Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 16-ноябры № 106 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 9-январындагы № 2 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2025-жылдын 25-июлундагы № 154, 2026-жылдын 14-январындагы № 1, 2026-жылдын 19-майындагы № 69, 2026-жылдын 25-майындагы № 76, 2026-жылдын 17-сентябры № 146 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти (мындан ары - ушул Регламент) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
I БӨЛҮМ.. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер Ушул Регламентте төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) альтернативдүү мыйзам долбоорлору - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке келип түшкөн мыйзам долбоорлору;
2) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасы - Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана анда катталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы;
3) мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар - өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арттырууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин ишинин умтулуулары жана шыктандыруулары менен шартталган кызыкчылыктар;
4) мыйзам чыгаруу сунушу - мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутаттын же Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) сунушу;
5) шайланган депутат - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга али кирише элек (шайлоонун натыйжалары расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты ээлөө тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
6) кызыкчылыктардын кагылышуусу - өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктарга карама-каршы келген кырдаал;
7) Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) - Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы;
8) мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин бири-бирине дал келүүсү жана ички шайкештиги жагынан салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзүү, юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине шайкештигин баалоо жана грамматикалык, лексикалык, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталарды жана терминдерди колдонуудагы каталарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
9) жеке кызыкчылык - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда;
10) коомдук кызыкчылык - коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы;
11) коомдук экспертиза - көз карандысыз коомдук же эксперттик уюмдар, улуттук же эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү экспертиза;
12) ачык добуш берүү - депутаттардын жооптун варианттарынын бири ("макул", "каршы") үчүн атын атап добуш берүүдөгү эрк билдирүүсү жана натыйжасы белгиленген добуш берүү ыкмасы;
13) мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоору) - мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна расмий киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору;
131) бириктирилген мыйзам долбоору (мыйзам долбоору) - предмети же мазмуну боюнча өз ара байланышкан эки же андан көп мыйзам долбоорлорун өзүнө бириктирген мыйзам долбоору. Бириктирилген мыйзам долбоору мыйзам долбоорлорунун айрым беренелерин, бөлүмдөрүн же главаларын бириктирүү жолу менен, ошондой эле башка мыйзам долбоорлорунун жоболорун эске алуу менен бир мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен даярдалышы мүмкүн;
132) токтом долбоору - Жогорку Кеңештин карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актынын долбоору;
14) жыйналыштын протоколу - жыйналышты башталышынан тартып аяктаганына чейин анын жүрүшүн белгилөөчү документ;
15) жыйналыштын стенограммасы - Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, комиссиянын жыйналыштарынын, ошондой эле Жогорку Кеңеш уюштурган башка иш-чаралардын катышуучуларынын оозеки сүйлөгөн сөздөрүнүн аудио жазылмасынан көчүрүлүп, сөзмө-сөз жазуу түрүндө түшүрүлгөн документ;
16) мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти - өзүнүн атынан мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү укугуна ээ болгон субъект;
17) жашыруун добуш берүү - катышуучулар анонимдүү добуш берген жана жооптун варианттарынын бири ("макул", "каршы") боюнча добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсү контролдонбогон добуш берүүнүн түрү;
18) жыйналышка катышып жаткан депутаттардын саны - добуш берүүнү өткөрүүнүн алдында каттоодон өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны.
Ушул Регламентте колдонулуучу, бирок ушул беренеде камтылбаган терминдер алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакциясларына ылайык)
2-берене. Жогорку Кеңеш
1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
3. Жогорку Кеңештин депутаттары ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
4. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышында конституциялык курамдагы депутаттардын көпчүлүгү ант берген күндөн тартып башталат. Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып токтотулат.
5. Жогорку Кеңеш каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.
6. Жогорку Кеңеш, анын органдары жана кызмат адамдары өз ишинде ушул Регламентти жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
3-берене. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары
1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент) шайлоону дайындоо;
2) референдум өткөрүү жөнүңдө сунушту Конституцияда белгиленген тартипте Президентке киргизүү;
3) Конституцияда белгиленген тартипте Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4) мыйзамдарды кабыл алуу;
5) Президенттин каршы пикирлери менен кайра кайтарылган мыйзамдарды кайрадан кароо;
6) мыйзамдарды расмий чечмелөө;
7) эл аралык келишимдерди мыйзамда аныкталган тартипте ратификациялоо жана денонсациялоо;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечүү;
9) республикалык бюджетти бекитүү;
10) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угуу;
11) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо;
12) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
13) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
14) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү;
15) Президенттин сунушу боюнча жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) судьяларын шайлоо; Конституцияда, конституциялык мыйзамдарда жана ушул Регламентте каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
16) Президент, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары судьялардын курамынан сунуш кылган талапкерлерди 5 жылдык мөөнөткө дайындоого Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;
17) конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;
18) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте каралган тартипте бекитүү;
19) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;
20) Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын - Президенттин сунушу боюнча, башка жарымын өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;
21) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин - Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;
22) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана аны кызмат ордунан бошотуу; аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
23) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу; аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
24) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, мыйзамда каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;
25) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун (мындан ары - Башкы прокурор) дайындоого, бошотууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;
26) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен жактыруу;
27) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуштук абалды жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;
30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый акыларын жана ардак наамдарын уюштуруу;
32) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
33) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу;
34) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;
35) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;
36) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун угуу;
37) Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Жогорку соттун жазуу (электрондук) түрүндө берилүүчү маалыматын кароо;
38) Президентке каршы айып коюу; Конституцияда каралган тартипте Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
39) Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда мамлекеттик медициналык комиссияны түзүү;
40) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
41) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө баяндаманы эки жылда бир жолу угуу;
42) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды түзүү жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу, аларды кайра чакыртып алуу;
43) өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-9, 11-12, 30-31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары - мыйзамдарды, башка ыйгарым укуктары, 32 жана 41-пункттарды кошпогондо, токтомдорду кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
4-берене. Жогорку Кеңештин ишинин принциптери Жогорку Кеңеш өз ишин төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүзөгө ашырат:
1) ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык-айкындык;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыктарында аткаруу;
3) элдин жана өз шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчилик;
4) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;
5) Конституцияны, мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;
6) пикирлерди эркин билдирүү жана чечимдерди коллегиялуу кабыл алуу;
7) саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук;
8) Жогорку Кеңештин жетекчилигинде жана анын органдарында фракциялардын жана депутаттык топтордун өкүлчүлүгүнүн пропорциялуулугун сактоо;
9) Жогорку Кеңештин органдарында бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн камсыз кылуу.
5-берене. Жогорку Кеңештин жайгашкан жери
1. Жогорку Кеңештин туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары болуп саналат.
2. Зарыл учурларда Төраганын чечими боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштары башка жерде өткөрүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары өтүп жаткан жерди камтыган анын бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаал болгон учурда же өзгөчө абал орногондо Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары видеоконференция режиминде өткөрүлүшү мүмкүн. Жыйналышты видеоконференция режиминде өткөрүү жөнүндө чечим Төрага тарабынан же депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
3. Жогорку Кеңештин имаратына жана анын аймагына башка органдарды жана уюмдарды жайгаштырууга Жогорку Кеңештин макулдугу менен жол берилет.
4. Жогорку Кеңештин карамагында турган имараттарда жана аймактарда болуу жана жүрүү тартиби Жогорку Кеңеш бекитүүчү жобо менен аныкталат.
2-глава. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын даярдоо жана ачуу
6-берене. Даярдык көрүү тобун түзүү жана ишин уюштуруу
1. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын уюштуруу үчүн шайлоо босогосунан өткөн партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайланган депутаттардын демилгеси боюнча, келгендерине жараша Жогорку Кеңештин депутаттарынан Даярдык көрүү тобу түзүлөт.
2. Даярдык көрүү тобун Жогорку Кеңешке шайланган курагы боюнча улуу депутат жетектейт.
3. Контролдоо ыйгарым укуктарын жана жабык жыйналыштарды өткөрүүнү кошпогондо, Даярдык көрүү тобу Жогорку Кеңештин комитеттери үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте иштейт жана өзүнүн ишин биринчи жыйналыш аяктагандан кийин токтотот.
4. Даярдык көрүү тобу жүргүзүлгөн иш жөнүндө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышында баяндайт.
7-берене. Биринчи жыйналышка катышуу үчүн шайланган депутаттарды маалыматтык камсыз кылуу Жогорку Кеңештин депутаты биринчи жыйналышка чейин 3 күн мурда Жогорку Кеңештин Аппаратынын (мындан ары - Аппарат) тиешелүү бөлүмүнөн төмөнкүдөй материалдарды сурата алат:
1) Конституциянын текстин;
2) Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын текстин;
3) Жогорку Кеңештин Регламентинин текстин;
4) Жогорку Кеңештин жана Аппараттын түзүмдөрүн;
5) жаңыдан шайланган депутаттар жөнүндө маалыматтарды;
6) Аппараттын кызмат адамдарынын тизмесин жана алардын байланышуу маалыматтарын.
8-берене. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы
1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы шайлоонун расмий натыйжалары аныкталгандан кийин 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын курагы боюнча улуу, шайланган депутат ачат, ал Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткарат.
Жогорку Кеңештин жыйналышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталат.
3. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңешке шайлоонун натыйжаларын жарыялоо жана депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына сөз берет.
4. Шайланган депутат Конституциянын текстине оң колун коюп, Жогорку Кеңештин алдында төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:
"Мен. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында жоопкерчилик менен аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин".
5. Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.
6. Ант берүү жол-жоболорунун сакталышын контролдоону Жогорку Кеңештин Даярдык көрүү тобу жүзөгө ашырат.
7. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутаттын ордуна келген депутаттын ант берүү тартиби ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат.
9-берене. Жогорку Кеңеш биринчи кезекте кароого тийиш болгон маселелер
1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралууга тийиш:
1) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;
3) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;
4) Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;
5) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;
6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарын түзүү.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ырааттуулугу жыйналыштын күн тартиби менен аныкталат.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелерге башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
3-глава. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган депутаттар
10-берене. Парламенттик фракция
1. Парламенттик фракция (мындан ары - фракция) - саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Парламенттик фракцияга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты кирүүгө укуктуу.
2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, фракциянын лидеринин жана башка жетекчилеринин фамилиялары жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Фракциянын чечими жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилет.
3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордун ээлөөчү, партиянын тизмеси боюнча шайланган депутат, ант берген учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
4. Партиялык тизме боюнча шайланган депутаттын ушул эле партиянын фракциясына кирүүдөн жана чыгуудан баш тартуусуна жол берилбейт.
5. Фракция өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат жана ушул Регламентке карама-каршы келбеген фракция жөнүндө жобонун негизинде аракеттенет.
6. Фракция Жогорку Кеңеште карала турган маселелерди алар боюнча өзүнүн саясий позициясын аныктоо үчүн алдын ала кароого укуктуу. Фракция аларды кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте түзөтүүлөрдү жарыялоо үчүн өз мүчөлөрүнө ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
7. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;
2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
8. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу Жогорку Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Депутаттык топ
1. Депутаттык топтор - бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракциялардын курамына кирбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.
2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары 7 депутаттан кем болбогон депутаттык топторду түзүүгө укуктуу.
3. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана депутаттык топтун мүчөсү болууга укуктуу.
4. Депутаттык топтор фракциялар сыяктуу эле укуктарга ээ.
5. Депутаттык топ аны түзүү, аталышы, тизмедеги курамы, жетекчиси жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Депутаттык топтун жазуу жүзүндөгү чечими төрагалык кылуучуга берилет.
6. Депутаттык топтор ишин ушул Регламентке карама-каршы келбеген депутаттык топтор жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
7. Депутаттык топтор өз иши төмөнкү учурларда токтотот:
1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;
2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда;
3) эгерде депутаттык топтун саны 7 депутаттан аз болсо.
12-берене. Фракциянын жана депутаттык топтун жетекчилиги
1. Фракцияга - ал шайлаган лидер, ал эми депутаттык топко ал шайлаган жетекчи башчылык кылат.
2. Фракциянын лидерлигине жана депутаттык топтун жетекчисине талапкер фракциянын же депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча сунуш кылынат жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
3. Фракциянын лидерин же депутаттык топтун жетекчисин бошотуу жөнүндө сунуш фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет жана алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Фракциянын лидеринин жана (же) депутаттык топтун жетекчисинин ыйгарым укуктары:
1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары жерде фракциянын, депутаттык топтун атынан иш алып барат;
2) фракциянын жана (же) депутаттык топтун ишин уюштурат жана координациялайт;
3) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдерине кол коет;
4) ички фракциялык жана (же) ички топтук тартиптин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
5) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмүнө талапкерлерди сунуш кылат;
6) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) фракциянын жана (же) депутаттык топтун чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча алардын саясий позициясын жарыялайт;
8) фракциянын, депутаттык топтун Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
10) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
11) фракциянын, депутаттык топтун катчылыктарына дайындоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат жана аларга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
12) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Фракциянын лидери жана (же) депутаттык топтун жетекчиси бир эле учурда Төраганын, Төраганын орун басарынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын кызмат орундарын ээлей албайт.
13-берене. Фракциянын, депутаттык топтун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын укуктары 1, Фракция, депутаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жогорку Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө, ошондой эле өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялоого;
2) фракциянын, депутаттык топтун өкүлүнө фракциянын, депутаттык топтун атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен сөз сүйлөөгө укук берүүгө;
3) башка фракциялар, депутаттык топтор менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын, депутаттык топтун жыйналыштарына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен консультация жүргүзүүгө;
4) Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планы жана ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды кайра чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) бардык фракциялардын, депутаттык топторун пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамдарына фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүн кошуу (кайра чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңешке жана комитеттерге сунуштарды киргизүүгө;
9) Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-11-пункттарында каралган негиздер боюнча фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
10) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын, депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;
11) фракциянын, депутаттык топтун материалдарын жана документтерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле аларды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырууга;
12) фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана ички фракциялык, ички топтук тартипти күчөтүү максатында зарыл чараларды көрүүгө;
13) концепцияны, максаттарды жана милдеттерди кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Министрлер Кабинетине мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;
14) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан кайра чакыртып алууга;
15) фракция, депутаттык топ жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;
16) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды пайдаланууга.
2. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар фракциялардын жана депутаттык топтордун депутаттары сыяктуу эле укуктарга ээ.
14-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун ишин камсыз кылуу
1. Фракциялардын жана депутаттык топтордун ишин катчылыктар камсыз кылат, алардын түзүмүн жана штаттык санын Жогорку Кеңештеги фракциялардын, депутаттык топтордун пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин эске алуу менен Жогорку Кеңеш бекиткен чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку Кеңеш аныктайт.
2. Катчылыктар жумуш үчүн зарыл жайлар, оргтехника жана башка шарттар менен камсыз кылынат.
15-берене. Парламенттик оппозиция
1. Жогорку Кеңештин жыйналышында өзүнүн оппозициясы жөнүндө расмий жарыялаган фракция же депутаттык топ парламенттик оппозиция болуп саналат.
2. Фракция же депутаттык топ парламенттик оппозициянын статусунан баш тартуу жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында расмий жарыялаган учурдан тарып парламенттик оппозициянын статусун жоготот.
4-глава. Жогорку Кеңештин кызмат адамдары
16-берене. Жогорку Кеңештин жетекчилиги
Жогорку Кеңештин жетекчилиги Төрагадан, анын биринчи орун басарынан жана орун басарларынан турат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Төраганы шайлоо тартиби
1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өзүнүн курамынан Төраганы шайлайт.
2. Көрсөтүү же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө чечимин негиздөө менен фракциялар, депутаттык топтор жана депутаттар Төраганын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти көрсөтүү укугуна ээ.
3. Фракциялар, депутаттык топтор тарабынан Төраганын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуш Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга берилет, ал көрсөтүүнүн кезектүүлүгү боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны жарыялайт.
4. Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин ушул Регламенттин 9-беренесинде көрсөтүлгөн маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин жыйналышы корутунду берүү үчүн бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышынын режимине өтөт.
5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышында талапкерлерди кароо ушул Регламенттин 14 жана 15-главаларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети сунуш кылынган талапкерлер боюнча корутундуну кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин жыйналышынын режимине кайтып келет.
7. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө жарыялайт.
8. Өз талапкерлигин алып салган адамдарды кошпогондо, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети караган бардык талапкерлер киргизилет.
9. Ар бир талапкер өзүнүн талапкерлиги бюллетенге киргизилгенге чейин өз талапкерлигин алып салууну билдирүүгө укуктуу.
10. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү жактап добуш берген талапкер шайланды деп эсептелет.
11. Эгерде Төраганы шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
12. Эгерде Төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
13. Эгерде Төраганы шайлоого тең сандагы добуштарды алган эки талапкер катышса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
14. Эгерде Төраганы шайлоого экиден ашык талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, эң көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна алган добуштардын саны боюнча кийинки талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.
15. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар Төраганын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.
18-берене. Төраганын ыйгарым укуктары
1. Төрага:
1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан иш алып барат, Жогорку Кеңештин Президент, Министрлер Кабинети, Элдик Курултай, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактарынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
5) Аппараттын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;
6) Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын жана жыйналыштарын чакырат;
7) Конституцияда белгиленген учурларда Президенттин ыйгарым укуктарын аткарат;
8) кезексиз каралууга тийиш болгон маселелерди Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизет;
9) Жогорку Кеңештин тапшырмаларын аткарат;
10) Жогорку Кеңештин ишкер кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
11) Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
12) ушул Регламентте көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Координациялык кеңеште төрагалык кылат;
13) ушул Регламентке ылайык бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк принцибин сактоо менен Аппараттын кызмат адамдарын дайындоону жүргүзөт;
14) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ушул Регламентте белгиленген тартипте дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
15) Төраганын алдында консультациялык кеңештерди уюштурат;
16) Жогорку Кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
17) Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун даярдоону камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин кароосуна коет;
18) өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
19) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча тескемелерди чыгарат;
20) Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш сапарлары жөнүндө тескемелерди чыгарат жана алардын отчетторун бекитет;
21) добуш берүүнүн электрондук тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
22) жыйналыштар залында иреттүүлүктү жана тартипти камсыз кылат, аларды бузуучуларга карата ушул Регламентте каралган таасир этүү чараларын көрөт;
23) Жогорку Кеңештин мүлкүнүн пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат;
24) фракциялардын жана депутаттык топтордун иши үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат;
25) Жогорку Кеңеште жана анын карамагында турган объекттерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
26) Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана башка сыйлыктары менен сыйлайт;
27) Координациялык кеңештин макулдугу менен сыйлык куралы менен сыйлайт;
28) депутаттарды, Аппараттын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга, жогорку аскердик жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгарууга көрсөтөт;
29) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага ушул Регламентте жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Төраганын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген тескемелери Жогорку Кеңештин чечими менен өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.
3. Жыл сайын, сентябрда, Төрага Жогорку Кеңештин мурдагы сессиялык мезгилдеги иши жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.
4. Ушул Регламенттин 30-беренесинде белгиленген учурду кошпогондо, Төрага Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана убактылуу комиссияларында турууга укуксуз.
5. Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда Конституцияны, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
19-берене. Төраганын орун басарларын шайлоо тартиби
1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өз курамынан Төраганын орун басарларын шайлайт.
2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер бош орун пайда болгон күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракция, депутаттык топ тарабынан же бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат тарабынан өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде сунушталат.
3. Бардык фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар макул болгондо Төраганын орун басарларын шайлоо альтернативсиз негизде бирдиктүү тизме менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мында фракция, депутаттык топ бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда шайлоо бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
20-берене. Төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары
1. Төраганын орун басарлары милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө Төраганын тескемесине ылайык анын айрым ыйгарым укуктарын аткарат.
2. Төрага жок болгон же эмгекке убактылуу жарамсыз болгон учурда анын милдеттерин Төраганын тескемесине ылайык анын орун басарларынын бири аткарат.
3. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын милдеттерин анын орун басарларынын бири жаңы Төрага шайланганга чейин аткарат.
4. Төраганын орун басарлары Регламенттин маселелери карамагында турган комитеттин курамына кирет.
5. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында турууга укуксуз.
6. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңешке өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча ар жылдык отчетту берет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Төраганын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
1. Төраганын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;
3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.
2. Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.
3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Төраганын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.
4. Төраганы кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берилгенден кийин 3 күндөн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирилбестен каралууга тийиш.
5. Төраганын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын, депутаттык топтун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган мөөнөттөн кечиктирбестен каралууга тийиш,
6. Төраганы же анын орун басарларын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими ушул Регламенттин 14 жана 15-главаларында белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7. Төраганы же анын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген ошол эле депутат тарабынан жылына бир жолудан көп эмес киргизилиши мүмкүн.
8. Жогорку Кеңеш Төраганы кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени карап жаткан учурда жыйналышка Төраганын курагы боюнча улуу орун басары төрагалык кылат.
22-берене. Координациялык кеңеш
1. Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин ишин жалпы пландаштырууну, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашырышына багытталган уюштуруу маселелерин талкуулоону жана чечүүнү жүзөгө ашырат.
2. Координациялык кеңештин курамына Төрага, анын орун басарлары, комитеттердин төрагалары, фракциялардын лидерлери жана депутаттык топтордун жетекчилери, ал эми алар жок учурда - орун басарлары кирет.
3. Координациялык кеңештин жыйналыштары Төраганын чечими боюнча өткөрүлөт.
4. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:
1) Жогорку Кеңештин сессиялык жана ар айдагы иш пландарынын долбоорлорун Жогорку Кеңеш бекитиши үчүн аларды;
2) Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планын жана мыйзам чыгаруу иш планын аткаруунун мониторингинин жана контролдоонун натыйжаларын;
3) Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуу планын;
4) чет өлкөлөргө жиберилүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамын (делегациялардын, алардын жетекчилеринин жана коштоочу адамдардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн);
5) ички аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;
6) Төраганын, анын орун басарларынын, комитеттердин төрагаларынын, Жогорку Кеңештин консультациялык-кеңеш берүүчү органдарынын отчетторунун формаларын;
7) Жогорку Кеңештин бекитүүсү үчүн комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун жана убактылуу комиссиянын типтүү жобосун;
8) тартиптин, этиканын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына депутаттардын катышууларынын абалы жөнүндө тиешелүү комитеттин маалыматын;
9) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди.
