүү; 3-1) кардарлардын тапшырмасы боюнча санариптик капчыкты ачуу жана санарип сомдор менен операцияларды жүргүзүү; 4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу … операцияларды жүзөгө ашыруу; 16) электрондук акчаларды чыгаруу; кошулду: 16-1) санарип сомдорду пайдалануучуларга санариптик капчыктарды ачуу, аларды накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу санарип сомдорду жайылтуу, ошондой эле аларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү; 17) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, … шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет. кошулду: (КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-48" title="48-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>