113-берене. Жоюу мөөнөтү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 17-глава
1. Банкты жоюу мөөнөтү жыйырма төрт айдан ашпайт. Зарыл болгондо бул мөөнөт жоюучунун өтүнмөсү боюнча, Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен сот тарабынан узартылышы мүмкүн.
2. Банкты жоюу мезгилинде жоюучунун жүйөлөнгөн арызы боюнча, Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, сот жоюу жол-жобосун 6 айдан көп эмес мөөнөткө токтото турушу мүмкүн.
Сот тарабынан жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жоюу мөөнөтү жоюу жол-жобосун токтото туруу мөөнөтүнө жараша узартылат.
3. Мажбурлап жоюу учурунда, жоюучунун мурдагы мөөнөт үчүн отчетун сот тарабынан, ал эми ыктыярдууда Улуттук банк тарабынан кароосуз жана бекитүүсүз жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
113-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-113" title="113-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>