5. Координациялык кеңештин чечимдери Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
5-глава. Жогорку Кеңештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары
23-берене. Жогорку Кеңештин комитеттери
1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын карамагындагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.
3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арыздары боюнча түзүлөт.
4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык аткаруу бийлик органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
5. Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
6. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.
24-берене. Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо тартиби
1. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин төрагасын кошпогондо, Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун сунушу же бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арызы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайлайт.
2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү, кароо жана шайлоо Төраганын кызмат ордуна талапкерлер үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Бардык фракциялардын, депутаттык топтордун чечими боюнча жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга же депутаттык топторго кирбеген депутаттардын каршы пикири жок болгондо Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо талапкерлердин бирдиктүү тизмеси боюнча альтернативасыз негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
25-берене. Комитеттин ишинин милдеттүү шарттары жана чектөөлөрү
1. Жогорку Кеңештин комитеттеринин эң аз курамын 8ден кем эмес депутат түзөт.
2. Комитеттин мүчөлөрү комитеттин жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
3. Комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитет чечимди комитеттин катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
4. Фракция, депутаттык топ ар бир комитетте өзүнүн өкүлчүлүгүн Жогорку Кеңеште алардын пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен камсыз кылууга милдеттүү. Комитеттин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет.
5. Бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар өз каалоосу боюнча бир комитеттин курамына кирүүгө милдеттүү.
6. Саны бардык комитеттерде алардын мүчөлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттары алардын жетекчилеринин сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки комитетке кирет. Мында комитеттин курамындагы бул фракциянын, депутаттык топтун мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш укугу бар бир мүчөдөн ашпайт.
7. Депутат өзү мүчөсү болуп саналбаган комитеттердин ачык жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
8. Мыйзам долбоорун жооптуу комитет Аппараттын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундусу болбостон алдын ала кароосуна жол берилбейт.
9. Комитет экинчи окууга карата мыйзам долбооруна жазуу жүзүндө келип түшкөн, жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнү талап кылган түзөтүүлөрдү кароосуз калтырат.
10. Эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, комитеттин жыйналышы ачык өткөрүлөт.
Комитет чакырган кызмат адамдары жыйналышка катышууга милдеттүү.
11. Комитеттер жыйналыш күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен жыйналыштын күн тартиби, өтүүчү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат.
12. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Акыйкатчы (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.
13. Комитеттин ачык жыйналышына эксперттер, кызыкдар адамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары катышууга укуктуу.
14. Талапкерликтери Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга тийиш болгон адамдар комитеттин жыйналышына чакырылууга тийиш.
15. Комитеттин жыйналышына катышып жаткандар ушул Регламенттин 142-беренесинин талаптарын сактоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
1. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;
3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.
2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстин төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыялайт жана Жогорку Кеңеш эске алат.
3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, депутаттык мандаттын кайра чакыртып алынышы комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.
4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциялардын, депутаттык топтордун, бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин 3 күндөн эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш.
5. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо үчүн белгиленген тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция, депутаттык топ тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.
27-берене. Комитеттердин ыйгарым укуктары
1. Жогорку Кеңештин комитети өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча:
1) мыйзам долбоорлорун алдын ала карайт жана ушул Регламенттин талаптарын сактоо менен алар боюнча корутунду кабыл алат;
2) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон мамлекеттик кызмат ордуна шайлоо, дайындоого, жактырууга жана бошотууга макулдук берүү маселелери боюнча корутундуларды карайт жана берет;
3) Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана ага карата комитеттин чечимдерин Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет;
4) корутундуларды жана сунуштамаларды берүү үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Жогорку сотко, Башкы прокурорго жана өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарга, Акыйкатчыга (Омбудсменге), ошондой эле көз карандысыз эксперттик уюмга мыйзам долбоорун жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;
5) парламенттик угууларды өткөрөт;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жарандардан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан расмий документтерди жана башка материалдарды суратат;
7) парламенттик суроо-талапты жиберүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жыйналышында демилгелейт;
8) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топторду түзөт;
9) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык бюджет аралык мамилелерди макулдашуу протоколун кароонун натыйжаларын эсепке алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жооптуу комитетке жөнөтөт;
10) өзүнүн карамагына кирген, кабыл алынган мыйзамдардын мониторингин алар күчүнө киргенден 6 ай өткөндөн кийин жүргүзөт;
11) каралып жаткан маселени башка комитетке берүү жөнүндө Төрагага сунуш киргизет;
12) Жогорку Кеңештин "Министрлер Кабинетинин саатын", "Министрлер Кабинетинин күнүн", көчмө, ошондой эле башка комитеттери менен биргелешкен жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
13) мамлекеттик органдардын жетекчилерин угат;
14) концепциясын, максаттарын жана милдеттерин кыскача баяндоо менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө сунушун (мыйзам чыгаруу сунушун) Министрлер Кабинетине жиберүүгө укуктуу;
15) өз ишине адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга укуктуу;
16) иштин сессиялык планынын негизинде кийинки жылга Жогорку Кеңештин бюджетинин долбооруна карата сунуштарды Төрагага киргизет;
17) өз ишин уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет;
18) Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткаруу бийлик органдарында аткарылышын контролдойт;
19) ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маселелерди карайт.
2. Мыйзам долбоорлорун кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңештин комитети корутунду түрүндө чечим кабыл алат.
3. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү комитеттин жыйналышына чейин 3 күндөн кечиктирбестен анын мүчөлөрүн күн тартибинин маселелери боюнча материалдар менен камсыз кылат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Комитеттин төрагасынын ыйгарым укуктары Комитеттин төрагасы:
1) комитеттин ишин жетектейт;
2) комитеттин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
3) комитеттин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
4) комитеттин жыйналышына төрагалык кылат;
5) комитеттин документтерине кол коет;
6) ушул Регламентте жана комитет жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29-берене. Комитеттердин биргелешкен жыйналыштары
1. Бир нече комитеттердин карамагына кирген маселелер боюнча биргелешкен жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Биргелешкен жыйналыштарда комитеттер ар бир комитеттин катышып жаткан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, аларга - төрагалар, ал эми алар жокто орун басарлар кол коет. Комитеттердин ортосунда пикир келишпестиктер болгондо чечим ар бир комитет тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
3. Биргелешкен жыйналыштар комитеттер үчүн белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт.
30-берене. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети
1. Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети режиминде иштейт:
1) жаңы чакырылыш шайлангандан кийин Жогорку Кеңештин иши башталганда ушул Регламенттин 9-беренесине ылайык биринчи кезектеги маселелерди кароо учурунда;
2) өзгөчө, согуштук абал киргизилгенде, согуш абалы жарыяланганда жана Жогорку Кеңештин демейки режимде иштеши үчүн шарттар жок болгон учурда.
2. Жыйналыш тармактык комитеттин жетекчисинин төрагалыгы алдында өткөрүлөт, ал жок учурда төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин чечими менен шайланат.
3. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин материалдары жана чечимдеринин долбоорлору жыйналыштын жүрүшүндө таратып берилиши мүмкүн.
4. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети чечимдерди ант берген депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.
5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин ишин аяктайт.
6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин чечими Жогорку Кеңештин жыйналышында токтоосуз каралууга тийиш.
31-берене. Убактылуу комиссиялар
1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө үчүн убактылуу комиссияларды түзөт.
2. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө сунушту фракциялар, депутаттык топтор, депутаттар же комитеттер киргизүүгө укуктуу; ал Координациялык кеңеш тарабынан каралбайт.
3. Убактылуу комиссия фракциялардын жана депутаттык топтордун Жогорку Кеңештеги пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен алардын жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунуштары боюнча 7 депутаттан кем эмес курамда түзүлөт.
4. Эгерде фракция, депутаттык топ убактылуу комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өздөрүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияны алар катышпастан түзөт.
5. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) убактылуу комиссиянын аталышын;
2) убактылуу комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;
3) жеке курамды;
4) анын иштөө мөөнөтүн;
5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;
6) убактылуу комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.
6. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Жогорку Кеңеш бир жолудан ашык эмес кабыл алат.
7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.
8. Комиссия өз чечими менен өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын (орун басарларын) шайлайт, бул жөнүндө Төрагага кабарлайт.Төмөнкүлөр убактылуу комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайлана албайт:
1) комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары;
2) бир фракциянын мүчөлөрү;
3) бир депутаттык топтун мүчөлөрү,
9. Кызыкчылыктардын кагылышуусу болгондо депутат убактылуу комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.
10. Эгерде убактылуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкса, ал анын курамынан чыгуу жөнүндө арызын убактылуу комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине, депутаттык топтун жетекчисине кабарлайт.
11. Убактылуу комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын, депутаттык топтун өкүлдөрүнүн ичинен жүргүзүлөт.
12. Убактылуу комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
13. Убактылуу комиссия өз ишин Жогорку Кеңеш бекиткен убактылуу комиссиялар жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.
14. Тапшырылган маселе актуалдуулугун жоготкон же иликтөөгө мүмкүн болбой калган учурда токтомдун тийиштүү долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү менен убактылуу комиссия көпчүлүк добуш менен маселелерди кароосуз калтыруу же убактылуу комиссияны жоюу чечимин чыгарышы мүмкүн.
15. Убактылуу комиссиянын курамы, төрагасын шайлоо, ишин уюштуруу жана мөөнөтү жагынан убактылуу комиссиянын иши ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келбеген учурда Регламенттин маселелерин жүргүзүүчү комитет убактылуу комиссиялардын ишинин маселелерине куратордук кылган Төраганын орун басарынын сунушунун негизинде убактылуу комиссияны жоюу жөнүндө маселени карайт.
16. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтом долбоору Аппараттын юридикалык кызматы менен макулдашылууга тийиш.
17. Убактылуу комиссиянын төрагасы бир айдын ичинде убактылуу комиссиянын ишинин материалдарын жана документтерин архивдик сактоо үчүн Аппараттын тийиштүү кызматына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II БӨЛҮМ.. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
6-глава. Жогорку Кеңештин сессиялары. Сессиянын ишин пландоо
32-берене. Жогорку Кеңештин сессиялары
1. Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн тартып башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин уланат.
2. Сессиялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен ачылат жана аяктайт.
3. Сессиялар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары формасында өткөрүлөт.
4. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары чакырылышы мүмкүн.
5. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө демилге кароого сунуш кылынган маселелердин себептерин жана аны өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жөнөтүлөт.
6. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы келип түшкөн демилге Жогорку Кеңеште катталган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан чакырылат.
7. Кезексиз сессия каралган маселелер боюнча Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алгандан кийин аяктайт.
33-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштары
1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) кезектеги;
2) кезексиз;
3) ачык;
4) жабык.
2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйналыштары шаршембиде жана бейшембиде өткөрүлөт.
Мыйзамдарга ылайык жумуш күндөрү которулган учурда Жогорку Кеңеш жана анын органдары ошол которулган жумуш күн үчүн иштейт.
