Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
82-берене. Банктык топтор берүүчү отчеттор жана маалыматтар
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 9-глава
1. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчеттуулугу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлөт.
2. Банктык топ Улуттук банк тарабынан, анын ичинде банктык топтордун катышуучуларына - Кыргыз Республикасынын резидент эместерине карата да белгиленген тизмек боюнча, формада, көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө өз иши жөнүндө консолидацияланган финансылык жана жөндөөчүлүк отчеттуулукту жана маалыматтарды ачып көрсөтүүгө жана Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
3. Банктык топ же анын катышуучулары аларга карата олуттуу таасир тийгизген (түздөн-түз же кыйыр) башка юридикалык жактар консолидацияланган отчеттуулукту түзүү максаттары үчүн өз иши жөнүндө отчеттуулукту берүүгө милдеттүү.
4. Банктык топ Улуттук банкка Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жөнүндө, түздөн-түз же кыйыр контролдоону жүзөгө ашыруучу олуттуу катышуучулар, жактар жөнүндө, алар менен байланышкан башка жактар тууралуу маалыматты Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө тийиш.
5. Улуттук банк банктык топтон жана анын катышуучуларынан финансылык абалды, тобокелдиктерди башкаруу системасын, корпоративдик башкаруу сапатын баалоо жана көзөмөлдөөнүн башка максаттары үчүн башка отчетторду жана маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-82" title="82-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>