96-берене. Банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө жалпы жоболор
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 13-глава
96-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 96-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Банкты кайра түзүмдөштүрүү - бул аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо, банктык же төлөм системалары үчүн банктын системалуу мааниге ээ иш-милдеттердин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, ошондой эле банк жана финансы системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата колдонулуучу чаралардын комплекси. Банкты кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу жүргүзүлөт:
1) банкты кайра капиталдаштыруу;
2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу;
3) "өтмө банкты" түзүү.
2. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча кандай болбосун чараларды жүзөгө ашырууда банктын кредиторлорунун банкты мажбурлап жоюуда келип чыгуучу жагдайларга салыштырмалуу алардын абалын начарлатпоого тийиш.
3. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды колдонуунун алдында Улуттук банк белгилеген тартипте активдер жана милдеттенмелер бааланууга тийиш.
4. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Улуттук банктын ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарын чектебейт.
5. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды ишке ашырууда кандай болбосун чечимдер жана иш-аракеттер сот тарабынан токтотула турууга тийиш эмес. Кызыкдар жактар өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
6. Улуттук банктын чечими менен кайра түзүмдөштүрүлүүчү банк ушул Мыйзамга ылайык мажбурлап жоюлууга кириптер кылынышы мүмкүн.
7. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар убактылуу администратор тарабынан убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112428/st-96" title="96-берене - Банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>