3. Кезектеги жыйналыштар саат 10до башталат жана саат 18:00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналыштын убактысы узартылышы мүмкүн.
4. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары, парламенттик угуулар, ошондой эле шайлоочулар менен иштер жүргүзүлбөйт.
5. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштары, шаршембини жана бейшембини кошпогондо, Президенттин, Төраганын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча аптанын кайсыл гана болбосун күнү өткөрүлүшү мүмкүн.
34-берене. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштары
1. Мыйзамда аныкталган мамлекеттик, аскердик жана башка сырдын маселелери боюнча жыйналыштарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат.
2. Негиз болгондо Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени жабык режимде кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
3. Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.
Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Улуттук банктын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары жабык жыйналыштарга - Төраганын, ал эми ал жокто Төраганын орун басарларынын чакыруусу боюнча катышууга укуктуу.
5. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аудио жазууларды жүргүзүүнү кошпогондо, Жогорку Кеңештин жабык жыйналышынын материалдарынын мазмунун ачыкка чыгарууга жана таратууга, ошондой эле жыйналыш убагында фото, аудио жана видео жабдууларды, маалыматтарды иштетүү каражаттарын, телефондук жана радио байланыштарды пайдаланууга тыюу салынат.
6. Жогорку Кеңештин жабык жыйналышынын протоколун, аудио жазуусун даярдоо жана зарыл болгон учурда аудио жазуусун жүргүзүү Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан анын купуялыгын камсыз кылуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик жана башка жашыруун сырды түзгөн материалдарды сактоонун, аларга жетүүнүн жана жашыруундуулук режимин камсыз кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Чакырылган адамдардын Жогорку Кеңештин жыйналышына катышуусу Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлору жана күн тартибине киргизилген башка маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн комитеттердин жана комиссиялардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана адистер чакырылышы мүмкүн.
36-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тили
1. Жогорку Кеңештин жыйналышы расмий тилге удаа которууну камсыз кылуу менен төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
2. Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.
3. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарында сөз сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге удаа которуу менен камсыз кылынат.
4. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, мындай сөз сүйлөө мамлекеттик жана расмий тилдерге удаа которуу менен камсыз кылынат.
37-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу
1. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу:
1) жыйналышты ушул Регламенттин талаптарына ылайык алып барат;
2) жыйналыштын күн тартибине жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык катталган өтүнмөлөрдүн келип түшүшүнүн тартибинде сүйлөө үчүн сөз берет;
3) каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды алардын келип түшкөн тартибинде добушка коет;
4) добуш берүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт жана анын натыйжаларын жарыя кылат;
5) жыйналыштардын протоколдорунун жана стенограммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;
6) парламенттик суроо-талаптарга жана протоколдук тапшырмаларга кол коет;
7) фракциялардын, депутаттык топтордун жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын ортосунда консультацияларды уюштурат.
2. Төрагалык кылуучу жыйналышта ойдогудай тартипти камсыз кылуу үчүн ушул Регламенттин 29-главасында каралган чараларды көрүүгө укуктуу.
38-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга карата чектөөлөр
1. Төрагалык кылуучу жыйналышта сөз сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда сүйлөгөн сөзгө комментарий бербестен ага сын-пикир айтууга укуктуу.
2. Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.
3. Жыйналыштын жүрүшүндө төрагалык кылуучу ушул Регламенттин талаптарын үч жолу одоно бузганда Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки жыйналышка чейин башка төрагалык кылуучуну дайындоого укуктуу.
39-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын укуктары жана милдеттери
1. Депутат Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар ушул Регламентте белгиленген чектерде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарыш сөздөргө катышууга;
2) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө;
3) Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылынган кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикир айтууга;
4) сөз сүйлөп жаткандарга ушул Регламентте белгиленген тартипте суроо берүүгө;
5) маалымдамаларды берүүгө жана Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттын топторунун, комитеттеринин, комиссияларынын ишине тиешелүү материалдарды депутаттардын арасында таратууга.
3. Депутаттар ушул Регламентте жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
40-берене. Жогорку Кеңештин иш пландары
1. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын башталышында парламентти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алат жана зарыл болгон учурда ага өзгөртүүлөрдү киргизет.
2. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш комитеттер жана комиссиялар түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, ошондой эле кийинки кезектеги сессиянын 15-октябрынан кечиктирбестен өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча иштин сессиялык планын бекитет.
3. Жогорку Кеңеш ар бир айдын башталышында маселелердин кезектүүлүгүн, ошондой эле фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү сунуштарын эске алуу менен иштин ар айдагы планын бекитет.
4. Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык жана ар айлык пландары токтом менен бекитилет жана кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.
41-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби
1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.
2. Жогорку Кеңеш жылдыруу жөнүндө жооптуу комитеттин чечимин жактырган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону жылдырууга Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жол берилет.
3. Жыйналыштын күн тартиби депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
4. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 7-8, 11-13, 15-30, 32, 36-37, 40 жана 42-пункттарында каралган маселелерди ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда аларды Жогорку Кеңеш бекитпестен Төрага жыйналыштын күн тартибине киргизет.
5. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.
42-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары
1. Шайлоочулар менен иштөө убактысын, Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарын кошпогондо, фракциялардын, депутаттык топтордун жыйналыштары - жума күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.
2. Шайлоочулар менен иштөө убактысын, Жогорку Кеңештин фракциялардын жана депутаттык топтордун жыйналыштарын кошпогондо, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштары - дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми зарыл болгондо башка күндөрү өткөрүлөт.
3. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Комитеттер, комиссиялар чечимдерди комитеттин, комиссиянын катышып олтурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
4. Эгерде ушул Регламентте башкалар каралбаса, кворум, жыйналыш өткөрүүнүн тили, күн тартибин бекитүү, ж.б. маселелерде фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүү формасы жана жол-жобосу Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү жол-жобосуна окшош.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Ушул Регламентте каралган мөөнөттөрдү эсептөө
1. Эгерде ушул Регламентте башкача белгиленбесе, ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө белгиленген календардык датадан кийинки күнү башталат.
2. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Күндөр менен эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрттө бүтөт.
3. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттар шайлоочулар менен иштеген убакытта Жогорку Кеңештин карамагына кирген маселелерди кароо мөөнөттөрүн эсептөө токтотулуп турат.
4. Жогорку Кеңештин чакырылыштарынын ортосундагы мезгилде мыйзам долбоорлорун кароо, түзөтүүлөрдү киргизүү жана Жогорку Кеңештин карамагындагы башка маселелер боюнча эсептөө мөөнөтү токтотулуп турат жана жаңы чакырылыштагы тармактык комитеттин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып жаңыртылат.
III БӨЛҮМ.. МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖОЛ-ЖОБОСУ
7-глава. Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо
44-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
2) Президентке;
3) Жогорку Кеңештин депутаттарына;
4) Министрлер Кабинетинин Төрагасына;
5) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку сотко;
6) Элдик Курултайга;
7) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Башкы прокурорго.
45-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлору жөнүндө
1. Элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, депутат же депутаттар демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору кайра чакыртып алынган деп эсептелет.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоору, эгерде мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аны колдоодон баш тартса, кайра чакыртып алынган болуп эсептелет.
3. Мурдагы чакырылыштагы депутат же депутаттар тарабынан демилгеленген кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө же болбосо андан ары демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитетине таратып берилет.
4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.
5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери колдогон мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте аныкталган тартипте карайт.
6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген тартипте карайт.
46-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти Жогорку Кеңешке киргизип жаткан мыйзам долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
1) демилгечинин коштоочу каты;
2) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, ал төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;
в) коомдук угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;
г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга шайкештиги жөнүндө;
д) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдар көбөйгөн учурда каржылоонун булактары жөнүндө;
е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынан жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциация, бирлик) менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;
3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип жатса, салыштырма таблица;
4) киргизилүүчү мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзам долбоорлору (мындан ары - мыйзам долбоорлорунун пакети);
5) Министрлер Кабинети бекиткен Методикага ылайык жүргүзүлгөн ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону.
2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилүүгө тийиш:
1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, ФАЖ, паспорттук маалыматтары);
2) кол коюу барактары;
3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.
3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук форматта (14 өлчөмүндөгү Times New Roman арибинде) же кагаз түрүндө берилет.
(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
47-берене. Мыйзам долбоорун каттоо
1. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорун 2 жумуш күндүн ичинде каттайт жана Төрагага киргизүү үчүн ушул Регламенттин 44 жана 46-беренелеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө маалымдама даярдоо үчүн аны юридикалык кызматка 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
2. Төрага 2 жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык кызматтын маалымдамасынын негизинде мыйзам долбоорун карамагындагы маселелерге ылайык жооптуу комитетти аныктоо менен тиешелүү комитеттерге жөнөтүү жөнүндө резолюция коет.
Резолюцияда төрагасынын фамилиясы биринчи көрсөтүлгөн комитет жооптуу болуп саналат.
3. Төраганын резолюциясына ылайык Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир күндүн ичинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди фракцияларга, депутаттык топторго, комитеттерге, депутаттарга, атайын экспертизаларды жүзөгө ашыруучу эксперттик кызматтарга (мындан ары - эксперттик кызматтар) жөнөтөт, ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат.
4. Депутаттар тарабынан, ошондой эле элдик демилге тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору каттоодон кийин өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн мыйзам чыгаруу демилге укугунун башка субъекттерине жөнөтүлөт.
5. Депутат мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти катары мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганга чейин аны кайра чакыртып алууга же болбосо демилгелөөгө катышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт. Эгерде мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан киргизилсе, ал бардык демилгечилердин макулдугу менен кайра чакыртып алынышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны кайра чакыртып алууга укуктуу.
6. Депутат же депутаттардын тобу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин макулдугу менен мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны демилгелөөгө кошулууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт.
48-берене. Мыйзам долбоорун демилгечиге кайтарып берүү Эгерде сунуш кылынган мыйзам долбоору жана коштоочу документтер ушул Регламенттин 44 жана 46-беренелеринин талаптарына жана Аппараттын юридикалык кызматынын маалымдамасынын негизинде ченем чыгаруу техникасына жооп бербесе, Төрага мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди демилгечиге кайра кайтарат.
49-берене. Мыйзам долбоорунун экспертизасы
1. Аппараттын эксперттик кызматтары мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөргө укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын натыйжалары бар корутундуну милдеттүү тартипте берет:
1) алар жооптуу комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;
2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;
3) экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтарып берилген мыйзам долбооруна карата келип түшкөн түзөтүүлөргө;
4) мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн комитет узарткандан кийин 10 күндүн ичинде киргизилген түзөтүүлөргө;
5) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.
2. Аппараттын лингвистикалык кызматы төмөнкүлөр камтылган экспертизаны жүзөгө ашырат:
1) каралганга жана биринчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин дал келүүсү жана ички ырааттуулугу жагынан мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетинин тексттеринин салыштырма-редакциялык экспертизасы;
2) биринчи жана экинчи окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна карата түзөтүүлөрдүн тексттеринин окшоштугу;
3) үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзамдардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин окшоштугу жана терминдер менен түшүнүктөрдү бирдейлештирүү;
4) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу даярдаган мыйзамдын макулдашылган вариантынын тексттеринин окшоштугу.
