106-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүү
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 19-глава
1. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия конкреттүү фактыны же жагдайды териштирүү же иликтөө үчүн түзүлөт. Убактылуу комиссиянын иши анын ишинин натыйжалары угузулгандан кийин токтотулат, анын жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.
2. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия ушул Регламенттин 31-беренесинде каралган тартипте түзүлөт.
Убактылуу комиссия иштеп жаткан мезгилде Жогорку Кеңеш отчет берүүнүн мөөнөттөрүн аныктоого укуктуу.
3. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүшүнө чейин 4 айдан ашпаган убакыт калса, парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.
4. Бир эле маселе боюнча эки жана андан көп комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.
5. Парламенттик териштирүүнүн натыйжалары боюнча комиссиянын же болбосо анын айрым мүчөсүнүн альтернативдүү отчетун киргизүүгө жол берилбейт. Убактылуу комиссиянын мүчөсү жазуу жүзүндөгү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал комиссиянын корутундусуна тиркелет, протоколдо чагылдырылат.
6. Жогорку Кеңеш фракциялардын, депутаттык топтордун же депутаттардын демилгеси боюнча фракциялардын же депутаттык топтордун чечиминин же депутаттардын кайрылуусунун негизинде парламенттик териштирүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
106-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-106" title="106-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>