Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
86-берене. Таасир этүү чаралары
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 10-глава
Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) жазма буйруктар:
а) бузууларды четтетүү тууралуу;
б) ишти ылайык келтирүү жөнүндө;
в) белгилүү бир иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө;
2) дайындалуучу айып пул:
а) банкка - уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминен он пайыздан көп эмес өлчөмдө;
б) банктын кызмат адамына - төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кызматтык маянаны, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошуп алганда, орточо жылдык сый акыдан көп эмес өлчөмдө;
в) банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жана башка юридикалык жактарга - активдердин баланстык наркынан он пайыздан көп эмес өлчөмүндө жана алардын кызмат адамдарына - төлөмдөрдүн бардык түрүн (кызматтык маянаны, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошуп алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө;
3) талаптар:
а) банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө;
б) банкка кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү жөнүндө;
в) Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде банктын акцияларын сатуу жөнүндө;
г) административдик чыгымдарды кыскартуу жөнүндө;
д) банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү жөнүндө;
е) банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө;
4) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу;
5) төмөнкүлөрдү чектөө же тыюу салуу:
а) банктын мүлкүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө;
б) пайданы бөлүштүрүүгө жана/же сыйлоо сый акыларын төлөөгө;
в) инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жасоого;
г) банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
д) банктын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө;
е) банк менен байланышы бар жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө;
ж) акционердин банктын ишине андан ары катышуусуна;
б) кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга;
7) атайын режимди киргизүүгө:
а) түздөн-түз банктык көзөмөлдү киргизүү;
б) убактылуу администрацияны киргизүү;
8) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча лицензияларды кайтарып алуу.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-86" title="86-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>