3. Эксперттик корутундуларга, ошондой эле котормолордун тексттерине тиешелүү кызматтын жетекчиси кол коет.
50-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо
1. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, жооптуу комитет мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.
Конституциялык соттун чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин жооптуу комитети тарабынан Министрлер Кабинетине, Жогорку сотко жана Башкы прокурорго жөнөтүлөт. Мыйзам долбоору боюнча корутунду Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
2. Өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, депутаттар, Министрлер Кабинети, Жогорку сот жана Башкы прокурор, Элдик Курултай, жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жана сунуштарды ал Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке жиберүүгө укуктуу.
3. Эксперттик кызматтар корутундуну мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен жооптуу комитетке жөнөтөт.
4. Мыйзам долбоору жооптуу комитеттин жыйналышына анын демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл тарабынан сунушталат.
5. Мыйзамдардын альтернативдүү долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир эле учурда карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуштайт.
6. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду кабыл алат, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
1) мыйзам долбоорунун концепциясы;
2) мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги;
3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы;
4) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар;
5) ушул Регламенттин 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар;
6) эгерде көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар бар болсо, алар;
7) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар;
8) фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин жана депутаттардын сунуштары;
9) комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири бар болсо, ал;
10) Жогорку Кеңеш ушул Регламенттин 54-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чечимди кабыл алышы жөнүндө сунуштамалар.
7. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун алдын-ала кароонун натыйжалары боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
1) комитеттин корутундусун;
2) эксперттик кызматтардын корутундуларын;
3) эгерде мыйзам долбооруна салыштырма таблица бар болсо, аны;
4) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;
5) мыйзам долбоорлорун бириктирүү тууралуу чечим кабыл алууда - бириктирилген мыйзам долбоорун.
8. Жооптуу комитеттин жыйналышынын корутундусуна жана протоколуна төрагалык кылуучу 5 күндөн кечиктирбестен кол коет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу ушул Регламенттин 54-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө, мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү алардын негиздемеси, салыштырма таблицасы менен бир эле учурда жооптуу комитетке жана эксперттик кызматтарга жөнөтөт.
Мында мыйзам долбоорунун концепциясынын алкагынан чыккан түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
2. Эксперттик кызматтар келип түшкөн түзөтүүлөргө корутундуну жооптуу комитетке жана түзөтүүлөрдүн демилгечисине биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт.
3. Жооптуу комитет төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык демилгечилерден экинчи окууга карата келип түшкөн түзөтүүлөрдү;
2) эксперттик кызматтардын корутундуларын;
3) башка тармактык комитеттердин корутундуларын.
4. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү кароо биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
5. Жооптуу комитеттин жыйналышына түзөтүүлөрдүн демилгечилери, мыйзам долбоорунун демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл чакырылат, алар аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө алдын ала кабарландырылат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын өкүлү жок болгон учурда комитет аны кароону башка убакытка калтырууга укуктуу. Түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин жоктугу мыйзам долбоорун кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
6. Жооптуу комитет келип түшкөн түзөтүүлөрдү карайт жана аларды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган түзөтүүлөр экинчи окууга даярдалууга тийиш болгон мыйзам долбооруна киргизилет.
Алар боюнча комитет бир чечимге келбеген түзөтүүлөрдү комитет алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизиши мүмкүн.
7. Жооптуу комитет экинчи окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт:
1) Жогорку Кеңеш кабыл алышына сунушталуучу түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстин;
2) түзөтүүлөрдүн салыштырма таблицасын;
3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;
4) келип түшкөн түзөтүүлөр боюнча эксперттик кызматтын корутундусун;
5) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча жыйынтык маалыматты.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
52-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоо
1. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексттерин даярдайт.
Мыйзам долбоорунун текстин даярдоодо тексттин ар түрдүү элементтеринин лексикалык бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу, грамматикалык каталарды табуу жана жоюу, стилистикалык мүнөздөгү кемчиликтерди оңдоо, ошондой эле мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерин жана ченемдик укуктук актыларды баяндоонун расмий-иш стилинин ченемдерин сактоо максатында редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.
2. Жооптуу комитет үчүнчү окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт:
1) мыйзам долбоорунун биротоло толук тексттерин жана мыйзам долбоорлорунун тиркелген пакетин;
2) киргизилген түзөтүүлөрү бар таблицаны;
3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.
(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-глава. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлорун кароо
53-берене. Мыйзам долбоорлорун кароого жалпы талаптар
1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жооптуу комитеттер аларды карагандан кийин кабыл алат.
2. Жооптуу комитет Жогорку Кеңештин кароосуна даярдаган мыйзам долбоору жана материалдар Төрагага жөнөтүлөт.
3. Мыйзамдардын долбоорлору үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана кабыл алынат.
4. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат.
5. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети расмий корутундуну бергенден жана каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
6. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.
7. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо ар айлык иш планына ылайык жүргүзүлөт.
8. Мыйзам долбоору коштоочу документтери менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.
9. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча ар бир окуудан кийин ал боюнча добуш берүүнү өткөрөт.
10. Ушул берененин 13-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумуш күндөн кем болушу жана 30 жумуш күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.
11. Жооптуу комитет ушул берененин 10-бөлүгүндө каралган мөөнөттү бир гана жолу бир айга узарта алат.
12. Ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр сакталбаган учурда жооптуу комитет мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө корутундуну Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышына киргизет.
13. Көпчүлүк фракциялардын, депутаттык топтордун, ушул бөлүктүн 9-пунктунда каралган учурду кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга укуктуу:
1) мыйзам ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүү;
2) колдонуудагы мыйзамды жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү;
3) мыйзамдын айрым беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүү;
4) редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү;
5) мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин ортосундагы төп келбестиктерди жоюу;
6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароо;
7) конституциялык мыйзамдардын жана Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун кароо;
8) мыйзамдын же анын айрым жоболорунун расмий чечмелөөсүн берүү;
9) социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча, өзгөчө абалды, шашылыш кырдаалды киргизүүгө жана (же) арылуу мүмкүн болбогон күчтүн жагдайларына байланыштуу укук тартибинин жана коопсуздуктун маселелери боюнча мыйзамдардын долбоорлорун кароо.
14. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган, макулдашуу тобу даярдаган мыйзам ушул Регламенттин 76-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайрадан каралууга тийиш.
15. Мыйзам долбоору четке кагылганда Жогорку Кеңеш четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес аны кайрадан кароого кайрылышы мүмкүн.
16. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун дайындалган расмий өкүл ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунуштайт.
17. Мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткан учурда мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектинин расмий өкүлү - негизги баяндамачы, экинчи окууда тең баяндамачы болуп саналат.
18. Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан конституциялык мыйзамдардын жана мыйзамдардын долбоорлору Конституциялык соттун чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.
19. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамдар жана кодекстер Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо
1. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо концепциясы, максаттары жана милдеттери, түзүмү, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу, ошондой эле Конституциянын жоболоруна шайкештиги талкууланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун бардык беренелерин ырааттуу талкуулоо (беренелер боюнча талкуулоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Мыйзам долбоорун кароо демилгечинин борбордук трибунадагы баяндамасынан башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.
3. Биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
4. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) жооптуу комитетке аны экинчи окууга даярдоону тапшыруу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу;
2) мыйзам долбоорун четке кагуу.
5. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунда мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал 10 жумуш күндөн ашышы мүмкүн эмес.
6. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун кийинки этаптарында жоопкерчиликти жооптуу комитет тартат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
55-берене. Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо
1. Биринчи окуунун жүрүшүндөгү талкуунун убагында түзөтүүлөрдүн демилгечилеринен жооптуу комитетке келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар боюнча мыйзам долбоорунун беренелери экинчи окууда каралат.
2. Мыйзам долбоорунун экинчи окуусу келип түшкөн түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары жөнүндө жооптуу комитеттин төрагасынын баяндамасынан башталат.
3. Төрагалык кылуучу жооптуу комитет тарабынан сунушталган түзөтүүлөр боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун, депутаттардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн жана жыйналышка чакырылган адамдардын каршы пикирлеринин бар-жогун айкындайт.
4. Жооптуу комитеттин сунуштамаларына каршы пикирлер болбогон учурда төрагалык кылуучу жооптуу комитет сунуштаган мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жалпы жонунан кабыл алуу жөнүндө маселени добушка коет.
5. Жооптуу комитет тарабынан сунушталган кандайдыр бир түзөтүүлөргө каршы пикирлер болгон учурда төрагалык кылуучу адегенде каршы пикирлер болбогон түзөтүүлөрдү добушка коет, андан кийин каршы пикирлер болгон ар бир түзөтүү боюнча жарыш сөз ачат.
6. Тиешелүү түзөтүү боюнча жарыш сөздөр токтотулгандан кийин төрагалык кылуучу адегенде жооптуу комитеттин сунуштамасын добушка коет. Жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынган учурда талкууланып жаткан беренеге карата демилгечинин түзөтүүсү боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Эгерде жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынбаса, демилгечилердин түзөтүүлөрү түзөтүүлөрдүн таблицасында көрсөтүлгөн тартипте добушка коюлат. Талкууланып жаткан беренеге карата кандайдыр бир түзөтүүлөр кабыл алынган учурда калган түзөтүүлөр боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Жооптуу комитеттин сунуштамалары да, демилгечинин түзөтүүлөрү да четке кагылган учурда мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынган редакциясы сакталат.
7. Мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө ага карата жазуу жүзүндөгү жаңы түзөтүүлөр келип түшкөн учурда, аларды иликтөө жана мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн мыйзам долбоору жооптуу комитетке бир жолу кайра кайтарылат. Бул чечим Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алууну талап кылбайт. Мындай учурда Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо экинчи окуунун жол-жобосу боюнча кайрадан жүргүзүлөт.
8. Мыйзам долбооруна карата бардык түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары боюнча төрагалык кылуучу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө маселени добушка коет.
9. Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууга даярдоо үчүн жооптуу комитетке жөнөтүлөт.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо
1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө жооптуу комитеттин төрагасынын баяндамасынан башталат.
2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
3. Үчүнчү окууда бүтүндөй алганда мыйзам долбоорун же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.
4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен тексти редакциялык оңдоону жүргүзөт.
5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүүнү өткөрөт.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57-берене. Экинчи окуунун жол-жобосуна кайрылып келүү
1. Мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталар табылганда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жана экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү чечимин бир жолудан ашык эмес кабыл алууга укуктуу.
2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө негизделген сунушу менен жооптуу комитетке кайрылууга укуктуу.
Жооптуу комитет экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коет.
3. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтом ушул мыйзам долбоору боюнча мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.
4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлөт, ал 7 күндүн ичинде маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет жана андан соң экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.
Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурда кабыл алган корутундусу жокко чыгарылбайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.
58-берене. Кабыл алынган мыйзамдын биротоло текстин даярдоо
1. Мыйзам долбоору каралгандан жана үч окууда кабыл алынгандан кийин мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.
2. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын тексти оңдолууга тийиш эмес.
3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло текстин даярдоо процессинде карама-каршылыктар жана чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктарына кирбеген башка маселелер табылса, алар боюнча чечимди жооптуу комитет өзүнүн корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде кабыл алат.
4. Аппараттын ченемдик укуктук актыларды чыгаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын биротоло текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:
1) жооптуу комитеттин төрагасы;
2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;
3) юридикалык кызматтын жетекчиси;
4) котормо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси.
5. Мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин аны кароого кайра кайтарууга жол берилбейт.
6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексти кол коюу жана жарыялоо үчүн 14 жумуш күндүн ичинде кагаз же электрондук түрдө Президентке жөнөтүлөт.
(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава. Президент каршы пикирлери менен кайтарып берген мыйзамдарды кароо
59-берене. Президент кайтарып берген мыйзамдарды кароо
1. Президенттин каршы пикирлери бар мыйзамды алган күндөн тартып Төрага 2 жумуш күндөн кечиктирбестен каршы пикирди жооптуу комитетке, фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттарга, эксперттик кызматтарга жөнөтөт.
2. Эксперттик кызматтар Президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген мыйзамга корутундуларды 5 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарат.
3. Жооптуу комитет Президенттин каршы пикирлерин, фракциялардын, депутаттык топтордун сунуштарын, эксперттик кызматтардын корутундуларын иликтегенден кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) Президенттин каршы пикирлерине макул болуу;
2) Президенттин каршы пикирлерине макул болбоо жана мыйзамды мурда кабыл алынган редакциясында жактыруу (ветону жеңип өтүү);
3) мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү.
4. Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирлерине макул болуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда жооптуу комитетке Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын текстин жеткире иштеп чыгууну жана Президентке кол коюуга жөнөтүүнү тапшырат.
Эгерде Жогорку Кеңеш бүтүндөй алганда мыйзамды кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө Президенттин каршы пикирине макул болсо, мыйзам четке кагылды деп эсептелет.
5. Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды мурда кабыл алынган редакциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кайрадан жактырса, мыйзам Президентке кол коюуга жөнөтүлөт.
6. Мурда кабыл алынган редакцияда жактырылган мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде Президент ага кол коюуга тийиш.
7. Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын макулдашылган вариантын даярдоо үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8. Эгерде Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирин кароонун натыйжалары боюнча ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чечимдердин бирин кабыл албаса, мыйзам четке кагылды деп эсептелет.
9. Жогорку Кеңеш Президенттин төмөнкү мыйзамга келип түшкөн каршы пикирлерин кароосуз калтыруу чечимин кабыл алат:
1) негизги мыйзамды өзгөртүүгө багытталган, кийин Жогорку Кеңеш тарабынан күчүн жоготту деп табылган;
2) анын мазмуну күчүнө кирген башка мыйзамда камтылган.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мыйзамдар чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндөн кийин четке кагылды деп эсептелет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши
1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.
2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана макулдашуу боюнча жооптуу комитеттин өкүлү кирет.
Эгерде демилгечи Конституциянын 79-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ыйгарым укуктары токтотулган депутат болуп саналса, макулдашуу тобунун курамына жооптуу комитеттин кошумча өкүлү кирет.
3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү "бир тарап - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болууга тийиш.
4. Мыйзамдын макулдашылган вариантына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюлганга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен тең төрагасы аларды ушул Регламенттин 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн эксперттик кызматтарга жөнөтөт.
5. Макулдашуу тобу аны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда макулдук болбогон учурда жооптуу комитет четке кагуу жөнүндө сунуштама менен мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.
7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкүнүн варианты боюнча чечим кабыл алат:
1) конституциялык мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен;
2) мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен.
10-глава. Мыйзамдарды расмий чечмелөө
61-берене. Мыйзамдарды расмий чечмелөө
1. Конституцияны кошпогондо, Жогорку Кеңеш конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге, мыйзамдарга же алардын түзүмдүк элементтерине расмий чечмелөөнү берет.
Расмий чечмелөө мыйзамды кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Мыйзамды расмий чечмелөө мыйзамдын өзүнө, колдонуудагы башка мыйзамдарга карама-каршы келүүгө тийиш эмес жана жаңы укук мамилелерин түзүүгө тийиш эмес.
3. Расмий чечмелөө процессинде мыйзамдардын долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык чечмеленүүгө тийиш.
4. Конституциялык мыйзамдардын, кодекстердин, мыйзамдардын же алардын түзүмдүк элементтеринин расмий чечмелөөсүн берүү жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын сунуштары киргизилгенде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери аларды кабыл алат же четке кагат.
5. Расмий чечмелөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда комитет мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзөт, анын курамына демилгени колдогон комитеттин мүчөлөрү, ошондой эле башка таламдаш жактар кирет. Мыйзам долбоорунун, демилгечилери болуп депутаттар - жумушчу топтун мүчөлөрү же башка депутаттар саналат.
6. Расмий чечмелөө жөнүндө сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча жооптуу комитет кайрылуунун ээсине жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн жооп жөнөтөт.
62-берене. Мыйзамдарды расмий чечмелөө тартиби
1. Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды же алардын түзүмдүк элементтерин расмий чечмелөө жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун жалпы тартибинин жол-жобосу боюнча кабыл алат.
2. Мыйзамды же анын түзүмдүк элементтерин расмий чечмелөө жөнүндө мыйзам долбоору тиешелүү комитетте алдын ала каралгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
IV БӨЛҮМ.. МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУНУН АТАЙЫН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
11-глава. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү
63-берене. Жогорку Кеңеш Конституцияны кабыл алуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышы, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш кароосунун өзгөчөлүктөрү
1. Конституцияны кабыл алуу жөнүндө, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун демилгелөөнүн жана кабыл алуунун тартиби Конституциянын 116-беренеси менен аныкталат.
2. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жөнөтүлүүгө тийиш.
Конституциялык сот терс корутунду чыгарган учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору каралбайт.
3. Конституциянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
4. Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.
5. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам окуулардын ортосундагы 2 айлык интервал менен үчтөн кем эмес окуу жүргүзүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент кол коет.
12-глава. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу
64-берене. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу
1. Жогорку Кеңеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же кол коюуга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жөнөтүлөт.
2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:
1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;
2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;
3) келишимдин долбоорунан келип чыккан каржы милдеттенмелери бөлүгүндө тийиштүү министрликтин экспертизасын;
4) тышкы иштер маселелер карамагында болгон орган менен макулдашуу документтерин.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары сакталбаган учурда эл аралык келишимдин долбоору катталбайт.
Келип түшкөн эл аралык келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине берилгенге чейин ал лингвистикалык экспертизадан өтүүгө тийиш. Жогорку Кеңештин жооптуу комитети эл аралык келишимдин долбоорун лингвистикалык кызматтын корутундусу болгон учурда карайт.
4. Эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин сын-пикирлери болгон учурда, алар келишимдин тарабы менен жеткире иштеп чыгуу үчүн Президентке же Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
65-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо тартиби. Мамлекеттик чек араны белгилөө, өзгөртүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо
1. Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелери боюнча чечимдерди карайт жана кабыл алат.
2. Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору белгиленген тартипте Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй документтер болгондо киргизилет:
1) эл аралык келишимдин тексти;
2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу каржы-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусу;
3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалымат;
4) (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Төрага ратификациялоого же денонсациялоого келип түшкөн эл аралык келишимдин мазмунуна таянып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоо боюнча жооптуу комитетти аныктайт.
4. Тармактык комитет жооптуу комитетке эл аралык келишим боюнча корутунду даярдоодо анын компетенциясына ылайык көмөк көрсөтөт.
Жооптуу комитет эл аралык келишимди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча жумушчу топту түзө алат.
5. Жооптуу комитет кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө сунуштама;
2) эки тараптуу эл аралык келишимдерди кошпогондо, ратификациялоону же денонсациялоону эл аралык укук жол берген мүмкүн болуучу декларациялар, билдирүүлөр же эскертмелер менен коштоонун зарылдыгы жөнүндө сунуштар.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү, өзгөртүүчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
61. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишим Конституцияга шайкеш келеби деген маселеде айкын эместиктер табылган учурда, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн субъекттер конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте Конституциялык соттун корутундусун алууга кайрылууга укуктуу.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 , 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
66-берене. Айрым мыйзамдарды кароонун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү
1. Административдик-аймактык түзүлүш, аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды белгилөө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды уюштуруу, мунапыс жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин корутундусу болгондо карайт.
2. Көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан кароо жана кабыл алуу тиешелүү мыйзамдардын ченемдерине жана ушул Регламенттин III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
13-глава. Республикалык бюджетти кароо жана бекитүү
67-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, комитеттери жана депутаттар тарабынан каралышы
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин долбоору берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:
1) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын жана республикалык бюджеттин долбооруна карата Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын корутундуларын угат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен куратордук кылган багыттар боюнча республикалык бюджет боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;
3) Жогорку Кеңештин комитеттери, фракциялары жана депутаттык топтору республикалык бюджеттин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда, чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун жана комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын корутундуларын жалпылоо үчүн аларды карайт;
2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин, депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын жана депутаттарынын катышуусу менен республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйналышты өткөрөт;
4) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун, ага корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.
4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке сунуш кылынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтөт.
68-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алууга талаптар
1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин жоболоруна ылайык үч окууда толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.
2. Республикалык бюджетти жана ага өзгөртүүлөрдү бекитүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу, эгерде бул Министрлер Кабинетинин Төрагасынын корутундусу боюнча бюджеттик жөнгө салууда кыйынчылыктарга алып келе турган болсо, кийинки жыйналышка калтырылышы мүмкүн эмес.
69-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо
1. Жогорку Кеңеш биринчи окууда төмөнкүлөрдү карайт:
1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;
2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.
2. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине кароого жөнөтүлөт.
3. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жазуу жүзүндөгү сунуштарды Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине жана бир эле убакта эксперттик кызматтарына 5 күндүк мөөнөттө жөнөтөт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүү (киргизбөө) мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну берет.
5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кайрадан кароо үчүн Министрлер Кабинетине аны жеткире иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн мөөнөттү аныктайт.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
70-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй параметрлерди кабыл алат:
1) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
2) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
3) ички дүң продуктуга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);
4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;
5) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин;
6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;
7) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.
71-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо
1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.
2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан каралат жана кабыл алынат.
3. Эгерде республикалык бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген республикалык бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ал бекитилгенге чейин Министрлер Кабинети чыгымдарды ай сайын жүргүзүүгө укуктуу.
4. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда республикалык бюджет Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңеш менен Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.
711-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен коомдук талкуулоо жол-жобосу жүргүзүлүүгө жана Министрлер Кабинетинин корутундусу алынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда пакеттик түрдө каралат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорлору экинчи окууда бир мыйзам долбооруна бириктирилет, ал андан ары ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон карама-каршылыктарды жоюу же ченемдер жок болгон учурларда иштелип чыккан мыйзам долбоорлору ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
72-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо
1. Министрлер Кабинети кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Белгиленген бюджеттердин долбоорлору Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери:
1) бул бюджеттердин долбоорлоруна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын жана Эсептөө палатасынын төрагасынын корутундусун угат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;
3) Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери тиешелүү бюджеттердин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт.
3. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдарды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен үч окуу жол-жобосу боюнча карайт жана кабыл алат.
73-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджетинин долбоорун бекитүү Кыргыз Республикасында өзгөчө, аскердик абал киргизилген учурда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген өзгөчө бюджетти Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезектеги тартипте карайт.
V БӨЛҮМ.. ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
14-глава. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору
74-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору
1. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңеш күн тартибинин маселелерин кароонун жол-жоболорун колдонуу жөнүндө маселени депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу чечет.
2. Жол-жоболордун түрлөрүнүн бирин колдонуу жөнүндө чечим жыйналыштын стенограммасында чагылдырылат тийиш жана токтом менен таризделбейт.
3. Жогорку Кеңештин жыйналышында фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар тарабынан ыйгарым укук берилген депутат, комитеттин төрагасы (өкүлү), бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат жол-жобо маселеси боюнча эки жолудан ашык эмес сүйлөй алат.
75-берене. Толук жол-жобо Жыйналышта маселелерди кароонун толук жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) негизги демилгечинин баяндамасын;
2) баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;
3) жооптуу комитеттин, же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;
4) кошумча баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;
5) жарыш сөздөрдү;
6) негизги баяндамачынын жана кошумча баяндамачынын корутунду сөзүн.
76-берене. Кыскартылган жол-жобо
1. Жогорку Кеңеш төрагалык кылуучунун, фракциянын, депутаттык топтун, жооптуу комитеттин же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
2. Жыйналыштагы кыскартылган жол-жобо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) негизги демилгечинин баяндамасын;
2) жооптуу комитеттин же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;
3) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан эки суроону жана аларга жоопторду;
4) ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн;
5) добуш берүү жүйөсү боюнча ар бир фракциядан, депутаттык топтон же бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттан бирден өкүлдүн сөз сүйлөөсүн.
77-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышындагы жол-жобо маселелери
1. Жол-жобо маселелерине жыйналышты алы баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:
1) танапис, жыйналышты кийинкиге которуу, жабуу же узартуу жөнүндө;
2) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;
3) сөз сүйлөөнүн кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө;
4) кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;
5) кворумду тастыктоо жана добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;
6) талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү кийинкиге калтыруу же токтотуу жөнүндө;
7) маселени жооптуу комитеттин же убактылуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
8) сөз сүйлөө убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
9) жыйналыштын күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
10) жыйналышта маселелерди кароонун жана талкуулоонун кезектүүлүгү жөнүндө;
11) добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө;
12) маселени кароону кийинки жыйналышка которуу жөнүндө;
13) күн тартибинин маселесин талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
14) маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө;
15) суроолорго жооптор үчүн убакыттын узактыгы жөнүндө;
16) сүйлөнүүчү сөздөрдүн жана суроолордун санына чектөөнү белгилөө жөнүндө;
17) суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узартуу жөнүндө;
18) ушул Регламенттин 35-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;
19) чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
20) күн тартибинин маселеси боюнча аны талкуулабастан добуш берүүгө өтүү жөнүндө;
21) добуштарды кайра эсептөө жөнүндө;
22) жол-жобого таандык болгон башка маселелер.
2. Жогорку Кеңештин жол-жоболук маселелер боюнча чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен таризделбейт.
78-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында сөз сүйлөөнүн узактыгы
1. Төрагалык кылуучу катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго бөлүнүүчү убакыттын жалпы узактыгын белгилеши, сөз сүйлөө убактысын узартышы мүмкүн.
2. Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка сөз сүйлөөнүн узактыгы төмөнкүдөн ашууга тийиш эмес:
1) баяндама үчүн - 20 мүнөттөн;
2) кошумча баяндама үчүн - 10 мүнөттөн;
3) жарыш сөздө сүйлөө үчүн - 5 мүнөттөн;
4) "Ар кандай" жол-жободо сөз сүйлөө үчүн - 3 мүнөттөн;
5) жол-жобо маселелери боюнча, добуш берүү жүйөлөрү боюнча, талапкерлер боюнча сөз сүйлөө үчүн, билдирүүлөр, суроолор жана аларга жооп берүү, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн - 3 мүнөттөн;
6) корутунду сөз үчүн - 7 мүнөткө чейин.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 10 мүнөткө чейин убакыт берилиши мүмкүн.
3. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу сөз сүйлөөчүгө эскертет, андан соң анын сөзүн токтотууга укуктуу.
4. Регламенттин маселелерин жүргүзүүчү комитеттин төрагасы маселелерди кароонун жол-жобосунун бузулганы жана ушул Регламентте белгиленген тартипке кайрылып келүү жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте сөз сүйлөөгө укуктуу.
79-берене. Жарыш сөздөр
1. Төрагалык кылуучунун уруксаты болмоюнча Жогорку Кеңештин жыйналышында эч ким сөз сүйлөөгө укуксуз.
2. Жогорку Кеңештин жыйналышында жооптуу комитеттин, комиссиянын төрагасы (өкүлү), фракциянын лидери, депутаттык топтун жетекчиси же алар ыйгарым укук берген депутат, ошондой эле бир мандаттуу округ боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутат бир эле маселе боюнча жарыш сөздөрдө экиден ашык эмес сүйлөй алат.
3. Жарыш сөздөрдө сөз сүйлөөчү талкууланып жаткан маселенин темасын сактоого тийиш. Эгерде сөз сүйлөөчү темадан четтесе, төрагалык кылуучу эскертүү жасайт, ал эми талапты аткарбаган учурда сөздөн ажыратат.
4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунушту алып, сөзгө жазылгандардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жөнүндө депутаттарга маалымдайт, жазылгандардын кимиси чыгып сүйлөө ниетинен кайтпасын тактайт жана ушуну эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу жөнүндө маселени добушка коет.
5. Жарыш сөздүн токтотулушуна байланыштуу сөз сүйлөй албай калган фракциянын, депутаттык топтун өкүлү, депутаттар сүйлөөчү сөздөрүнүн кол коюлган тексттерин жыйналыштын стенограммасына тиркөө үчүн аларды Төрагага берүүгө укуктуу.
80-берене. Жыйналыштын күн тартибинин маселесине кайрылып келүү Четке кагылган мыйзам долбоорлорун кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышы ичинде каралып жаткан маселеге бир ирет кайрылып келүүгө жол берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылып келүү бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну билдирет. Каралган маселеге кайрылып келүү жөнүндө добуш берүү жокко чыгарылып жаткан чечим кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт. Алгачкы добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет жана Жогорку Кеңештин токтому менен таризделбейт.
15-глава. Кворум, добуш берүү жана добуштарды эсептөө
81-берене. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарын өткөрүүнүн укук ченемдүүлүгү үчүн кворум
1. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары кворум болгондо чечим кабыл алууга укуктуу, мында жыйналыш - мыйзамдуу, ал эми кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ деп эсептелет.
2. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкандыгын билдирет.
3. Депутаттарды каттоо башталгандан тартып 15 мүнөттүн ичинде кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт.
4. Эгерде танапис убагында кворумдун болушу камсыз кылынбаса, анда жыйналыш болбой калды деп эсептелет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
82-берене. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум
1. Жогорку Кеңештин чечимдери төмөнкүдөй кабыл алынат:
1) депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен;
2) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен;
3) депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен;
4) катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен (токтом кабыл алууну талап кылбаган маселени кароодо);
5) депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин добушу менен.
2. Толук конституциялык курам жок болгон учурда чечимдер ант берген депутаттардын иш жүзүндөгү курамына (депутаттардын жалпы саны) таянуу менен кабыл алынат.
3. Жогорку Кеңештин чечимдери депутаттардын жеке добуш берүүсү менен кабыл алынат.
83-берене. Добуш берүү жана анын түрлөрү
1. Жогорку Кеңеш чечимдерди добуш берүүнүн төмөнкү түрлөрүнүн негизинде кабыл алат:
1) манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүүнүн;
1-1) электрондук тутумду пайдалануу менен ачык добуш берүүнүн;
2) электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүнүн;
3) манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн;
3-1) электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн;
4) бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн.
2. Добуш берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) эгерде бир эле учурда бир нече кызмат орундарына бир нече талапкер шайланып жатса (ар бир кызмат ордуна бирден талапкер сунушталса), бирдиктүү тизме боюнча;
2) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир нече талапкер сунуш кылынса, ушул Регламенттин 89-беренесине ылайык үч турда;
3) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир талапкер сунуш кылынса, бир турда.
3. Депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.
4. Добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга эч кимдин укугу жок.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
84-берене. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү
1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күндөрүндө мыйзам долбоорун кароо аяктагандан кийин дароо өткөрүлөт.
Төрагалык кылуучу катталган депутаттардын санын жарыялайт жана мыйзам долбоорун добуш берүүгө коет.
2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун сунуш кылат.
3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жол-жобосу ушул беренеде каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.
5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү.
6. Фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү иш-чараны өткөрүү күнүнө пландаштырылып жаткан иш сапарлары же башка иш-чаралар жөнүндө фракциянын лидерине/депутаттык топтун жетекчисине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттүү.
7. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Катышып жаткан жана жок депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлоруна карата токтомдордун долбоорлорун добушка коет.
Добуш берүүдөн качууга жол берилбейт. Эгерде Конституцияда башкасы каралбаса, мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Депутаттарды каттоонун жана алардын атын атап добуш берүүнүн натыйжалары 2 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
85-берене. Мыйзам долбоорлоруна тиешеси болбогон маселелер боюнча добуш берүү
1. Жооптуу комитеттер мыйзам долбоорлоруна тийиштүү болбогон маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун беришет.
2. Мыйзам долбоорлоруна тийиштүү болбогон маселелер боюнча добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
3. Жыйналыштын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселелер боюнча добуш берүү демилгечи тарабынан тиешелүү токтомдун долбоору киргизилгенден кийин гана жүргүзүлөт.
31. Депутаттардын жазуу жүзүндө берилген сунуштары добуш берүүгө коюлат.
32. Токтомдун долбооруна карата жазуу жүзүндө сунуштар берилбеген учурда бири-бирин жокко чыгаруучу же кайталоочу сунуштарды, ошондой эле киргизилген сунуштар боюнча карама-каршылыктарды аныктоо максатында жооптуу комитет депутаттардын жыйналышта оозеки айтылган сунуштарын жана сын пикирлерин эске алуу менен токтомдун долбоорун жеткире иштеп чыгат жана анын акыркы текстин Жогорку Кеңештин жыйналышына добуш берүү үчүн киргизет.
4. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында:
1) жок депутаттардын тизмесин жарыялайт;
2) талапкерлердин же добуш берүүгө коюлуп жаткан сунуштардын саны жөнүндө билдирет, сунуштардын туюндурулушун тактайт, сунуштардын жыйынтык тексттерин жана алардын добуш берүүгө коюла турган ырааттуулугун окуп берет, добуш берүүнүн түрү жана чечим кабыл алуу үчүн кворум жөнүндө эске салат.
5. Жок депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери өчүрүлүүгө тийиш.
6. Жогорку Кеңештин жыйналышында катталган, бирок добуш берүү учурунда жок болгон депутат добуш берүү үчүн бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укуксуз.
7. Мыйзам долбооруна тийиштүү болбогон жана концептуалдык өзгөртүүлөрдү камтыбаган токтом долбоору четке кагылган учурда аны кайталап бир жолу 30 жумуш күндөн эрте эмес киргизүүгө жол берилет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
86-берене. Ачык добуш берүү
1. Жогорку Кеңештин жыйналышында ачык добуш берүү - добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен же болбосо Жогорку Кеңештин чечими боюнча электрондук тутумду пайдаланбастан өткөрүлөт.
2. Добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүүнү өткөрүүдө аларды белгилөө, жазуу камсыз кылынат.
3. Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүү төрагалык кылуучу тарабынан ар бир депутаттын эрк билдирүүсүн белгилеп, анын атын атап сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт.
87-берене. Жашыруун добуш берүү
1. Жашыруун добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун же бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт.
2. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө добуш берүүнүн натыйжалары добуш берүүнүн жалпыланган натыйжасы түрүндө чагылдырылат, мында аты аталган тизме компьютердин эсине киргизилбейт.
3. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү ар бир депутат жеке өзү бюллетенди толтурушу аркылуу жүзөгө ашырылат, ал депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын эркин билдирүүсүнүн купуялыгын камсыз кылуучу атайын кабинада толтурулат жана эсептөө комиссиясы чаптаган добуш берүү үчүн урнага салынат.
88-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши
1. Эсептөө комиссиясы:
1) бюллетендин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттардын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;
2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруу менен берет;
3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин калгандарын жок кылат;
5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;
6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыккан чыр-чатактарды жана талаштарды чечет;
7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;
8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжаларын Жогорку Кеңешке жарыя кылат.
2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.
3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында эсептөө комиссиясы тарабынан ачык жүргүзүлөт.
4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколдо чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.
Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул болбогон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин баяндайт, ал протоколго тиркелет жана жыйналышта жарыя кылынат.
5. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугу болбостон катыша алат.
89-берене. Добуш берүүнү үч турда өткөрүүнүн тартиби
1. Эгерде ушул Регламентте башкасы каралбаса, бир орунга бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же чечимдин бир нече варианты каралганда добуш берүү үч турда өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Депутаттар бир гана талапкер же чечимдин бир гана варианты үчүн же "баарына каршы" добуш бере алат. Талапкерлер бюллетендерге алфавиттик же мыйзамда аныкталган башка тартипте киргизилет.
3. Биринчи турда депутат көрсөтүлгөн бир нече талапкерлердин ичинен бири үчүн же чечимдердин бир нече варианттарынын ичинен бири үчүн же "баарына каршы" добуш берет.
4. Добуш берүүнүн экинчи туру добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыктары боюнча добуштардын зарыл санын алган талапкер шайланды же чечимдин варианты кабыл алынды деп эсептелет.
5. Эгерде экинчи турда добуш берүүгө киргизилген эки талапкер же чечимдин эки варианты добуштардын тең санын алып калса, Жогорку Кеңеш кайталап добуш берүүнү өткөрөт.
6. Эгерде экинчи турда эки талапкердин бири да же чечимдин эки вариантынын бири да добуштардын талап кылынган санын ала албай калса, добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.
7. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча депутаттардын санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды же чечимдин ошол варианты кабыл алынды деп эсептелет.
8. Эгерде бир да талапкер же чечимдин варианты добуштардын зарыл санын албай калса, жаңы талапкерлерди же чечимдин жаңы варианттарын көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.
90-берене. Электрондук тутумду пайдалануу
1. Электрондук тутум төмөнкү максаттарда пайдаланылат:
1) Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо;
2) депутаттарды сөз сүйлөөгө жазуу;
3) добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо;
4) добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты топтоо жана ыкчам берүү;
5) тизмелерди жана жыйналыштардын башка документтерин түзүү жана принтерден чыгаруу;
6) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасын кошуп алганда, Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында депутаттарды маалыматтык жактан камсыз кылуу.
2. Электрондук тутумда каттоо анын манжаларынын (манжасынын) издери же болбосо жүзүн таануу технологиясы боюнча идентификациялоонун жардамы менен депутаттын жеке өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.
91-берене. Электрондук тутумду пайдаланууну контролдоо
1. Жогорку Кеңеш бардык фракциялардын, депутаттык топтордун депутаттарынын ичинен добуш берүүдө электрондук тутумду пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруучу туруктуу жумушчу комиссияны түзөт.
2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка тоскоолдуксуз жетүү укугуна ээ.
3. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө жумушчу комиссия добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумдун оң иштешин текшерүүгө милдеттүү.
4. Жашыруун добуш берүү режиминде электрондук тутумду пайдалануунун эрежелерин сактоо жумушчу комиссия түзө турган протокол менен таризделет.
5. Жумушчу комиссия ачык добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сөз сүйлөөгө жазылуулардагы так эместиктер жана электрондук тутумдун ишиндеги башка каталар жөнүндө фракциялардын, депутаттык топтордун билдирүүлөрүнүн негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.
6. Жумушчу комиссия өз ишине электрондук тутумдар боюнча эксперттерди жана адистерди тартышы мүмкүн.
92-берене. Электрондук тутумдун маалыматтарын берүү
1. Жыйналыштагы депутаттарды каттоонун, алардын ачык добуш берүүсүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылууга тийиш.
2. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, электрондук тутумдун эсинде турган маалымат Жогорку Кеңештин архивинде сакталат.
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 164 ичинен 93. Калгандары, «93-берене» баштап «163-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 93-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколунун мазмуну
- 94-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасы
- 95-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана стенограммаларына жеткиликтүүлүк
- 96-берене. Жыйналыштын "иши"
- 97-берене. Мыйзам долбоорунун "иши"
- 98-берене. Жогорку Кеңештин актылары
- 99-берене. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү актылары
- 100-берене. Жогорку Кеңеш ар жылдык отчетторду кароосу
- 101-берене. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышын кароосу
- 102-берене. Республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду кароо жана бекитүү
- 103-берене
- 104-берене
- 105-берене. Парламенттик териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер
- 106-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүү
- 107-берене. Парламенттик териштирүүнүн мөөнөттөрү
- 108-берене. Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын иши
- 109-берене. Парламенттик суроо-талап
- 110-берене. Депутаттык суроо-талап
- 111-берене. Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмалары
- 112-берене. Мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин чечимдери бузулган учурларда комитеттер чечимдерди кабыл алышы
- 113-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары
- 114-берене. Мыйзамдарга жана Жогорку Кеңештин чечимдерине мониторинг жана баа берүү
- 115-берене. Парламенттик угуулар
- 116-берене. Парламенттик угуулар жөнүндө коомчулукка маалымдоо
- 117-берене. Парламенттик угууларга катышуу
- 118-берене. Парламенттик угууларды өткөрүү тартиби
- 119-берене. Парламенттик угуулардын сунуштамалары
- 120-берене. Согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелерин кароо
- 121-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо
- 122-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого макулдук берүү жол-жобосу
- 123-берене. Кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу
- 124-берене. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан убактылуу четтетүү
- 125-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби
- 126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү
- 127-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби
- 128-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу
- 129-берене. Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын угуу
- 130-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары
- 131-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы
- 132-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо
- 133-берене. Президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- 134-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- 135-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо
- 136-берене. Депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби
- 137-берене. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери
- 138-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби
- 139-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө токтомду күчүн жоготту деп таануу
- 140-берене. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу
- 141-берене. Депутаттык этика
- 142-берене. Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо
- 143-берене. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
- 144-берене. Парламенттер аралык кызматташтык
- 145-берене. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
- 146-берене. Парламенттер аралык уюмдардын сунуштоочу мыйзамдык актыларын кароо
- 147-берене. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар
- 148-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн формалары жана методдору
- 149-берене. Шайлоочулар менен иштөө тартиби
- 150-берене. Жогорку Кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу
- 151-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык
- 152-берене. Коомдук экспертиза
- 153-берене. Жарандык коомдун уюмдары менен иштөөдө Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуунун формалары жана методдору
- 154-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу
- 155-берене. Жогорку Кеңештин расмий сайты
- 156-берене. Жогорку Кеңештин Аппараты
- 157-берене. Аппараттын кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу
- 158-берене. Комитеттин бөлүмү
- 159-берене. Фракциялардын, депутаттык топтордун катчылыктары
- 160-берене. Жогорку Кеңешти жана анын органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу
- 161-берене. Жогорку Кеңештин иш процесстерин жана жол-жоболорун санариптештирүү
- 162-берене. Жогорку Кеңештин документтерин жүгүртүү
- 163-берене
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 40 · цитата келтиргендер: 340 · байланышкандар: 33
Цитата келтиргендер (340)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилди)Регламент · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 571-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы №463-VII токтому менен…Постановление · 20.10.2022 · № 571-VII
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 137
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 212
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-февралындагы №49 ("Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Распоряжение · 01.02.2023 · № 49
- Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку…Положение · 19.06.2024 · № 2215-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 11-т (2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 16.01.2023 · № 11-р
- КР Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 "Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын…Указ · 13.10.2025 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 322-т (2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен…Распоряжение · 07.06.2024 · № 322-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1040-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.03.2023 · № 1040-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 272-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Распоряжение · 21.04.2026 · № 272-т
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1439-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу…Постановление · 21.09.2023 · № 1439-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 18-майындагы №243 ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 18.05.2023 · № 243
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2022 · № 18-VII
- "2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы №…Программа · 03.03.2023 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 383 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан…Распоряжение · 08.08.2023 · № 383
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22 майындагы № 2079-VII "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.05.2024 · № 2079-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-янваындагы № 17-VII " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө"Постановление · 13.01.2022 · № 17-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 325-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 19.03.2026 · № 325-VIII
340 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (40)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 133
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2020 · № 33
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 19.04.2023 · № 92
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 105
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.08.2019 · № 115
- Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 27.07.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 18.02.2014 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 149
- 2015-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик жааттагы кызматташтык жөнүндө…Закон · 15.04.2016 · № 42
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 15.04.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 13.12.2013 · № 220
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 05.01.2016 · № 2
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз…Закон · 20.07.2017 · № 137
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 14.07.2015 · № 163
- Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө"…Закон · 09.01.2024 · № 2
- Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 20.05.2015 · № 106
40 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (33)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 1723-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 21-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 21.12.2023 · № 1723-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 773-VII "2022-жылдын 22-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 22.12.2022 · № 773-
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 961-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 15.02.2023 · № 961-VII
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндөЗакон · 17.06.2017 · № 107
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1795-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 10.01.2024 · № 1795-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 16.03.2023 · № 1034-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 477-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 15.05.2026 · № 477-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 840-т (2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 25.12.2024 · № 840-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы №569-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Чойбековду Транспорт, коммуникациялар…Постановление · 20.10.2022 · № 569-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 122-т (2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 27.02.2026 · № 122-т
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 567-VIII «Ж.С. Жоробаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат…Постановление · 11.06.2026 · № 567-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябры № 696-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 09.09.2026 · № 696-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 468-VIII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин…Постановление · 30.04.2026 · № 468-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 1535-VII "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту…Постановление · 25.10.2023 · № 1535-VII
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.05.2015 · № 109
- КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1999-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 17.04.2024 · № 1999-VII
33 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.